Кытай коопсуздук боюнча жогорку даражалуу өкүлүн Орусияга жиберди

Сүрөттүн булагы, gatty
Орусия Украинадагы согушка туруктуу колдоо издеп жаткан кезде Кытайдын жогорку даражалуу дипломаты Ваң Йи бул өлкөгө сапар алды.
Согушту токтотуу боюнча кандай гана аракет болбосун ал Москванын кызыкчылыгын эске алышы керек, деп Ванг мырза менен анын орусиялык кесиптеши Сергей Лавров жолугушуудан кийин айтышкан.
Москванын жакын өнөктөшү болгон Бээжин согуш учурунда Орусияны кыйыр түрдө колдогон деп айыпталып, андай айыптоолорду четке кагып келет.
Орус маалымат каражаттары Ваң мырзанын Москвага келиши президент Путиндин жакында Кытайга болчу сапарына жол ачарын айтышууда.
Бул иш сапары Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолуккандан кийин, алар курал-жарак боюнча келишим түзүшү мүмкүн деген кооптонуулардын тушунда болду.
Кытайдын тышкы иштер министрлиги Ванг мырза "стратегиялык коопсуздук боюнча консультациялар" үчүн төрт күн Орусияда болорун билдирди.
Дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Ваң Йи Лавров менен Украинадагы согушту талкуулаганын жана кризисти Орусиянын кызыкчылыктарын жана анын катышуусун эске албастан жөнгө салуу натыйжа бербестигин белгилегенин билдирди.
Кытай Украина боюнча өзүнүн тынчтык планын иштеп чыкты. Бул планды Ван мырза ушул жылдын башында Москвага барып Путин менен жолукканда, активдүү дипломатиялык аракеттердин тушунда жарыялаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кытай Украинадагы согуштун токтошун каалайт, анткени ал Европа менен мамилесин оңдоп алгысы келет. Ошол эле учурда ал Орусияга жан тарткандыктан, "согушка ким күнөөлүү деген маселени Европа менен болгон мамилесинен бөлөк карагысы келет", деп белгиледи Рорри Дэниэлс, Азия коомунун саясат институтунун башкаруучу директору.
АКШ Кытайды согуш башталгандан бери Орусияга экономикалык жактан жардам берип, негизги технологиялар менен камсыздап жатат деп айыптап келет.
Июль айында жарыяланган АКШнын чалгындоо кызматынын отчетунда Бээжин "Орусияга экономикалык колдоо көрсөтүп, батыштын санкцияларынын жана экспорттук көзөмөлүнүн таасирин азайтып жатат" деп айтылат.
Анда Кытай Россиянын энергетика тармагынан сатып алууларын көбөйткөнү, Орусия менен болгон операцияларда рублди колдонууну күчөткөнү, жана Украинада колдонуу үчүн жарандык да, аскердик да максатта иштетсе боло турган кош багыттагы технологиянын "ыктымалдуу" жеткирилиши мисал келтирилген.
Кытай мындай айыптоолорду ырааттуу четке кагып, согушка карата объективдүү позициясын карманып келет.
Ушул айдын башында Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугарын билдирген, бирок качан экени айтылган эмес.
Айрым серепчилер ал келерки айда боло турган “Бир алкак, бир жол” форумуна катышат деп эсептешет.
Март айында Украинадагы согуш кылмыштары үчүн Эл аралык кылмыш соту аны камакка алууга ордер бергенден бери ал чет өлкөгө чыга элек. Путин акыркы жолу 2022-жылы декабрда Беларус жана Кыргызстанга иш сапары менен барган.
"Путинди Кытайга чакыруу Орусияга колдоо көрсөтүүнүн бир жолу, бирок андай колдоо аркылуу Кытай европалыктар менен мамилесин начарлатып алгысы келбейт. Андыктан бул жолугушуу Орусияны сүйлөшүүгө көндүрүүнүн мыйзамдуу аракети катары каралышы керек," - деди Дэниэлс айым.

Сүрөттүн булагы, EPA
Ванг Йинин сапары Ким Чен Ындын Орусияга болгон өтө талаштуу сапары аяктаган учурга туш келди.
Дүйшөмбү күнү ал Россияда жасалган мылтык, космонавттын мээлейи, ок өтпөс соот кемсел, тумак жана аскердик дрондор сыяктуу белектерди алып үйүнө бараткан.
АКШ Ким Чен Ындын сапары Түндүк Кореянын Орусияга курал-жарак сатуу маселесин талкуулоо үчүн болгон деп билдирген. Москва курал-жарак жана ок-дарылардын тартыштыгына дуушар болот деп болжолдонууда.
Орусия менен Түндүк Корея “аскердик кызматташтык” жана Пхеньяндын спутник программасы боюнча жардам тууралуу сүйлөшкөнүн айтышты.
Ким мырзанын өткөн жумадагы сапары тууралуу суроого Кытайдын тышкы иштер министрлиги "эки өлкө ортосундагы маселе" деген сөз менен гана чектелди.

Сүрөттүн булагы, REUTERS
Бирок кээ бир талдоочулар Түндүк Корея менен Россиянын бирин - бири колдоосу Кытайдын тымызын макулдугу менен болуп жатат деп эсептешет. Анткени Бээжин бул эки өлкө менен тең тыгыз байланышта.
Ал мамилелер социалисттик идеологиядан жана алардагы АКШ менен Батышка болгон жалпы ишенбөөчүлүктөн да өзгөчө турат. Бээжин узак убакыттан бери соода мамилелери аркылуу Пхеньяндын экономикалык куткаруучусу болуп келген. Ал эми өткөн жылдан баштап орус мунайы менен газын ыкчам сатып алуу аркылуу Москва үчүн да ошондой ролду ойной баштады.
"Орусия менен Түндүк Кореянын ортосунда болуп жаткан окуялар тууралуу Кытай сөзсүз түрдө кабардар ... Мен алар Бээжиндин макулдугусуз аскерий кызматташууга барбайт деп ойлойм", - дейт Австралиядагы Нью Саут Уэльс университетинин Кытай-Орусия мамилелери боюнча эксперти Александр Королев.
Кытай атүгүл Түндүк Кореяны Украинадагы согушта Орусияга жардам берүүдө ишенимдүү ортомчу катары көрүшү ыктымал, деп кошумчалады ал.
"Кытайдын Түндүк Кореяга Орусия менен аскердик кызматташууга макулдук берүүсү – өз репутациясына дээрлик доо кетирбей туруп Орусияга жардам көрсөтүүнүн бир жолу. Кытай мындай аракет менен Түндүк Кореянын режиминин (анын иш-аракеттеринин) ага эч кандай тиешеси жок деп билдириши мүмкүн. Бул акылдуу кадам болмок.” – деди ал.
Вангдын Орусияга сапары Мальтада АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен жолуккандан бир күн өткөн соң башталды. АКШ менен Кытайдын билдирүүсүнө караганда, алар АКШ-Кытай мамилесинен тышкары аймактык коопсуздук жана Украинадагы согушту да талкуулашкан.
АКШ Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы кызматташтыкты токтотуу масатында Кытайга кысым көрсөткүсү келип жатканы менен, Бээжиндин андай кылуусу күмөн, деди Королев.
"Эгер Кытай америкалыктардын эрежесине ылайык ойногусу келсе, аларда согушту токтотууга бир жылдан ашык убакыт бар болчу” бирок Кытай токтоткон жок, деди ал. (DO)
































