Афганистан: Талибдер 3 аймактын борборун алды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Талибан Афганистандын үч аймактын борборун каратып алды. Аймактарда Талибандын чабуулдары уланууда.
Жекшемби күнү алар өлкөнүн түндүгүндөгү негизги шаар болгон Кундуз менен кошо Сар-е-Пул жана Талоканды колго алды.
Өткөн жумадан бери аймактагы беш борбор согушкерлердин колуна өткөн. Алардын ичинен Кундуз ушул жылдагы эң чоң олжо болуп калды.
Талибандын айтымында, мамлекет менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу болгон эмес.
Жекшемби күнү Ал-Жазира телеканалында сүйлөгөн Талибандын өкүлү АКШ Афганистанга мындан ары кол салбашы керек деп эскертти.
АКШ менен башка эл аралык күчтөр өз аскерлерин Афганистандан чыгарып кете баштагандан кийин өлкө боюнча зордук-зомбулуктар күчөп кеткен. Эл аралык күчтөр ооган жеринде аскердик иш-аракеттерди 20 жылдай жүргүзүшкөн эле.

Талиб согушкерлери соңку апталарда ыкчам аракеттерге өтүшкөн. Элет жерлеринин көбүн колго алган соң, алар башкы шаарчалар менен чоң шаарларды көзөмөлүнө алып жатышат.
Түндүктөгү үч шаар жекшемби күнү Талибдердин көзөмөлүнө бир нече сааттын ичинде өтүп кетти. Кундуздун бир тургуну кырдаалды “толук башаламандык” болууда деп сүрөттөдү.
Ал ортодо ооган бийлиги негизги базаларды кайтарып алуу үчүн аскердик күчтөр согушуп жатканын айтты.
Өлкө батышындагы Герат жергесинде жана түштүктөгү Кандагар менен Лашкар Гахта да оор салгылаш орун алганы кабарланды.

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Быйыл миңдеген жайкын тургундар турак-жайларын таштап кетүүгө мажбур болгон. Жаш балдары менен үй-бүлөлөр түндүк-чыгыштагы Асадабад шаарындагы мектепте баш калкалап калышкан.
“Биздин айылыбызга көп бомба түштү. Талибан келип, бүт баарын талкалады. Биз алсыз болуп, үйлөрүбүздү таштап кетүүгө аргасыз болдук. Балдарыбыз менен жерде, өтө начар шарттарда уктап жатабыз”, — деген Гүл Нааз AFP агенттигине.
“Атышуу жүрүп жаткан, жети жаштагы кыздарымдын бири ошол маалда кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ал тирүүбү же жокпу биле албай жатам”, — деген үйүн таштап кеткендердин дагы бири.
АКШ Талибанга каршы абадан сокку уруусун күчөтүп, ооган аскер расмийлеринин айтымында, согушкерлер өлтүрүлгөн. Бирок Талибдердин айтымында, алардын абадан урган соккусу Лашкар Гахтагы эки оорукана менен бир мектепке тийген. Бул айтылгандардын эч бири азырынча ырастала элек.
Афганистандагы АКШнын элчилиги Талибанды “ооган шаарларындагы жаңы катаал кол салуу” үчүн айыптап, бул топтун “өз эрежелерин күч менен таңуулоого кылган аракеттери кабыл алынбасын” билдирген.
“Алар жарандардын жыргалчылыгы менен укуктарын атайылап көз жаздымында калтырып, өлкөдөгү гуманитардык кризисти курчутууда”, — деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Эмне үчүн Кундуз маанилүү?
Талибан өз аракетин май айында баштагандан берки эң эле маанилүү олжо - Кундуз шаарын колго алуусу. 270 миңдей калк жашаган шаар өлкөнүн түндүгүндөгү минералдарга бай облустарга жол ачкан аймак катары белгилүү.
Анын жайгашкан жери да стратегиялык жактан маанилүү. Анткени, Кундуз менен башка ири шаарларды, анын ичинде Кабулду туташтырып турган кан жолдор бар. Ошондой эле бул облус Тажикстан менен чектеш жайгашкан.
Аталган чек ара ооган апийими менен героинди Борбор Азияга, андан ары Европага чыгаруу үчүн пайдаланылат. Кундузду көзөмөлдөө аймактагы маңзат ташуу жолун көзөмөлдөө дегенди билдирет.
Бул Талибан үчүн да символикалык мааниге ээ. Себеби, 2001-жылга чейин ал түндүктөгү негизги чеп болуп турган. Согушкерлер шаарды 2015-жылы колго алып, кийин кайрадан 2016-жылы дагы аракет кылып, бирок аны көпкө чейин кармап тура алышкан эмес. (EA)
































