Лавров Путиндин үч күндүк жарашуу сунушун "түз сүйлөшүүнүн башталышы" деп атады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Владимир Путиндин 8-9-май күндөрү ок атышууну токтотуу боюнча сунушу – "түз сүйлөшүулөрдүн башталышы" деп билдирди. Киев болсо эгер Москва чындап тынчтыкты кааласа анда ок атышууну дароо токтотсун деп жатат. Ак үй үч күн ок атышпоо идеясын "абсурд" деп атады.
"Путин айткан биздин сунуш бул эч кандай шартсыз түз сүйлөшүүлөрдүн башталышы",- деди Лавров. Ал бул тууралуу БРИКСке мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынтыгында сүйлөп жатып айтты.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Улуу Ата мекендик согушутун аякташынын 80 жылдыгына арналган иш чара учурунда Украинадагы согуштук аракеттерди үч күнгө токтото турууну айткан эле.
Андан соң Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Сибига, эгерде Москва чындап эле тынчтыкты кааласа анда тез арада ок атышууну токтотушу керектигин билдирген.
"Эгерде парад үчүн эле эмес, азыр же каалаган күнү эле ок атышууну 30 күнгө токтотуп коюуга мүмкүн болсо анда бул реалдуу турбайбы. Анда эмнеге 8-майды күтүп олтуруш керек?",- деп жазды ал Х сайтындагы баракчасына.
Лавров 29-апрелде бул боюнча коментарий берди. Ал Орусия узагыраак убакытка жарашуунун шарттары так сакталып жатабы дегенге "чындап мониторинг" жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк жок экендигин айтып, узагыраак убакытка жарашуу келишимине ишенбөөчүлүк менен карай турганын билдирди.
Ал ошондой эле Киев узагыраак убакытка ок атышууну токтотууну "алдын ала шарт" [түз сүйлөшүүлөр үчүн] катары карап жатканына басым жасап, бирок Москва муну, "Киев режими мындай мүмкүнчүлүктү өзүн бекемдеп алууга жана аскердик кубатын артырууга пайдаланат" деп эсептей турганын айтты.

Сүрөттүн булагы, EPA
"Парад үчүн жарашуу – тынчтык дегенди билдирбейт"
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул тууралуу айтаардан биз аз мурда эле АКШ президентинин атайын өкүлү Кит Келлог Fox News телеканалындагы эфир учурунда Путиндин үч күндүк жарашуу боюнча сунушун "абсурд" деп атаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын сөзүнө караганда, Трамптын администрациясы деңизде, кургактыкта жана инфраструктураларга кеминде 30 күн ок атууну токтотууну жактап, "андан ары узарта алабыз" деп эсептейт.
"Эгерде украиналыктар эмне менен иштөөгө даяр экенине көңул бура турган болсок, баары Орусиядан, Путинден көз каранды. Башкача айтканда бизге бир тарап макул болду, эми башка тарабы менен сүйлөшүш керек",- деген Келлог.
Украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак Келлогго ыраазычылыгын билдирип, "парад үчүн үч күндүк тыныгуу дегени – тынчтык эмес" деген сөзүн кайталады. Бирок Лавровдун айткандарына комментарий берген жок.
Украинанын президенти Володимир Зеленский дагы узагыраак мөөнөттөгү жарашууну талап кылды. "Тез арада, эч кандай шартсыз, толугу менен эң аз дегенде 30 күнгө ак атышуу токтотулсун",- деп билдирди Зеленский.
Соңку бир нече аптадан бери Трамп жана анын администрациясынын кызматкерлери эгерде жакын арада сүйлөшүү процессинде сезилээрлик жылыш болбой турган болсо анда АКШ бул жараяндан чыга турганын ачык айтып, бир нече жолу коркутушту.
Жакында эле АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык келишимине тез арада кол коюлушу керектигин, болбосо Вашингтон сүйлөшүү жараянынан чыгарын билдирген. Ал АКШ бул маселе боюнча чечим бир апта ичинде кабыл алына турганын айткан. Ошол эле учурда Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров тынчтык келишими үчүн кайрадан шарт коюп, шаштыруу сүйлөшүүлөргө тоскоолдук гана жаратарын билдирген болчу.
































