Орус аскери Авдеевканы алды. Бул жерде эмне маанилүү?

Published

Украин аскери Донецк областындагы Авдеевканы таштап чыгып кетти. Орустар украин аскеринин бир бөлүгүн курчоого алып, аларды камсыздаган чоң трассаны кесип салганга жетишти. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Авдеевканын толук каратылганын президент Путинге расмий кабарлады.

Авдеевка

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Авдеевканын айланасында түзүлгөн оперативдүү кырдаалды карап, курчоодо калбаш үчүн жана аскер кызматчыларынын өмүрү менен ден соолугун сакташ үчүн биздин аскер бөлүктөрүнө шаардан чыгып, ыңгайлуу чектерден коргонууга өтүүгө буйрук бердим”,-деп айтылат Сырскийдин Фейсбуктагы билдирүүсүндө.

«Таврия» тобунун командачысы Александр Тарнавский аскерлер шаардан чыгып, керектүү чектерден коргонууга өтүшкөнүн кабарлады.

Орусиянын армиясы Авдеевканы алууга 2022-жылдын күзүнөн бери аракет кылып келди. Масштабдуу чабуулдар 2023-жылдын күзүнөн башталды.

Орус бийлигине жакын булактар Кремл бул шаарды марттагы президенттик шайлоого чейин кандай гана болбосун каратып алууга буйрук бергенин билдирүүдө. Шайлоонун алдында кайра шайланып жаткан Путиндин Украинадагы согушунун ийгиликтерин көрсөтүү керек болууда.

Украинанын армиясы көпкө чейин коргонду, январдын аягында эксперттер аябай оор кырдаал түзүлгөнүн айтып баштаган эле.

Авдеевка – Донецкинин жанындагы чакан өнөр жайлуу шаар. Аны орусчул маанайдагы жикчилдер орус армиясынын колдоосу астында он жыл мурда - 2014-жылы жазында ээлеп алышкан эле.

Ушул жылдар бою Авдеевкага бекем коргонуу тосмолорун куруп, украин аскери кармап келди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Фронттун кесилишкен сызыгына жакын болгонуна карабай, согуш башталгандан бери шаар өнүгүп, экономикалык жактан өсүп жаткан.

2022-жылы орустар кол салганда баары өзгөрдү. Жергиликтүү завод иштебей калды, күнүгө болуп аткан бомбалоодон качып, көпчүлүк жашоочулар шаардан чыгып кетти

Орусиянын армиясы бекем коргонуу сызыгынан оңой эле өтө албай турганына көзү жеткенде, шаарды асмандан бомбалап, кургактагы аскерлердин чабуулун күчөттү.

Азыркы убакта шаардын көп бөлүгү кыйрады. Үстөкө-босток бомбалоонун натыйжасында шаарда дээрлик баардык имараттар талкаланды же олуттуу зыян тартты.

Эки тарап тең үчүн Авдеевканын орчундуу саясий жана аскердик мааниси бар. Орусия Донецк артиллериялык соккуга кабылбаш үчүн украин аскерин коопсуз аралыкка сүрүп салууга аракет көрүүдө.

Украина үчүн Авдеевка ири темир жол түйүнү, кубаттуу өнөр жай борбору, ошондой эле Донецкиге потенциалдуу туруктуу коркунуч.

Андан бир нече километр аралыктан Донецкини, Горловканы жана Луганскини байланыштырган жол өтөт. Эгер аны кесип салса, анда орус аскеринин логистикасына кыйынчылык алып келет.

Үстөкө-босток бомбалоого алына берип, Авдеевка дээрлик кыйрап бүттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үстөкө-босток бомбалоого алына берип, Авдеевка дээрлик кыйрап бүттү

10-октябрда Россиянын армиясы укранин күчтөрүн алыска сүрүп салыш үчүн Авдеевкага катуу чабуул баштады.

Киевдин баамына караганда, бул чабуулда 40 миң орус аскери катышып, Авдеевканы түндүктөн да, түштүктөн да камалап, курчоого алууга аракет кылды.

Украин бийликтери орус армиясы абдан чоң жоготууга учураганын билдирди, чабуулдун биринчи эле айында он миңдеген жоокер жер жазданды.

Украинанын Генералдык штабынын маалыматтарын көз каранды булактан ырастаганга мүмкүнчүлүк жок, бирок социалдык тармакта орус армиясынын Авдеевканын жанында жок кылынган бронетехникасынын толтура видеолору бар.

Төрт айдан бери Авдеевканын жанындагы согушта орус аскери түндүктөн жана түштүктөн бир нече километр алдыга жылды. Алар Степное жана Бердичи айылын ээлеп алып, укранин армиясынын маанилүү таянычы болгон жергиликтүү коксохимиялык заводго жакындап келишти.

Январда орусиялык аскерлер шаарга кирип келишип, көчөлөрдө согушканга өттү. Бара-бара алар украин армиясын тылдан камсыз кылган негизги жолго жакындап келди.

Орус армиясы жоготууларга карабай, Авдеевканы туш-тараптан курчоого алууга аракет кылды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус армиясы жоготууларга карабай, Авдеевканы туш-тараптан курчоого алууга аракет кылды

Февралдын башында шаардын коргоочулары үчүн аябай курч кырдаал түзүлдү, аскер баяндамачылары курчоодо калуу коркунучун айта башташты. Бирок Киев Авдеевкадан кеткенге буйрук бербей, ал жакка эң мыкты аскер бөлүктөрүн жардамга жиберди.

Аскер эксперттери эскерткендей, Бахмуттагы кырдаал кайталанып жатты. Февралдын ортосунда украин аскери үчүн коопсуз коридор болгону 4-5 километрди гана түзүп калды.

Чоң жоготууларга карабастан, Кремль бул багытта өзүнүн максатына жетти. Украин Куралдуу күчтөрүнүн 2014-жылдан бери өзгөрбөй келаткан коргонуу сызыгы сынды.

Орус армиясы үчүн эмки маанилүү бута болуп Авдеевкадан 30 км ары жактагы Селидово шаары же Селидоводон 12 км түндүк-батышта турган Покровск шаары болушу мүмкүн. (МА)

Зеленский

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Зеленский согуш оту алоолонуп турган декабрдын ортосунда Авдеевкага келип кеткен