Шайлоо-2025: Чет элде жүргөн кыргызстандыктар үчүн жүз тилке ачылат

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Кыргызстанда 30-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого карата чет жакта жүргөн жарандар үчүн 100 шайлоо тилкеси ачылат. Боршайком азырынча анын жетимиштейин ачканга үлгүрдү. Бул жолку шайлоодо сыртта жүргөн кыргызстандыктар үчүн добуш берүү кыйла жеңилдеп, жарандар шайлоого катышуу үчүн эми консулдук учетко турушу шарт эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Узарбек Жылкыбаев 2021-жылы өткөн соңку шайлоодо 56 шайлоо тилкеси ачылганын айтты:
"Бул жолу сырттагы шайлоо тилкелери эки эсеге көбөйдү. Учурда 71 тилке ачылды. Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте кайсы жерде биздин мекендештер көп болсо, ошол жерде кошумча шайлоо тилкелерин ачып жатабыз".
Шайлоо тилкелеринин көбү Орусияда ачылууда, анын саны 22. Алар Москва, Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Казань, Иркутск, Владивосток, Красноярск, Воронеж, Нижний Новгород, Калуга, Сургут, Южно-Сахалинск, Хабаровск, Краснодар, Якутскиде болот.
Түркиянын Анкара, Кайсери, Эскишехир, Анталья, Аланья, Стамбул, Бурса, Измир шаарларында ачылат.
Казакстанда Астана менен Алматы шаарында түзүлсө, АКШдагы жарандар Вашингтон, Нью-Йорк, Филадельфия, Чикаго, Сан-Францискодогу тилкелерден добуш бере алат.
Мындан тышкары Түштүк Кореяда үч, Италияда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында экиден, дагы бир катар өлкөдө бирден тилке ачылат.
Соңку парламенттик шайлоодо сырттан 8 миң 800 жаран добуш берген. Бул аз. Андыктан БШК бул жолу ашыкча бюрократиялык талаптарды жоюп жатат.
"Азыр өздүгүн тактоо боюнча кошумча талаптар жок, жарандар ачылган шайлоо тилкелерине паспорту менен барып эле добуш бере алат. Башкысы биометрикадан өткөн болушу керек", - дейт Узарбек Жылкыбаев.
Кыргызстанда жалпы 4 миллион 237 миң шайлоочу бар. Бирок алардын 1,5 миллионго жакыны сыртта мигрант экени айтылат.
БШКнын билдирүүсүнө караганда, сырттагы жарандар үчүн шайлоо округдары эмес, шайлоо тилкелери гана ачылат.
































