“Жапырт репрессиялар” тизмеси. Эмне үчүн Орусияда “чет элдик агенттер” ого бетер көбөймөкчү

"Дождь" каналынын колдоо акциясы

Сүрөттүн булагы, NATALIA KOLESNIKOVA/AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө “Тилегиңерге жетпейсиңер. Бардыгынын оозун жаба албайсыңар!” деп жазылган
Published

1-декабрдан тарта орусиялык бийликтер жарандарды “чет элдик агенттердин” тизмесине жапырт киргизе алат: эми ал "кара тизмеге" катталуу үчүн чет өлкөдөн акча алуунун да кажети жок. Бул тизмеге илинген соң, андай жаран мамлекеттик кызматка жана келишим боюнча аскердик кызматка эч кабыл алынбайт, бирок аны аскер кызматына чакырып, согушка жөнөтсө болот. Би-Би-Си "чет элдик агенттерди" аныктоонун, эсепке алуунун жана жоопкерчиликке тартуунун жаңы эрежелери жөнүндө баяндайт.

2022-жылдын 1-декабрынан тарта Орусияда “Чет элдик таасирдеги кишилердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жөнүндө” жаңы мыйзам күчүнө кирет. Мамлекеттик Дума аны июндун аягында кабыл алып, ага жана башка элүү мыйзамга, анын ичинде Кылмыш кодексине дагы эмитеден эле катаал түзөтүүлөрдү киргизген. Ал эми өкмөт болсо аларды колдонуунун катуу эрежелерин да кошту.

Буга чейин “чет элдик агент” деп таанылгандардын баарынын маалыматы эми 1-декабрдан тарта жаңы бирдиктүү тизмеге бириктирилет. Ал тизмеге жаңы киргизилчүлөр да камтылат. Ошол эле учурда Адилет министрлиги мындай кишилердин аты-жөнүн гана эмес, ошондой эле жеке маалыматтарын, – анын ичинде туулган убакытын, салык төлөөчүнүн өздүк номурун (ИНН) жана жеке кишинин өздүк камсыздандыруу эсебинин номурун (СНИЛС) да, – жарыялайт.

Мындан тышкары, “чет элдик агенттерге” тийешеси бар делген кишилердин атайын жаңы тизмеси да түзүлөт. Бул тизмеде соода-сатыктык эмес жана ЖМКга таандык делген чет элдик агенттердин кызматкерлери, ошондой эле бул бирикмелердин бардык жетекчилери жана негиздөөчүлөрү (анын ичинде мурда иштеп кеткендер) орун алмакчы.

Жаңы тизмелер Адилет министрлигинин мурда түзүлгөн бөлүмү тарабынан толукталат: тээ жаз маалында эле бийлик бул үчүн "улуттук кызыкчылыктарды тышкы таасирлерден коргоо боюнча" атайын бөлүм түзгөн болчу. Анын жетекчисин президент Владимир Путин өзү бекитет.

Тизмеге киргизүү үчүн азырынча талап кылынчу жагдай ушул болчу: болжолдуу “чет элдик агенттен” чет элдик каржылоо учурун табуу зарыл эле. Эми “чет элдик колдоо” алган же жөн эле “чет элдик таасирге” түшкөн делген киши да “агент” катары таанылмакчы. Бул, демек, абдан кеңири аңдалышы күтүлөт. Кандайдыр бир "таасирге" кабылтуу – "мажбурлоо, ынандыруу же башка жолдор менен" жүзөгө ашырылышы ыктымал деп саналмакчы.

Азыркы тапта Орусияда 348 "чет элдик агент" (жарандар жана уюмдар) бар. Би-Би-Си соңку реформанын маңызы эмнеде экендигин жана ал кандай жаңы тыюуларды жана коркунучтарды алып келиши күтүлөөрүн баяндайт.

Азыр Орусияда “чет элдик агенттерден” канчасы бар?

"Марков жана Мадаминов" укуктук фирмасынын башкаруучу өнөктөшү Сергей Марков мырза:

"Көп жылдар бою Орусия ырааттуу түрдө чет элдик агенттердин жаңы түрлөрүн ойлоп табууда, натыйжада мыйзамдардын сандык көрсөткүчү алардын сапатына, айкындыгына жана колдонууга ыңгайлуулугуна салыштырмалуу алда канча туруктуу үстөмдүк кыла баштады", – деп айтып, Орусияда бул жааттагы эрежелерди бирдей калыпка салуу зарылдыгын түшүндүрдү.

Учурда Орусияда “чет элдик агенттердин” төрт тизмеси бар.

Адилет министрлиги 62 кишини "чет элдик агенттер" катары жеке кишилердин тизмесине киргизүүгө жетишти. Алардын баары ал тизмеге "саясий ишмердүүлүгү" үчүн жана Украина менен ыктымал байланышы үчүн (бул өлкөдөн акча, мүлк же "уюштуруу жана усулдук" көмөк алганы үчүн) делип киргизилген. Ар кыл кесиптерди аркалаган дагы 147 жаран, – анын ичинде журналисттер, укук адистери, укук коргоочулар, илимпоздор, – "чет элдик агенттерден болгон ЖМКлардын" тизмесине киргизилген.

Ошентип, Орусиянын бийликтери буга чейин эле 200дөн ашуун кишини “чет элдик агент” деп эсептеп келди.

Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн арналган ошол эле тизмеде 55 юридикалык жак катталган. Эреже катары, булар ЖМКлардын "Медуза" сыяктуу юридикалык жактары болуп саналышат.

"Медузаны" колдоо акциясы

Сүрөттүн булагы, AFP

"Чет элдик агенттер" катары кабыл алынган соода-сатыктан тыш уюмдардын (СТУ) эң эски тизмесинде азыркы тапта 63 уюм калган: бул тизмеге илинген уюмдар жана кайрымдуулук корлору, негизинен, өзүн-өзү жоюунун негизинде жок болуп кетишет.

Эң соңунда катталбаган коомдук бирикмелердин “чет элдик агенттер” катары тизмеси бар. Бул тизмеде бар болгону 11 гана коомдук бирикме бар.

Талаптар жана аларды бузгандыгы үчүн жазалоо чаралары тизме түрүнө жараша өз ара айырмаланат: бул тизмелердеги эрежелер ар кандай мыйзамдарда, анын ичинде тармактык мыйзамдарда бекитилген.

Кимдер тобокелдикке кабылууда?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өзөккү жаңы жагдай – бул "чет элдик агент" сөзүнүн кеңири аныктамасынын пайда болушу. "Бул термин ушунчалык кеңири болгондуктан, мыйзам чыгаруучу чет элдик агент катары таанылбай турган кишилердин тизмесин гана жөн эле белгилеген", – деп медиа жаатындагы укук адиси Сергей Марков белгилейт.

Кол тийбестер кастасынын тизмесине мамлекеттик органдар жана аларга тийешеси бар кишилер кирет. Бул жагдай бийликтерге расмий түрдө чет өлкөдө каржыланган RT сыналгы каналы жана ТАСС агенттиги сыяктуу медиа түрлөрү "чет элдик агент" болгон ЖМК өкүлдөрү катары эмне үчүн таанылбай тургандыгы жөнүндө коомчулуктун суроосунан качууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле расмий каттоодон өткөн саясий партияларды жана диний бирикмелерди “чет элдик агент” деп таанууга мүмкүн болбой калат.

Сергей Марковдун пикири боюнча, мамлекет үчүн иштебеген же аны менен байланышы жок, бирок калайык алдында пикирин ачык айтууну улантып, "саясий ишмердүүлүк" менен алектенген, же "мамлекеттик сырды түзбөгөн, бирок, эгерде чет элдик булак тарабына жеткирилсе, мамлекеттин коопсуздугуна каршы колдонулушу ыктымал болгон маалыматтарды топтоо" менен алектенген жактардын бардыгы тең тобокелдик чөйрөсүнө туш келишмекчи.

2022-жылы таанымал өнөрпоз, композитор Андрей Макаревич "чет элдик агент" деген атка кабылды (бул сүрөттө анын "чет элдик агент" катары таанылганга чейинки мезгилде Владимир Путин менен жолугушуу учуру чагылдырылган)

Сүрөттүн булагы, ITAR-TASS/DMITRY ASTAKHOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2022-жылы таанымал өнөрпоз, композитор Андрей Макаревич "чет элдик агент" деген атка кабылды (бул сүрөттө анын "чет элдик агент" катары таанылганга чейинки мезгилде Владимир Путин менен жолугушуу учуру чагылдырылган)

Назар бурдурган дагы бир саамалык – бул “чет элдик агенттер” менен байланышы бар делген кишилердин жана жактардын тизмесинин пайда болушу. Аны Адилет министрлиги да жүргүзөт жана ага, маселен, “чет элдик агенттер” катары таанылган уюмдардын кызматкерлери дагы кирет. Азырынча мындай “чет элдик агенттер” менен байланышы бар делген жактар, – алардын кимдигинин жана өздүк маалыматынын ачык тизмеде жарыяланышынан тышкары, – дагы кандайча укуктук чектөөлөргө кабылышы ыктымалдыгын бул мыйзам алдын ала караштырган эмес. Бирок, албетте, бул жагдай азырынча убактылуу гана бүдөмүк болуп турат, деп жоромол кылууга туура келет.

Андан тышкары, эми "чет элдик агент" катары иштөөгө камынып жаткан ар бир киши, анын ичинде Орусияга келе турган чет элдик киши, өзүнө тийешелүү арызды өз алдынча тапшырууга тийиш болот.

Жаңы мыйзамга ылайык, Орусиянын Адилет министрлиги "чет элдик агентти" ар кыл "чет элдик таасирден" же мыйзамда көрсөтүлгөн ишмердиктин түрлөрүнөн баш тарткандан кийин бир жылдан кийин алиги кара тизмеден чыгара алат. Ошол эле учурда, мындай киши кара тизмеге кайра киргизилген учурда, анын "чет элдик агент" катары дайынын үч жылдан кийин гана тизмеден кайра алып салууга жетишүүгө болот.

Эгерде "чет элдик агент" менен байланышы бар делген кишилер эки жылдын ичинде бул "чет элдик агент" менен байланышы жок болгону тастыкталса, анда алар кара тизмеден чыгарылат.

Адилет министрлиги тарабынан иштелип чыккан эрежелерге ылайык, киши же жак "чет элдик агент" жөнүндөгү алиги тизмеден чыгарылган учурда, анын жеке маалыматтары бул тизмеден өчүрүлбөйт: тек гана анын бул тизмеден чыгарылгандыгы жөнүндө тийешелүү белги гана кошумчаланат.

Колдонуу боюнча көрсөтмөсү жок белгилер

Мурдагыдай эле “чет элдик агенттер” өздөрү түзгөн же таркаткан материалдарга (тексттерге, видео жана аудио тасмаларга) тийешелүү жарлык белги коюуга аргасыз болушат. 1-декабрга чейин, ал "бул кабар/билдирүү" деген сөздөр менен башталган атактуу жарлык (дисклеймер) болуп келди. Эми анын тексти бир аз өзгөртүлүп, кыскартылып, "бул кабар/билдирүү" деген сөз "ушул материал" деген текстке айланды.

Бул жарлык белгини кантип колдонуу керектиги адистерге деле, “чет элдик агенттердин” өздөрүнө деле эч түшүнүксүз.

Мисалы, аны мындан ары эптеп эле "демейдеги мазмунга" жайгаштырууга болбойт, ал эми мурда болсо "чет элдик агенттер" балдар менен чогуу тартылган сүрөттөргө деле алиги жарлык белгини чаптай салышчу. Мыйзам боюнча ал белги кандайдыр бир деңгээлде “чет элдик агенттиктин ишмердүүлүгүнө” тиешелүү болгон билдирүүлөрдү гана коштоп турушу керек. Адилет министрлиги кандай ишмердүүлүк түрүн “чет элдик агенттикке” таандык деп тааный тургандыгын эми турмуштук тажрыйба эле көрсөтмөкчү. Мисалы, мыйзамда саясий ишмердүүлүктүн аныктамасы ушунчалык кеңири болгондуктан, интернеттеги коомдук тармактардагы мышык баласынын сүрөттөрүн деле "саясий" деп таануу ажеп эмес.

"ЖМКлардын укуктарын коргоо борборунун" ("чет элдик агент" деп таанылган бейөкмөт уюм) өкүлдөрү белгилешкендей, бул жаңы эрежелерди бир катар конкреттүү кырдаалдарда кантип колдонуу керектигин аңдоого эч мүмкүн эмес.

Орусияда катталган ЖМКлар "чет элдик агенттен" шилтеме келтирип же материалдарды алып жарыялаган чагында, бул тууралуу эркин түрдөгү текст менен болсо да айкын көрсөтүүгө милдеттүү. Медиа жаатындагы укук адистеринин эскерткенине караганда, "чет элдик агентке" таандык твитти же башка коомдук тармактардагы жарыяларды андан ары таркатып жарыялаган чакта да, кишилер же жактар бул маалыматтардын "чет элдик агентке" таандык булактан алынгандыгын өзгөчө белгилеши зарыл.

Жаңы тыюулар

Жаңы эрежелер "чет элдик агенттерге" салынчу тыюулардын санын кыйла кеңейтет. Андай "агенттерге" мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда мугалим / окутуучу болуп иштөөгө болбойт. Алар, ошондой эле, жалпысынан жашы жете электерге сабак бере албайт, аларды тарбиялай албайт жана алардын арасында ар кандай маалымат тарката албайт. Демек, бул "агенттерге" таандык мазмун 18+ энтамгасы менен белгилениши керек. Ал эми алардын мазмунун камтыган китептер же компакт-дисктер сыяктуу окуу куралдары (порнографиялык өнүмдөр сыяктуу эле) алиги энтамга чапталган атайын таңгакта жайгаштырылышы керек.

"Чет элдик агенттер" шайлоо комиссияларынын добуш берүү укугуна ээ мүчөлөрү боло албайт, бийлик тарабынан түзүлгөн кеңеш берүүчү жана адистик мекемелерге катыша албайт, жемкорлукка каршы көз карандысыз иликтөөнү жүргүзө албайт жана коомдук иш-чараларды өткөрө албайт. Бул жагдай, албетте, Орусиянын Башмыйзамындагы жарандардын жыйын куруу эркиндиги жөнүндөгү 31-беренеге караманча каршы келет.

Адилет министрлигиндеги Олег Свириденко – жарандарды "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизүүгө жооптуу жетекчи. Мында ал (оң жакта) Москвадагы Элдик футбол лигасынын беттешүүсүндө кызыл көйнөкчөн ойноодо

Сүрөттүн булагы, ALEXANDER SCHERBAK/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адилет министрлигиндеги Олег Свириденко – жарандарды "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизүүгө жооптуу жетекчи. Мында ал (оң жакта) Москвадагы Элдик футбол лигасынын беттешүүсүндө кызыл көйнөкчөн ойноодо

"Чет элдик агенттерге" жарандык мамлекеттик жана муниципалдык кызматта да, Федералдык коопсуздук кызматында (ФСБ), Федералдык Жазаларды аткаруу кызматында, Ички иштер министрлигинде, прокуратурада, Тергөө комитетинде жана Федералдык Сот аткаруучулар кызматында да аткаминер катары кызмат өтөөгө жол берилбейт. "Чет элдик агенттер" тизмесине кирээр замат андайлар кызматтан бошотулат. Алар келишим боюнча аскер кызматына да кире алышпайт.

Ошондой эле аларга мамлекеттик сатып алууларга катышууга жана өндүрүштөгү аткаруучулар менен жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга да тыюу салынган.

"Чет элдик агенттин" мамлекеттик каржылык колдоо алууга укугу жок. Шарттуу түрдө мындай колдоо "энелик капиталды", ошондой эле жакыр жана көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптарга ж.б. берилчү көмөктү дагы камтыйт.

"ЖМКлардын укуктарын коргоо борборунун" жетекчиси Галина Арапованын айтымында (ал өзү дагы "чет элдик агент" деп таанылган), анын борборунун ишенимдүү мүчөлөрүнүн арасында майып жана жумушсуз макамына ээ болгон "чет элдик агент" дагы бар.

"Чет элдик агенттерди" топтоп, согушка жиберүүгө мүмкүнбү?

Марков менен Арапова "чет элдик агент" катары таанылгандарды аскерге чакырып, согушка жиберүүгө эч кандай тоскоолдук жок экенин айтышат. Демек, “чет элдик агентти” аскердик кызматка чакырууга жана тийешелүү мөөнөттөгү аскердик кызматка кабыл алууга да мүмкүн.

Марков мырзанын түшүндүргөнүнө караганда, аскерден бошотуу жаатындагы атайын негиздемелер тизмесинде "чет элдик агент" катары макамга ээ болчу кишини аскердик кызматтан бошотуу, аны аскер кызматына чакырууга жатпайт деп таануу, ага карата аскердик чакырыкты кийинки мөөнөткө создуктуруу же аны аскерге жөнөтүүдөн атайын бошотуп алып калуу мүмкүн, деген сыяктуу эч бир шарт каралган эмес.

Бирок, бул адистин айтымында, азыркы кырдаал өтө зор карама-каршылыктарга жык толгон.

"Сөз түрүндө мыйзамда аларга мамлекеттик кызматта, анын ичинде аскер кызматында да кандайдыр бир кызматтарды ээлөөгө тыюу салынган. Ар кандай аскер кызматчысы расмий түрдө кызматкер болуп саналат, анткени анын кызмат орду бар. Бирок "чет элдик агент" макамы мамлекеттик кызматта иштеген кишиге карата аны аскердик кызматтан бошотуу же бул аскер кызмат ордуна жараксыз деп таануу үчүн негиз катары киргизилген эмес", – дейт Марков мырза.

Күчөтүлгөн көзөмөл

"Чет элдик агенттердин" интернет барактары Роскомнадзор мекемесинин эрежелерин бузгандыгы боюнча соттун чечими менен бөгөттөлөт. Мисалы, атайын энтамга коюлбагандыгы же баяндаманын жоктугу мындай жазалык чарага негиз боло алат.

"Чет элдик агенттерге" салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга тыюу салынмакчы.

Аскердик жана аскердик-техникалык иш-аракеттер жаатындагы мамлекеттик сыр болуп саналбаган маалыматтарды чогултуу алар үчүн ого бетер залалдуу болмокчу. Бул үчүн аларды мурда деле “чет элдик агенттер” саналган жеке кишилердин тизмесине киргизип жүрүшчү. Бирок ушул убакка чейин андай кишилер тизмеге саясий ишмердүүлүккө байланыштуу гана делип киргизилип келген.

Эми “чет элдик агенттердин” тизмесине кишини аскердик маалыматтарды чогулткандыгы үчүн киргизүү алда канча оңой болот. Эми бул кара тизмеге чет элдик каржылоону алгандар гана эмес, “чет элдик таасирдеги” кишилер да камтыла бермекчи. Бул жобо да өтө бүдөмүк түзүлгөндүктөн, деги эле “чет элдик таасирдеги” киши деп өкмөт кимдерди аныктай тургандыгын жакынкы болочоктогу саясий тажрыыйба гана айгинелемекчи.

Ошол эле учурда ФСБ “чет элдик агент” деп таанууга негиз берчү чогултулчу маалыматтардын тизмесин алда канча кеңейтти. Дааналап айтканда, мурдагы тизмедеги 60 түрдөн тышкары, азыр буларга аскерлердин жайгаштырылышы жана кыймылы боюнча маалыматтар, ошондой эле аскерге чакыруу жүрүмү жаатындагы ар кандай маалыматтар камтылмакчы.

Илимий жана эл аралык баарлашуу, чет өлкөлүк философторду же серепчилерди изилдөө, эл аралык уюмдарга мүчө болуу, чет өлкөлүк университеттерде (анын ичинде чет тилди өз эне тили катары окутчу ЖОЖдордо) таалим алуу иш-аракеттери зыяндуу деп таанылышы ыктымал.

Мындан тышкары, "чет элдик агенттерден" жардам алчулар, анын ичинде ортомчулар аркылуу көмөк алчулар да каргашалуу тизмеге кириши мүмкүн.

“Чет элдик агенттер” тарабынан мурдараак түзүлгөн юридикалык жактар дагы даана “агент” болуп калышмакчы. Бул, мисалы, "чет элдик агенттердин" бири тарабынан мурда негизделген ортодоксалдык чиркөө да алиги тизмеге киргизилиши мүмкүн дегенди туюнтат.

Орусияда “чет элдик агенттер” үчүн жашоо кыйын жана кооптуу болуп калат

Мамлекет "чет элдик агенттерге" мындан да көп чектөөлөрдү киргизүүдө.

Жеке кишилердин жана жеке ишкерлердин салымдарын кошпогондо, алардын банктык салымдары эч камсыздандырылбай калат. Банктар "чет элдик агенттердин" жана Адилет министрлиги "чет элдик агенттик" деп боолгоп гана шектенгендердин эсептери тууралуу маалымат бере беришмекчи. Галина Арапованын айтымында, бул нормалардын баары жеке маалыматтарды, жеке жашоого тийешелүү маалыматтарды жана банктык сырды коргоого өзгөчө коркунуч келтирмекчи.

Мыйзамда “тымызын шыбыштоо нормалары” деп атоого боло тургандай эрежелер камтылган: анда мамлекеттик органдардын, партиялардын жана коомдук бирикмелердин, Коомдук палатанын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жарандардын жана уюмдардын кайсы бир кишини же кайсы бир жакты "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизүү керектиги тууралуу билдирүүлөрүн текшерүү милдети Адилет министрлигине жүктөлгөн.

"Эхо Москвы" үналгысынын мурдагы башкы редактору Алексей Венедиктов дагы "чет элдик агент" катары таанылды. Бул сүрөттө ал президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Валентин Юмашев жана анын жубайы, Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельциндин кызы Татьяна менен чогуу (сол жакта) турат

Сүрөттүн булагы, ITAR-TASS/STANISLAV KRASILNIKOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Эхо Москвы" үналгысынын мурдагы башкы редактору Алексей Венедиктов дагы "чет элдик агент" катары таанылды. Бул сүрөттө ал президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Валентин Юмашев жана анын жубайы, Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельциндин кызы Татьяна менен чогуу (сол жакта) турат

Адилет министрлиги юридикалык жактарга гана эмес, жеке жактарга да пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болмокчу. Бул мекеме беркилердин каржылык-чарбалык иши жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарынан жана банктардан соттун уруксаты жок эле маалыматты сурап жана ала алат, бирок, маселен, ыкчам издөө иш-чараларынын алкагындагы мындай иш-аракетке соттун чечими менен гана мүмкүндүк берилет эмеспи.

Жарандык жигердүү иш-аракеттен жана өлкөдөн сүрүп чыгуу

Марковдун айтымында, жаңы эрежелер топтому, бир жагынан, ыңгайлуу жана түшүнүктүү болуп калат, бирок экинчи жагынан, укуктарды чектөө жана каршы болгондорго саясий-укуктук кысым көрсөтүү үчүн жаңы мейкиндиктерди жаратып берет. Албетте, "бул макамдын ыйгарылышын мыйзамсыз деп таануу жаатында талап кылчу чет элдик агенттердин жаңы толкунун да, Адилет министрлигине каршы доо арыздардын санынын бир нече эсе көбөйүшүн да күтүүгө болот", – деп Марков эсептейт.

Арийне, Адилет министрлигине каршы күрөштө жарандардын өз укугун коргоо далаалаттары мурдагыдан бир кыйла татаалдантылмакчы. Галина Арапова жаңы эрежелер “чет элдик агенттерди” жапырт тизмеге киргизүүгө гана мүмкүндүк бербестен, эрежелерди бузгандыгы үчүн дагы жапырт жазалоолорго алып келиши ыктымал деп эскертет.

"Бул эрежелер ушунчалык бүдөмүк болгондуктан, бийликтер аларды киргизүү менен бир эле учурда бул жааттагы мыйзам бузууларды далилдөө милдетинен өздөрүн бошотуп алышты", – деп "ЖМКнын укуктарын коргоо борборунун" жетекчиси Арапова баса белгиледи.

Соңку мыйзамдык саамалыктар даярдалып жаткан чакта эле өзүнүн Би-Би-Сиге курган маегинде укук адиси Григорий Вайпан: 2012-жылы, "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам алгач кабыл алынган кезде, "максат – жарандык коомду жана жөн гана жигердүү, кайдыгер эмес кишилерди каралоо болчу, эми болсо мүдөө – аларды ойрон кылуу болуп калды", – деп айтып, аны сынга алган.

Жаңы эрежелерде каралган көзөмөл чараларынын деңгээли, биринчи кезекте, “чет элдик агенттердин” ишине бөгөт жаратуу мүдөөсүн аткарат, – дейт Галина Арапова. Анын пикири боюнча, "Мемориал" уюмундагыдай (ал "чет элдик агент" деп таанылып, баяндама берип туруу талаптарын бузган деген кинеге ылайык жоюлуп салынган) коомдук бирикмелер мындай текшерүүлөрдөн жедеп тажап, акыры жоюлууга барышат. Ал эми "чет элдик агенттер" катары таанылган кишилер жаңы, мурдагыдан да бүдөмүк талаптар аркылуу ого бетер жүдөтүлө бермекчи.

Арапова айымдын айтымында, чын-чынында, мындай оор түйшүк "кишилерди жарандыкка байланыштуу жигердүү иш-аракеттерден баш тарттырууга, же болбосо, таптакыр эле өлкөсүнөн (бозгунга) чыгарып салууга" багытталган.  (TT)