“Накта цензураны орното турган мыйзам”: журналисттер ММК жөнүндө жаңы мыйзамга кабатыр

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

“Массалык маалымат каражаттары” жөнүндө талаштуу мыйзам долбоору боюнча бийлик убадалаган жумушчу топ дагы деле түзүлө элек.

Президенттик администрация сунуштаган бул документке журналисттер өткөн аптада тынчсызданууларын билдиришкен. Талаш-талкуудан кийин кыргыз бийлиги медиа тармакта иш алып барган жыйырма өкүлдөн турган жумушчу топ түзүп, андан соң документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө ынанган эле.

ММК тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Сүрөттүн булагы, Media Policy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, ММК тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууда

Президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев азырынча андай жумушчу топ түзүлө электигин Би-Би-Сиге ырастады:

“Жумушчу топ түзүлө эле, кудай буйруса, кийинки жумада түзүлөт. Журналисттерден андай арыз келип түшө элек, 29-ноябрга чейин деп даярданып жатабыз”.

ММК тууралуу жаңы мыйзам 28-сентябрда коомдук талкууга коюлуп, негиздемеде буга чейинки мыйзам 1992-жылы эле кабыл алынганы, моралдык жактан эскирди деп жүйө айтылган.

Сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоору боюнча, интернет басылмалары укуктук жактан жөнгө салынып, мындан ары блогерлерге дагы ММК макамы берилет.

ММК ээси деген институт киргизилет. Журналистика эми ишкердик эмес, коомдук кызматты аркалайт деп айтылат. Андыктан ММК кожоюнунун редакциялык саясатка кийлигишүүсүнө мыйзам тарабынан чек коюлат, бул нерсе ММК уставында да бекитилет. 

Чет элдик жарандарга ММКларды негиздөө укугу берилбейт. Цензура болбойт, бирок гезит бетине, ТВ жана радиого эмнеге чыгып жатканына коомдук көзөмөл орношу керек, деп айтылат документте.

Мындан сырткары, журналисттик иликтөөдө колдонулчу айрым ыкмаларга тыюу салынып, эркин медиалардын ишин мажбурлап токтотуу бир кыйла жеңилдетилген.

Дилбар Алимова, иликтөөчү журналист

Сүрөттүн булагы, Internews

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дилбар Алимова, иликтөөчү журналист
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Бул накта цензураны алып келе турган мыйзам экен, аны окуганда дароо эле чочуладык. ММКларды кайрадан каттоодон өткөрүү демилгеси тынчсыздандырат. Журналисттик иликтөө боюнча айтсам, эми жашыруун камера менен тартканга такыр уруксат берилбейт экен. Мурда сен тартып жаткан видео коомдун кызыкчылыгында болсо, ага уруксат эле да”, - деди Би-Би-Сиге иликтөөчү журналисттердин бири Дилбар Алимова.

Президенттик администрация талаштуу мыйзам долбоору менен 2023-жылдын 1-июлуна дейре бардык ММКлар кайра каттоодон өтүшүн, бул эрежеге баш ийбегендер жоюлусун сунуштап жатат.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда милдеттүү түрдө кайра каттоодон өтүү талабына дагы анализ жасаган.

“Кайра каттоо жараянынан өтүүгө эки ай гана убакыт берилет. Эске ала турган жагдай, ЖМКны каттоо тууралуу арыздарды караганга жана тийиштүү чечимди чыгарганга Юстиция министрлигине бир айлык мөөнөт берилет. Мындай кыска мөөнөт жана киргизилип жаткан бир топ жаңы укуктук талаптар сөз эркиндигинин жана ЖМК эркиндигинин эл аралык жана конституциялык стандарттарынан мыйзамсыз чегинүүлөрдүн белгилерин камтыйт”.

“Адилеттин” юристтери  бул мыйзам долбоордун айрым беренелери көз карандысыз ММКнын ишмердүүлүгүнө коркунуч келтирерин да белгилешет. Себеби, документ менен мамлекеттик органдарга ММК ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылганы жатат.

Акмат Алагушев, Медиаомбудсмен

Сүрөттүн булагы, Kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акмат Алагушев, Медиаомбудсмен: "мыйзам долбоору Россиядан көчүрүлгөн"

Медиаобмудсмен Акмат Алагушев талаштуу мыйзам долбоорунун авторлору аны Россиянын аракеттеги мыйзамынан көчүрүп алгандай таасир калтырып жатканын Би-Би-Сиге билдирди.

“Бүт көчүрүп алышкандай. Бул мыйзамдын кереги деле жок болчу. Былтыр мыйзамдардын Баш мыйзамга шайкештиги боюнча инвентаризация өткөн. Ошондо адистер ушул мыйзамды жана башка ММКга тийиштүү бардык мыйзамдарды карап чыгып, аларга эч кандай өзгөртүүлөрдүн кереги жок деген бүтүмгө келишкен. Бир жылдан кийин президенттик администрация эмнеге мындай сунушту көтөрүп жатканы такыр эле түшүнүксүз болуп жатат”.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү ичинен салыштырмалуу эркин ММК жана күчтүү жарандык коому менен айырмаланат. Бирок соңку кезде өлкөдө сөз эркиндигине басым күчөгөнү тууралуу айтылып жатат. 26-октябрда “Азаттык” үналгасынын интернет баракчасы эки айга бөгөттөлдү. “Демирбанктагы” эсеби тоңдурулуп, "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыкпай калды.

Кыргызстанда авторитаризмдин белгилери күчөп, сөз эркиндиги жаатында абал начарлап жатканы ЕККУнун Варшавада октябрда өткөн жылдык жыйынында да айтылган.  Анда укук коргоочулар былтыр кабыл алынган фейк жанылыктар жөнүндө мыйзам тууралуу да эл аралык коомчулукка арызданышкан.

“Бул иштелип чыккан механизм Кыргызстандагы журналистикага коркунуч жаратат. Жарандар кандай гана материал же сайт болбосун арыз жазып, анын негизинде контент блоктолот. Биз ЕККУну жана бардык эл аралык өнөктөштөрдү биздин өкмөттүн бул мыйзамды кайра артка чакыртып алуусун суранууга чакырабыз”,- деген эле анда укук коргоочу Динара Ошурахунова.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга Садыр Жапаров былтыр 23-августунда кол койгон. Ага чейин долбоор коомдун кызуу талкуусуна түшкөн эле.

Дастан Бекешов, Жогорку Кеңеш депутаты

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дастан Бекешов, Жогорку Кеңеш депутаты: "фейк тууралуу мыйзамга сунуштар кабыл алынган эмес"

"Негизи ага көптөгөн сунуштар түшкөн. Сунуштарды депутаттар эле эмес, журналисттер жана эл аралык коомчулук, жарандар да айтышты. Ал эми бул сунуштар таптакыр кабыл алынган жок. Анан бул мыйзам өтпөй калды. Болгону 2021-жылы жыйын бүтөр алдында депутаттарды президент чогултуп, тамактанышып, анан кечки тамактануудан кийин мыйзам ушундай формада кабыл алынган", -деди Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешов ММК тууралуу талаштуу мыйзамды талкулоо учурунда.

Деген менен жаңы мыйзам долбоонун жактоочулары ММК тууралуу жаңы жөнгө салуулардын муктаждыгы тууралуу айтып жатышат.

Жогорку Кеңеш спикери Нурлан Шакиев: "Биз каалайбызбы же жокпу бүгүнкү күнү КМШ болобу же Борбор Азиядабы биздин өлкөдө сөз эркиндигинин орду жогору. Биз муну менен сыймыктанып келебиз. Албетте, анча-мынча терс көрүнүштөр да жок эмес бул жерде. Биз аларды эки тараптуу карашыбыз керек. Биринчиден, биз жоопкерчиликти эч качан унутпашыбыз керек".

Сөз эркиндиги жана адам укугун коргоо аракеттеги кыргыз президенти Садыр Жапаровдун эң башкы убадалырынан болуп келет. Былтыр Би-Би-Сиге берген маегинде Жапаров деген эле:

Садыр Жапаров, Кыргызстандын президенти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Садыр Жапаров: "Кыргызстанда сөз эркиндигин тыюу, диктатура орнотуу деген бул – жомок"

"Кыргызстанда сөз эркиндигин тыюу, диктатура орнотуу деген бул – жомок. Болушу мүмкүн, үч же беш жылга созулушу мүмкүн. Андан кийин эл сөзсүз түрдө өзүнүн баасын берип, жыйынтыгын чыгарып коёт. Мына Акаевдин мезгилинде 15 жыл чыдады, акыр аягында сөз эркиндиги кысмакка алынып, коррупция күчөп, үй-бүлөлүк башкаруу күчөп баратканда эл кулатты. Андан кийин Бакиевдин убагында беш эле жылда кулатты. Атамбаевдин мезгилинде "эми кетет" деп эл эми эптеп чыдады. Ал эми Жээнбековдун убагында үч жылда эле эл чечим чыгарып койду. Эгер мен да алардын катасын улап "диктатура орнотом, билгенимди кылам" деп эле Баш мыйзамды тебелеп кете берсем, мени деле үч жылга жетпей кубалап түшүшү мүмкүн. Анткени кыргыз эли андай нерсеге чыдабайт".

ММК тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун айрым беренелери Юстиция министрлигинин да экспертизасынан өтпөгөнү белгилүү болду. Бирок министрлик мыйзам долбоорунун кайсы бөлүгүнө макул болбогонун тактаган жок. Буга чейин журналисттердин укугун коргогон Медиа полиси институту дагы президенттик администрацияны бул мыйзам долбоорун кайра чакыртып алуусун суранып, кайрылуу жолдогон.

"Сунушталып жаткан мыйзам долбоору муктаждыгы жок товарды коомго колдон деп мажбурлоого жатат. Көз карандысыз ММКлар жана эркин журналисттердин ролу - коопсуздук кнопкасындай, өрт өчүрүү сигналындай болуп башкаруунун системалык каталарын же кризистерин эрте аныктап, алдын ала эскертүү. Журналисттердин көйгөйлөрдү чагылдырып турушу ката чечимдердин алдын алуу же анын жыйынтыгын жумшартууга багытталган. Бирок айрым журналисттик иликтөөлөр бийликтеги айрым адамдардын көмүскө кызыкчылыгына төп келбейт. Бул мыйзам ошолорду ачыкка чыгарууну басуу үчүн сунушталып жатат", - делет бул уюмдун корутундусунда.

Эрежеге ылайык, мыйзам долбоорлору коомдук талкууга бир айлык мөөнөткө коюлат. Сөз болуп жаткан ММКлар тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун талкулоо мөөнөтү 29-ноябрда чыгат.