Эмил Үмөталиев: Патентти жоюу туура, бирок, азыр эмес...
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, facebook
Жаңы жылдан тарта салык саясатында бир топ өзгөрүүлөр болгону турат. Министрлер кабинети бул аракеттер айрым бир ишкерлерге жагымсыз болоорун айтып, боло турган өзгөрүүлөрдү замандын талабы, ачык айкындуулук деп сыпаттоодо. Ишкерлер арасында буга каршы пикир айткандар дагы жок эмес.
Айрымдар салык тармагындагы боло турган өзгөрүүлөр туура экенин, бирок, аны тиешелүү мекеме ийне-жибине чейин чечмелеп түшүндүрүп бере албай жатышканын айтууда. Улам бир жыйында салык боюнча Акылбек Жапаров айтты, Эдил Байсалов бул жөнүндө сөз кылды деп талкуу кызып турган чак. Ошондон уламбы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров дагы бул маселеге учкай токтолуп, кыскача жообун Facebook баракчасына жарыялады. Ал тескерисинче ишкердигинде 8 миллион сомго чейинки каражатты айланткандар салыктан бошотулуп, салыктын өлчөмү көбөйбөгөнүн жүйө келтирген. Акылбек Жапаров жатык тил менен жалпыга түшүндүрөйүн дедиби, айтоор, салык боюнча маселени бейтап менен дарыгердин мисалында чечмеледи. Анын айтымына караганда, дарыгер бейтапка такай эле таттуу дарыларды бере бербесин, кээде ачуу дарыны дагы берип, керек болсо айыктыруу үчүн хирургиялык жол менен болсо дагы “дарылоо” зарылдыгын айтты. Акылбек Жапаров мунун баары экономиканы жакшыртуу үчүн аракеттер деп жатат.

Сүрөттүн булагы, facebook
Салык кызматы болсо адистер менен эксперттер атайын пикирлерин билдиргенин, ага караганда бир топ эле суммадагы каражатты жүгүрткөн ишкерлер патент менен эле кирешесин алып турганын айтууда. Мекеме патент менен иштөө ошол кездин талабынан, зарылдыгынан улам тээ токсонунчу жылдары киргенин, андан бери далай өзгөрүү болгонун айтып, аргасыздан аны жоюп, жаңыланууга мезгил келди деп жатат.
Бирок, Акылбек Жапаров менен салык кызматынын жүйөсүнө ынанбаган ишкерлер дагы бар. Алар патентти жоюп салуу чындап эле мыкты чечим болоруна, андан экономикалык жылыш тездей турганына ким кепилдик берет, бул ансыз дагы кара жанын карч уруп иштеп жаткан ишкерлерге ашыкча көзөмөл эмеспи деген сыяктуу суроолорун берип жатышат.
Айрым ишкерлердин ача пикири
“Эгерде ишкердикке түзүлгөн шарттар мурдагыга же коңшулардыкына караганда абдан оңолуп, жакшыртылып, ошондон улам ишкерлердин саны көбөйүп, жайнап бара жаткан мезгилде болсо башка маселе эле... Бул келечекте барыбир керек нерсе болчу. Бирок ошого бышып, өсүп, көбөйүп келген мезгилде кыла турган иш эле. Биз билгенден азыр жеке ишкерлерибиз, чакан, орто ишканаларыбыздын саны азайып, кыскарып, жок болуп бара жатат. Мурдагыга караганда шартыбыз начарлады. Салыштырмалуу коңшуларыбыз Казакстан, Өзбекстан жакшы кадамдарды кылып жаткан шартта биздики начарлап турган мезгил. Ошентип начарлап, патент менен иштеген ишкерлерибиздин саны ансыз деле көбөйбөй, өспөй турган мезгилде орундуу, бирок, убакыт сааты келе элек тескөөнү киргизүү пайда алып келбейт. Мындан мамлекеттин кысымы күчөп, көз карандылардын санын көбөйткөн шарт болот. Колу жукалар мамлекеттен көз каранды болуп, көзүн карап калат”,- дейт ишкер, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев.
Буга чейин ишкерликтин 121 түрүнө патент менен эле ишин жүргүзүүгө уруксат берилип келсе, эми алардын саны 80ге кыскарды. Акырындап ишкерлер толук салыктык режимге өткөрүлөрүн салык кызматы билдирген эле.




























