Жанар Акаев депутаттык мандат алат
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Сот “Альянс” саясий партиясындагы гендердик квота боюнча талаштуу маселени карап, буга чейинки Бишкектин административдик сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.
Биринчи инстанциядагы сот "Альянс" партиясынын арызын канааттандырып, БШКнын шайлоодон кийинки гендердик квота боюнча өзгөртүлгөн жобосун жокко чыгарган эле.

Сүрөттүн булагы, Official
15-декабрда Боршайком талаштуу жобо кабыл алып, анда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу эреже өзгөртүлгөн.
Жаңы эрежеде үч мандат алган партиядан бир, жети мандат алган партиядан үч аял депутат келет деп жазылат. Мындай жагдайда жаңы парламентте жети мандат тийчү "Альянс" партиясынан Жанар Акаев эмес, аял талапкер Токтобүбү Оргалчага мандат берилмек эле.
Мындан улам коомдо нааразылык жаралып, Токтобүбү Оргалча президенттин жубайына жакындыгы бар адам экени тууралуу талаш-талкуулар чыккан эле.
Бирок президент Садыр Жапаров өзү мындай маалыматтырды четке каккан:
Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканда билдик. Токтобүбү айымды Айгүл Жапаровна эмес, атасы да тааныбайт. Мурда “Эл Үмүтү” партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми “Альянс” партиясына чаптайсыңарбы? “Альянс” партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү? Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим-жесирлерге жардам берүү”.
“Альянс” менен БШКнын соттук териштирүүсү жүрүп жаткандыктан БШК шайлоодо утуп келген талапкерлерди каттоону жана депутаттык мандат тапшырууну убактылуу токтоткон эле.
Жогорку Кеңештин жаңы курамы 90 депутаттан турат. Анын 21 Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары болуп атат. Ошондой эле андан мурунку чакырылыштагы бир нече депутаттар кайрадан шайланып келишти. Жаны парламенттин 70% жаңы жүздөрдөн жана жаштардан турат. Партиялык тизме менен 19 аял келди.
Парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өттү. Алар: "Ата-Журт Кыргызстан" , "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ыйман Нуру".
БШК чыгарган расмий жыйынтыкка ылайык "Ата-Журт Кыргызстан" – 15, "Ишеним" - 12, "Ынтымак" - 9, "Альянс" - 7, "Бүтүн Кыргызстан" - 6, "Ыйман Нуру" - 5 депутаттык мандат алды. (EK)
































