Журат Абдуллаевдин камалышы: “ишти президент көзөмөлгө алсын”

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Журат Абдуллаев атайын кызмат тарабынан 19-августта кармалган

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Журат Абдуллаев атайын кызмат тарабынан 19-августта кармалган

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылында ишкер Журат Абдуллаевдин тарапкерлери бүгүн митингге чыгышты. Анда ондогон адамдар чогулуп, ишкердин бошотулушун талап кылышты.

Акцияга чыккандар Ж. Абдуллаев элге күйүмдүү, элди жумуш менен камсыз кылган ишкер экенин айтышып, анын ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алышын суранып жатышат. 

“Менин атым Рапиа Дүйшекеева, менин балдарым жана неберелерим “Үмүт и Ко”до иштейт. Биз кошуна турабыз, балдарыбыз менен эле чогуу чоңойгон бала эле. Аябай карапайым кишилер. Азыр биздин эле айылды эмес, алар өлкөнү багып жатпайбы. Канчасына жөн эле жардам берет. Садыр Жапаровдон суранат элек, жакшылап ишти териштирип, биздин балабызды коё бериңиз”.

Ишкерлер Кайрат жана Журат Абдуллаевдер Кыргызстандагы эң бай адамдар катары саналат. Аларга  “Гаваи” эс алуу борбору, Grand Hotel Burana мейманканасы жана “Үмүт и Ко” , “Ак сүт” ишканалары таандык экени айтылууда.

Эми Журат Абдуллаевдин ондогон ок атуучу курал-жарак, аскердик техниканы мыйзамсыз сактап жүрдү деп айыпталып жатышы коомдогу кызуу талаш-талкууларга жем таштады.  

УКМКнын маалыматына караганда, бизнесмендин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда маңзат, ар кандай валютада жалпысынан 822 миллион сомдой акча алынган.

Тинтүү учурунда алынган акчалар

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тинтүү учурунда алынган акчалар

Айрым интернет колдонуучулар өлкөдөгү эң кирешелүү бизнестерге сук арткандар барбы деген талаштуу суроону жазып жатышат.

Мисалы, Facebook коодоонучусу Булат Сатыркулов “Гаваи” эс алуу борборунун  сүрөтүн коюп, ал өлкөдө жакында эле уруксат берилген казинолорду ачууга ыңгайлуу жай экенин жазып чыкты.

“Чек арага эки арыш жер... ээсинде да көйгөйлөр шайкеш  чыгып жатат”.

Кыргызстандагы жалпы сүт өндүрүшүнүн 60% “Үмүт и КО” ишканасына туура келет. Компания ортомчулар аркылуу элеттегилерден сүт алып, аны кайра иштетип сатып келгени менен белгилүү. Ишкана ички рынокту гана тейлебестен, экспортко сүт азыктарын 70% чыгарып келген кирешелүү компания катары таанымал.

Сүт өндүрүшүндө тажрыйбасы бар Чыңгыз Сапарбаев Би-Би-Сиге “Үмүт и Ко” ишканасынын буга чейинки ишмердиги боюнча комментарий берди:

Чыңгыз Сапарбаев

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чыңгыз Сапарбаев
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Азыр эми “Үмүт и Ко” өндүрүшүнүн токтоп калуу ыктымалдуулугу чоң болуп жатат. Ысык-Көл, Чүй, Талас сүт өндүрүүчү облустарга кирет. Айылдардан ушул август айында сүт бул ишканага тим эле агылып келет. Мен бул компания менен бир жыл иштештим, бир дагы сүт ташуучуларына акчасын кечиктирип же создуктуруп берген учуру болгон эмес. Өтө тажрыйбалуу жана бизнеске өтө олуттуу караган компания. Бул компаниянын күнүмдүк жүгүртүлгөн ресурсун алып койгон болсо, эми элдер менен ал кантип расчет кылат?”.

Сапарбаев тергөө өндүрүшкө таасирин бербеши керектигин, болбосо азык-түлүк коопсуздук маселеси жараларын да эскерте кетти.

УКМК тараткан маалыматта ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер башкарган ишкана он миллион сомго жакын салык төлөбөй келишкени да айтылып жатат.

Кыргызстандын Салык кызматы “Үмүт и Ко” ишканасынын салыктык карыздары бар экенин Би-Би-Сиге ырасташты. Бирок төлөй турган сумма канча убакыт ичинде топтолгонун тактап беришкен жок.

“Абдуллаевдин быйыл 1-июлга карата салык карызы 9 миллион 747 миң сом. ЖЧКУ катары катталгандыктан булар салыктын бардык түрүн төлөшөт. Бул сумма канча убакытта топтолгонун айта албайбыз. Салык төлөөчү бир айда төлөбөй калса, экинчи айда ал карызын жабат”, - деди Салык кызматынын басма сөз кызматкери Эркин Сазыков.

“Умут и Ко” компаниясы Кыргызстандагы ири делген 500 салык төлөөчүгө кирет. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана салык  көлөмү боюнча 110 орунга чыккан.

“Умут и Ко” жана “Ак сүт” ишканаларынын генералдык директору Кайрат Абдуллаев экени белгилүү. Ал эми Журат Абдуллаев бул ишканалардын директорлор кеңишинин өкүлү болчу.

Журат Абдуллаев Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен 19-октябрьга чейин атайын тергөө абагына эки айга камалды.

Ишкердиги, миңдеген жумушчу орундарды түзгөнү менен катар эле анын жүк ташуучу унаа катары каттатып, аскердик багытта техника алганы тууралуу маалымат, сүрөт, видеолор тарап түрдүү пикирлер айтылууда.

2010-жылы апрель ыңкылабы болгон тушта сөз болуп жаткан Гаваи эс алуу борборунда өрт чыккан эле. Ал окуяны ийне-жибине чейин так көрсөткөн маалымат коомчулукка берилген, берилбегени белгисиз.

Парламенттин депутаты Балбак Түлөбаевдин Facebook баракчасында ар бир элдик толкундоодо үйүн, бизнесин өрттөп жатса бизнесмен эмне кылат? Ишкерлер курал алууга арагасыз болуп жатышат, алардын коопсуздугун камсыздоо жана аларга эскертүү жетиштүү керек деген мазмундагы пикир жарыяланган. Көп өтпөй ал посту өчүрүлдү.

Балбай Түлөбаевдин посту

Сүрөттүн булагы, Screenshot