Жереми Боуэн: Украина согуш башталгандан берки эң оор кризиске туш болду
Жереми Боуэн, Би-Би-Синин эл аралык редактору
Харьковдон репортаж

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Орусияга жакын түндүк-чыгышта жайгашкан өлкөнүн экинчи шаары Харьков иш жүзүндө аба чабуулдарынан коргоосуз калды.
Ишемби күнү түштөн кийин сатып алуучулар жык толгон DIY супермаркети менен бакча борборун эки башкарылган бомба талкалады.
Имарат күйүп, Харьковду кара түтүн каптап жатканда, соода борборундагы башка дүкөндөрдүн биринин менеджери Андрей Куденов үмүтү үзүлүп карап турду.
"Орустар баарын өрттөгүсү келет. Бирок биз багынбайбыз!".
"Азыр күн жылуу болуп, багбанчылык мезгили башталгандыктан, ал жерде адамдар толтура эле. Дүкөндө топурак, өсүмдүктөр бар болчу".
Андрей мобилдик телефонун алып, кол салууга чейинки супермаркеттин сүрөттөрүн көрсөтө баштады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Караңызчы, бул жерде кандай кооз гүлдөр бар эле. Бирөөсү да аскер адамы эмес, баары жайкын адамдар болчу".
Ондогон адамдар жарадар болуп, кеминде 15 кишинин өлгөнү тастыкталды, дагы башка сөөктөрдүн табылышы ыктымал.
Ар бир согушта карапайым калк эски турмушунун изин сактап калууга аракет кылат.
Бакча борбору күйүп жатканда, жубайлар иттерин сейилдетип жүрүштү. Харьковдун борборундагы укмуштуудай аянттарда кафелер иштеп, аба чабуулунун сиреналарына жана мобилдик тиркемелердеги эскертүүлөргө көңүл бурушкан жок.
Опера театрынын тепкичинде өспүрүм балдар скейтборддоруна секирип машыгышты, ал эми кыздар телефондоруна ТикТок бийлерин жаздырып жатышты. Опера театрынын ичинде, терең бетон жертөлөдө, согуш токтото албаган музыкалык фестивалга оркестр даярдык көрүүдө.
Ошентсе да алардын мындай сабырдуулугу эки жыл ичинде Украина Орусиянын кеңири масштабдуу басып алуусунан кийинки, алгачкы бир нече айдан берки, эң оор кризисте экенин жашыра албайт.
Бак борборуна кол салуу түндүк-чыгыштагы, ошондой эле чыгыш фронтундагы жана Херсонго жакын түштүктөгү көптөгөн соккулардын бири болуп эсептелет.
Украинанын өзүн коргоо мүмкүнчүлүгү башкалардан, Харьковдо жана башка шаарларда жана фронттун миң чакырымдан ашык бөлүгүндөгү окуяларды тескеп жаткан Батыш союздаштары кабыл алган чечимдерден көз каранды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Согуштун жүрүшүн өзгөрткөн дагы бир стратегиялык фактор - Орусия согуш талаасында такшалып, жөндөмү артты.
Ал өз чабуулдарын жүргүзүүдө, айрыкча абадан коргонууда Украинанын алсыздыгынан пайдаланып жатат. Анын заводдору Украина үчүн иштеген Батыштын алда канча чоң жана өнүккөн экономикаларына караганда көбүрөөк курал-жарак жана ок-дары чыгарууда.
Согуштун биринчи жылындагы Орусияны артка сүрүп салууга болгон үмүт - азыр анын күчтөрүнүн өлкөгө тереңдеп киришин токтотуу үчүн катаал күрөшкө айланды.
Согуш үчүнчү жылга аяк басты, дагы эле аягы көрүнбөйт.
Башталыштын аягыбы?
Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын февралында толук масштабдуу басып алууга буйрук берип, тез жеңишке жетишем деп күткөн.
Америка Кошмо Штаттары баш болгон НАТО да ошондой кылды. Президент Владимир Зеленский алардын эвакуациялоо сунушун четке какты.
Кремль да, Пентагон да, НАТОнун башка коргоо министрликтери да Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын басып алып, аннексиялап, чыгыштагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдердин жеңишин уюштурганда баштаган ишин бүтүрөт деп күтүшкөн.
Украинанын куралдуу күчтөрү 2014-жылы өзүнүн көрсөткүчтөрүн кыйла жакшырткан болчу, бирок Сириядагы согушка ийгиликтүү кийлигишүүдөн кийин Орусия дагы күчтөнүп алды.
Орус аскерлери 2022-жылдын февраль айында Украинага кирип келгенде, Украинанын согушту улантууга эң жакшы мүмкүнчүлүгү НАТО тарабынан куралданган козголоңчулар душманга каршы чыгат деген божомол болгон.
Орусия Украинанын чыгышындагы Донбасс менен түштүктөгү Крым менен байланыштырган кенен “кургак көпүрөнү” басып алды.
Бирок анын Киевди басып алуу аракети президент Путинди кемсинткен фиаского айланды.
2022-жылдын март айынын аягында борбор үчүн салгылашууда жеңилип, Кремль өз аскерлерин артка тартты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
НАТО Украина согуша аларын тааныды. Ал өзүн күтүлбөгөн жерден пайдалуу өнөктөш катары көрсөттү, көбүрөөк колдоого татыктуу болуп, Путиндин Орусиясы менен күчөп бараткан тирешүүдө жаңы варианттарды сунуштады.
Акырындык менен Украинага күчтүү куралдар жибериле баштады. Бирок АКШнын президенти Жо Байдендин эскертүүлөрүн жеңүү оор процесс бойдон калууда. Ал эгер АКШ менен НАТО өз аскерлери менен кийлигишсе, же алар Украинаны эң заманбап аскердик технологиялар менен камсыз кылса, үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетет деп кооптонот.
Президент Байденди НАТОнун аба күчтөрүнөн чыгарылып жаткан Америкада жасалган эски F-16 сокку уруучу учактарын жеткирүүгө уруксат берүүгө көндүрүштү. Алар буга чейин бир да жолу согуштук аракеттерге катышпагандыктан, Орусиянын аба күчтөрүнө чабуул коюуга көбүрөөк мейкиндикти камсыз кылышы ыктымал.
Батыштагы аналитиктердин көбү президент Путин өзөктүк куралы менен коркутуп жатканда, өз күчүн апыртып жатат деп ойлошот.
Орусиянын негизги өнөктөшү Кытай өзөктүк куралдын эч кандай колдонулушун каалабасын ачык айтты. Анын каалаганы – Чыгыш Азиядагы ядролук жарыша куралданууну токтотуу.
Анткени Батыш лагериндеги Жапония менен Түштүк Кореяда, эгерде алар өздөрүнүн саясатын өзгөртүүгө жетиштүү коркунучту сезишсе, экөө тең өзөктүк курал жасоого технологиялык мүмкүнчүлүккө ээ.
Жо Байден дагы деле Владимир Путинди өз күчүн, мүмкүнчүлүгүн апыртып жатат дегиси келбейт.
АКШ украиналыктарга Орусиянын ичиндеги буталарды атууга тыюу салып, өзү жеткирген курал системаларын колдонууга чектөө киргизүүнү улантууда.
Президент Зеленский болсо, ага берилген бийликте бир колу аркасына бекем байланып калганына кейип, муну өзгөртүүгө аракет кылууда.
Бирок өткөн жайда Батыштын заманбап танктары менен брондолгон унааларынын коллекциясын камтыган таасирдүү күч түзүлүп, НАТО Балтикадан Йоркширге чейинки полигондордо миңдеген жоокерлерди машыгуудан өткөргөн.
План Донбасс менен Крымдын ортосундагы байланышты бузуп, орус чектерин талкалай турган чабуулду уюштуруу болчу. Бул ишке ашпай калды.
Орус коргонуусу өтө күчтүү болгондуктан, бир жагынан абадан корголбогон үчүн, НАТО үлгүсүндөгү координацияланган «жалпы аскердик» согушту жүргүзүү аракети ойрон болду.
Украинага таандык кемчилик – бул каржы жана курал жагынан башкаларга көз карандылык
Украина өзүнүн куралынын көбүн өзү өндүргөн жана калкынын саны да кыйла көп душманга туш келди. Орусиянын 140 миллиондон ашык калкы Украинаныкынан үч жарым эсеге көптүк кылат.
Адамдардын саны албетте, он миңдеген адамдарды өлүмгө кириптер кылган согушта маанилүү.
АКШда ички саясат да жанданды. Джо Байдендин Украина үчүн 60 миллиард долларды камтыган "коопсуздукка кошумча" өтүнүчү АКШ Конгрессинде бир нече ай бою, негизинен Дональд Трамптын жактоочулары тарабынан каралып, алар акчаны ички маселелерди чечүүгө, айрыкча Мексика менен түштүк чек арасында мыйзамсыз иммиграция маселесине жумшоого далбас урушту.
Аталган мыйзамга толуктоолорго президент Байден 24-апрелде гана кол койду.
Москва узак согушка ылайыкташтырылган экономиканын шартында мүмкүн болушунча тездик менен курал-жарак жана снаряддарды жасап жаткан маалда, АКШ армиясынын олуттуу логистикалык мүмкүнчүлүктөрү Украинанын арсеналын толуктоо үчүн бир нече айларды талап кылат.
НАТОнун Бельгиядагы штаб-квартирасында жогорку даражалуу аткаминердин айтымында, бул - өндүрүш согушу. "Орусия бизден согушка керектүү нерселерди өндүрүүдө ашып түшүүдө".
Батыштын санкциялары Орусиянын экономикасын кыйраткан жок. Ал мунай жана газ үчүн жаңы рынокторду тапты.
Орусия Ирандан учкучсуз учактарды жана Түндүк Кореядан ок-дарыларды сатып алууда. Кытай, НАТОнун ишениминде, согуштук жардамды түздөн-түз бербей, Орусияга башка жолдор менен жардам берип жатат.
"Кытай Орусиянын согуштук аракеттерине олуттуу салым кошуп жатканында шек жок" - деди НАТОнун жогорку даражалуу өкүлү мага. "Ал коргонуу өнөр жай базасын калыбына келтирип, чыныгы өзгөрүүнү жаратууда".
"Түздөн-түз коргонуу өнөр жайын чыңдоого багытталган станоктор жана микроэлектроника Кытайдан келүүдө, ошондуктан орустар көбүрөөк танктарды жана ракеталарды жок кылышат".
"Кытай менен Орусиянын ортосундагы өзгөрүп жаткан мамилелердин чоң геостратегиялык кесепеттеринин бири - Кытай мындан ары Орусияга эч качан кенже өнөктөш болбойт".
Чек ара аймактары
Вика Писна Харьков шаарынын түндүк-чыгышында, Орусиянын чек арасына жакын жердеги Юрченкове айылына кара жолдон айдап баратканда, бала бакча өрттөнүп кеткен.
"Пролиска" деп аталган топтун психологу Вика бир жыл бою Орусия коркутуп-үркүтүп жаткан фронтко чукул айылдарга карапайым калкты эвакуациялоо үчүн барып турду.
Бала бакчада балдар болгон эмес. Юрченковдо, бардык чек ара кыштактары сыяктуу эле, аз гана кары-картаңдар же ден соолугу начар жарандар калган эле.
Бала бакча бир нече ай мурун кароосуз калган болушу керек. Алдыңкы бакчада балдар чыгып-түшүп ойногон горканы жана жердеги оюнчуктарды чөп басып кетиптир.
Мотоциклде уктоочу мүшөк жана бир аз буюмдарды жүктөп, көчүп бараткандай көрүнгөн адам өрт кандайча чыкканын билбей турганын, бирок бул снаряд эмес экенин айтты.
Кандай болбосун ээн айылда эч ким өрттү өчүрүүгө аракет кылган жок, анткени ал бала бакчанын жыгач дубалдары менен калай чатырын жалмап, чартылдап күйүп жатты.

Орусия 10-майда анын күчтөрү чек араны кесип өткөндөн бери Харьков облусунда чабуулга өттү.
Президент Путин өзүнүн планы буфердик зонаны түзүү, Орусиянын Белгород шаарындагы жарандарды коргоо экенин белгилеп, ал жерде Украина карапайым адамдарды аткылап жатканын айтты.
Чабуул фронттун активдүү линиясын кеңейтип, Украинаны Харьков секторун күчтөндүрүүгө мажбурлап, башка жерлерде Орусия кырдаалдан пайдаланууга аракет кылчу тешиктерди калтырууда.
Виканы жана анын микроавтобусун ээрчип чек ара аймагына кирип келдик, бирок урандыга айланып бараткан азыркы согуштун чордонундагы Волчанск чек ара шаарчасына жакындай албадык.
Бир нече чакырым алыстыкта болсо да, ал ачууланган боз булуттары менен тозоктун тешигине окшоп көрүндү, бир катар чоң өрттөрдөн бийик көтөрүлгөн коюу түтүн, жаңы жарылуулардан улам асманды каптаган кара түтүн кошулуп жүрөктү түшүрөт.

Любовь, Виканын тизмесиндеги биринчи аял, кетүүгө даяр болчу. Бир нече соода баштыктарына салынган оокатын Вика жеткирүүгө жардам берип жатканда, анын короосундагы питомниктин жанында чынжырланган ити бейтааныш адамдарга үрүп жатты.
Аял аны чынжырдан бошотуп, кичи автобуска салып кеткенде ити тынчып калды.
"Мен аларды үй жаныбарларын алып келүүгө чакырам" деди Вика. "Баарын жоготкондо, үй жаныбарың сооротот экен".
"Өзүмдү коёрго жер таппай жатам. Мен бул үйдө 40 жылдан ашык жашадым", - деди Любовь ити жана жүгү менен кичи автобуска кысылып кирип.
Ал аткылоодон улам кетип калдыбы?
"Албетте! Жарылуу 100 метрге жетпеген абдан жакын жерде болду. Бардык терезелерим сынып кетти".

Вика кийинки адамдарды эвакуациялоого көндүрө алган жок. Ал бекем темир дарбазаны такылдатты. Аны улгайган аял ачты.
"Кутмандуу күн, бул Эмма сенсиңби?" — деп сурады Вика. Эмма жана анын күйөөсү, көрүнбөгөн жерде туруп баруудан баш тартканда, Вика алардын оюн өзгөртүүгө аракет кылды.
"Кечээ сенин жаныңда аткылоо болду. Бул абдан кооптуу. Сиз өзүңүздү коркунучка салып жатасыз. Бизде ыктыярчылар бар, алар сизге көчүп барууга жардам беришет, алар сизге жөлөк пул, дары-дармек жана башка бардык нерселерге кайрылууга жардам беришет. Мунун баары бекер болот. Сизге психологиялык жардам берилет".
"Рахмат! Баары үчүн рахмат, бирок мен барбайм” - деди.
"Мына, биз адамдарды эвакуациялап жатабыз, анткени бул кооптуу учур. Кааласаңыз, кайра кайта аласыз. Бирок азыр бул жер өтө кооптуу, ар бир же эки саат сайын аткылоо жүрүүдө. Кеткен жакшы. Аткылоо барган сайын күчөйт. Бул жерде болуу кооптуу".
"Билем".
"Баары бекер! Сиз бекер турак-жай аласыз".
"Мен барбайм".
Эмма дарбазаны жапты.
Басмакана
23-май күнү түштөн кийин Орусия бир катар ракеталар менен сокку ургандан кийин бир саатка жетпеген убакыттан соң күйүп жаткан басмакананын калдыктарынан сөөк салынган мүшөктөр чыгарылып жатты. Кол салууда жети киши каза болгон эле.
Украинага өзүнүн чектелген абадан коргонуусун кантип жайгаштыруу жана колдонуу боюнча катаал тандоолорду жасоого туура келет. Басмаканага тийген ракеталар кармалбай калган. Кол салууга чейин, андан кийин жана кол салуу учурунда да заводдун үстүндө орустун учкучсуз учагы болгон эмес.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү орустардын Харьковдогу жергиликтүү басмакананы бутага алуусун токтото алган жок.
Короодо өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүү жана дагы сөөктөрдү издөө үчүн имаратка кирип баратканда, Харьков облустук милициясынын башчысы Владимир Тимошко ачуусун араң басты.
"Бардык ракеталар бутага тийди. Алар атып түшүрүлгөн эмес. Неге? Анткени Белгород облусунан ракеталардын келүү убактысы болжол менен 40 секунд. Ал ракеталарды бизде жок "Патриот" абадан коргонуу системасы гана атып түшүрө алат".
Ал Орусияны "вандалдардын жана орктардын субимпериясы... кара күчтүн ордосу" деп атады.
Өрт өчүрүүчүлөр сөөктөрдү табуу үчүн талкаланган имаратты тинтип чыгууга аргасыз болушту.
Бир нече күндөн кийин да басмакананын жумушчуларынын бири Олена Лупак алган жараатынан улам ооруканада дарыланып жатат. Анын терисинин көп бөлүгүндө сыныктардан жана жарылуудан калган жарааттар көрүнөт, чачынын бир топ жерлери күйүп кеткен.
Елена анын өмүрүн жарылуудан кагаздарды кармап турган түптөгүч сактап калды деп эсептейт. Жүрөгү түшкөн ал башында ыйлап, анан жылмаюуга аракет кылып жатты.
"Мен башында эч нерседен коркчу эмесмин, бирок азыр Харьковдо болуудан корком. Мен дагы эле Орусия террорчу мамлекет эмес жана алар аскерий объектилерге гана кол салышат деп ойлочумун, бирок бул жолу алар карапайым калкка сокку урду деп эсептейм".
"Бизге жардам бергени үчүн Кошмо Штаттарга ыраазычылык билдирем. Мен Германияга жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө алардын жасаган иштери үчүн ыраазымын. Бирок биз алсызбыз, бизде эч нерсе жок. Биз абдан кыйналып жатабыз ... өзүбүздү коргой албайбыз".
Узак согуш
Украинанын абалы Елена Лупак корккондой жаман эмес, бирок бул айда Харьковдо болгон адам ушундай сезим келбей койбойт. Оорукананын керебеттеринде буту-колу сынган, бакча борборунда жаракат алган адамдар да коркуп жатышат.
"Чынын айтсам, мен эмне болорун билбейм", - деди Виталий. Анын буттарын кулап жаткан шып басып калган. "Мен согуштун тез арада бүтүшүн каалайт элем, бирок кантип бүтөөрүн билбейм".
Александрдын карама-каршысында жаткан неме Украина Орусия менен келишим түзө албасын айтты. Өзү экинчи кабаттын терезесинен чыккан өрттөн качып бара жатып катуу кулап кеткен.
"Биз аларды жеңишибиз керек деп ойлойм. Алар бул жакка жаман ниет менен келишкен”.
Согуштун башталышындагыдай армияга жана аймактык коргонууга жазылуу кезеги эчак артта калды. Ыктыярчылардын ошол биринчи толкунунун көбү өлгөн же жаралары менен согуша албай калышты.
Украина жаштарды жалдоо жана аскерге чакыруу үчүн көбүрөөк аракет кылууда. Фронттогу жоокерлеринин көбү орто жаштагылар жана алсырап калгандар. Украинанын генералдары Орусияныкындай жоокерлердин өмүрүн садага чабышпайт. Бирок алар дагы деле президент Зеленский кыйытып айткан масштабдагы өлгөндөр менен жарадар болгондордон жабыр тартышууда.
Украина өз аскерине жаштарды көбүрөөк тартууга аракет кылууда, анткени анын аскеринин көбүн 40 жаштан жогоркулар түзөт.
Украинанын европалык өнөктөштөрү ар кандай деңгээлдеги ийгиликтер менен көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Америкалык аскерий жардамдын жаңы пакети келгенден кийин өзгөрүү болору күтүлүүдө.
Бул Украина согушту уланта алат дегенди билдирет. Украина бул согушта жеңишке жетпесе, анда ноябрда өтө турган АКШдагы президенттик шайлоо алдында бул берилген жардам акыркысы болот. Эгер Дональд Трамп жеңишке жетсе, Украинага жардам берүү үчүн Жо Байдендей катуу аракет кыларын эч ким билбейт.
Пилотсуз учактар менен согушуунун жаңы түрлөрүн колго алып, Украина өзүнө жардам берүүдө. Деңиз учкучсуз учактары, жардыргыч заттар менен толтурулган экипажы жок кайыктар Орусиянын согуштук кемелерин чөктүрдү жана Кара деңиз аркылуу экспорт жолдорун ачты.
Узак согуштардагы импульс алдыга жана артка жылып турат. Азыр Орусия Украинанын жаңы курал-жарактарын алганга чейин мүмкүнчүлүк терезеси бар экенин сезип, катуу аракет кылууда.
Ушул кооптуу жайдын бир чоң суроосу - Орусиянын көлөмү, салмагы жана туруктуулугу Украинаны согуш талаасында жеңилүүгө алып келе алабы?
Украина жана анын союздаштары Орусия согуштук күчү жана курал-жарактары менен чектелген аймакты алуудан башканы кыла албайт деп эсептешет.
Бирок Украинанын жайкы чабуулуна үмүт чоң болгон учурду эстеп көрүңүз. Орусия азыр күчтүүрөөк жана Украинанын пайдасына сапаттык өзгөрүү болбосо, Москва бул согушка тереңирээк кириш үчүн колунан келгендин баарын жасайт. (МА)
































