Украинадагы согуш: "ДНР" эки британиялыкты жана маракколукту өлүм жазасына өкүм кылды

Аскер туткундарынын жакындары жактоочу эч нерсе кылбаганын айтууда

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскер туткундарынын жакындары жактоочу эч нерсе кылбаганын айтууда
Published

Орусияга ыктаган сепаратисттер тарабынан көзөмөлдөнгөн Донецкте украин күчтөрү тарапта согушуп, туткунга тушүп калган эки британиялыкка жана мараколлукка өкүм чыкты. Үчөө тең өлүм жазасына өкүм кылынды. Алар мындан кутулуп кете алабы?

Украинадагы кыйроолордон бир көрүнүш
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы кыйроолордон бир көрүнүш

"Бийликти басып алууга аракет"…

 Өз алдынча эле жарыяланып алган Донецк Элдик Республикасынын соту, британиялык Шон Пиннер жана Эйден Аслинди, ошондой эле Маракконун жараны Саадун Брагимди, «бийликти күч менен басып алууга жалданган жана террористтик ишмердикти жүргүзүү үчүн окуудан өткөн» деп күнөлүү катары тааныды.

Үчөө тең Орусия кол салганга чейин эле украин куралдуу күчтөрүндө келишим менен кызмат өтөп келишкен. Алар бери дегенде эле бир топ жылдан бери Украинада жашашкан. Бирөнүн украин паспорту дагы болгон. Эми үчөөнө тең өлүм жазасын берди.

Сот журналисттердин катышуусуз, кыска мөөнөттө өттү. Бул соттук иш тууралуу маалыматтын баары Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарында жарыяланып турду. Мисалы аталган маалымат каражаттары айыпталгандар "террористтик ишмердикти жүргүзүү максатында окутуудан өтүшкөнүн моюндарына алды" деп ырасташты. Бул беренелер боюнча узак жылдарга, керек болсо өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Кремлди жактаган журналисттер бул процесс боюнча видеотасманын кыска гана үзүндүсүн жарыялады. Ошол эле учурда жазага тартылгандардын тууган-уругу алар тиешелүү коргоого алынбаганын, аларга бектилген "жактоочу" эч нерсе кылбаганын бир канча жолу айтышты.

"Азовсталь" заводунун айланасында айыгышкан согуш жүргөн...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Азовсталь" заводунун айланасында айыгышкан согуш жүргөн...

Лондон кандай реакция кылды?

Британиянын бийлиги "ДНРге" кайрылып, туткунга түшкөн британиялыктарга "боор тартып" мамиле кылууга чакырган. Премьердин орун басары Доминик Рааб, өкүм боюнча талашууга баардык доолорду бере турганын убада кылган.

Шон Пиннер жана Эйден Аслин өздөрү болсо Борис Жонсондон жардам сурап, аларды саясатчы жана ишкер, украинанын "Оппозиционная платформа - За жизнь" деп аталган партиясынын башчысы Виктор Медведчук менен алмаштырууга жардам берүүсүн суранышты. Медведчук учурда мамлектке чыккынчылыкка шектелип, Украинада камакка алынган. Ал орус президенти Путиндин кызынын өкүл атасы экени айтылып жүрөт.

Британиянын премьер-министринин канцеляриясы, британдыктарга чыккан "өлүм жазасына" терең кабатыр болуп турушканын билдирди.

"Биз аскер туткундарын саясий максатта манипуляция кылууга болбой турганын такай айтып келебиз",- деди Борис Жонсондун маалымат катчысы.

"Женева конвенциясына ылайык аскер тутукундары согуштук аракеттерге катышкандардын статусуна ээ болот жана ал үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Биз украин бийликтери менен украин армиясында кызмат кылып, аскер тутукуну болуп калгандардын баарын бошотуп алуу боюнча иштерибизди улантабыз".- деп кошумчалады Даунинг-стриттин өкүлү.

Тышкы иштер министри Лиз Трасс “сот өкүмүнүн эч кандай легитимдүүлүгү жок” деп билдирди.

Адвокат Павел Косован ал сотто коргоп жаткандар өлүм жазасы өкүм кыланаарын күтпөгөнүн жана даттануу ниети бар экенин билдирди.

Эйден Аслин

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эйден Аслин

Алар кантип Украинага барып калган?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Британиялык Эйден Аслин апрелдин башында үйлөнүүгө белсенип турган. Ал 2018-жылы Англиянын Ньюаркасынан Украинадагы сүйлөшкөн кызына келген. Ошол бойдон ал өлкөнүн аскер деңиз күчтөрүндө кызмат кылып, экинчи жарандыгын да алган.

Аслин кызмат өтөгөн аскер бөлүгү орусиялык күчтөр чабуул койгон Мариуполду коргогон. Шаарда күн сайын бомбалоо болуп турган. Аталган аскер бөлүгү украинанын негизги аскер күчтөрүнөн бөлүнүп калган эле. Эйден Аслин өзүнүн үлпөт тоюна дагы бара алган жок.

21 жаштагы маракколук Саадун Брагим дагы Мариуполдо болгон.

Ал "ДНРдегилерге" Мараккодо иш таба албай коюп, 2019-жылы Украинага келгенин айткан. Анын үй-бүлөсү Полтавага чейин 100 долларга билет сатып алууга жардам беришкен. Саадун бир жылдай орус тилин үйрөнгөн. Андан сон Киевдеги политехникалык окуу жайдын авиация жана космостук системалар факультетине тапшырган. Бирок окуусун аяктай албай калган.

2021-жылы Брагим үч жылдык келишимге кол коюп, коомдук сайттар аркылуу таанышкан Эйден менен бирге кызмат өтөп калган.

Британияда таштандыны кайра иштетүү боюнча мененджер Шон Пиннер туугандарынын айтымына караганда, аялы менен Украинага кеткен. Кийинчерээк Украин куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө келишим түзгөн.

Пиннердин үч жылдык келишими быйыл аяктамак. Ал мындан ары гуманитрадык иштер менен алек болом деп пландаган, бирок согуш башталып калды. Үчөө тең Маруополго туш келип, шаарды коргоо үчүн согушушкан.

Эйден Аслин "Азовсталь" заводунун имаратынан кээде үй-бүлөсүнө байланышып, аларда баары жайында экенин айтып, коомдук сайттарга жарыялоо үчүн досторуна видеолорду жөнөтүп турган.

"Ал бир ирет байланышка чыгып, согуша турган куралдары калбай калганын билдирди",- деп анын апасы Энг Вуд Би-Би-Сиге айтып берди.

Апталап "Азовсталь" заводун коргоп келгендер май айынын соңунда багынып беришкен. Жалпысынан Орусияда жана алар көзөмлдөгөн Украинанын аймактарында "Азовсталдан" 2439 киши бар.

Согушка чейинки Украинадагы саргын талаасы

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Согушка чейинки Украинадагы саргын талаасы

Алардын макамы кандай?

Орусия буга чейин эле Британияны ынгайсыз абалга кептеп койгон эле. Кремлдин басма сөз катчысы Песков: "эгер Британия өкүм боюнча доо коё турган болсо, демек ушундай жол менен "ДНР" сотунун легитимдүүлүгүн тааныйт. Бул "ДНРди" тааныйт дегендик", - деп айткан.

Песковдун айтымына караганда, Орусияга британдыктардан эч ким кайрыла элек.

Бул суроо боюнча Украин бийлиги менен кызматташуу болуп жатканын Борис Жонсон өзү билдирген. Мындан улам эки өлкө бийлиги Аслан менен Пиннерди алмашууну каалайт деп боолголосо болот. Бирок кимге алмашат дегенде суроо жатат?

Ангела Меркель Путин, Украина жөнүндө кенен маек курду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ангела Меркель Путин, Украина жөнүндө кенен маек курду

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Лондонго кайрылып, Украинадагы согуштук аракеттерге британ жарандарын катыштырбоосу боюнча кеңеш бергиси келет.

Бирок эркинен ажыратылган үчөө тең Украинанын куралдуу күчтөрү менен келишим түзгөн эле. Себеби Украинанын мыйзамы чет өлкөлүктөрдүн армияда кызмат өтөсүнө тыюу салбайт.

Айтмакчы, чет өлкөлүктөрдүн катардагы жоокер, матрос, сержант жана страшина катары армияда мыйзамдуу кызмат өтөсүнө Орусияда дагы болот. Бирок куралдуу жаңжал же согуштук аракеттерге чет өлкөлүктөрдүн жалданма аскер катары аралашуусу 7 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Орусиянын Кылмыш кодекси боюнча жалдануучу – "мамлекеттин жараны болбой туруп, анын аймагында туруктуу жашабай жана расмий милдеттерди аткарууга тиешеси жок болсо дагы материалдык сыйлык алуу максатында согуштук конфликттерге же аскердик аракеттерге катышкан адам".

Өз алдынча эле жарыяланып алган "ДНРдин" беренелеринин көбү 2014-жылы Орусиянын кодекстеринен алынган. Андагы башкы айырма эле – өлүмгө өкүм кылуу ыктымалдыгы камтылганында. Мындай жаза атуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

Башка өлкөлөрдүн аймагындагы аскердик аракеттерге катышкандар боюнча Британиянын мыйзамдары абдан эле "тумандуу". Тышкы иштер министрлигинин бир жолку бюллетенинде эгер Украинага согушуу үчүн баргандар болсо, кайрылып келгенден кийин соттук териштирүүгө алынаарын жазган.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:

·       Facebook

·       Youtube 

·       Instagram