Кара-Кече:калкка көмүр бир аптадан кийин бериле баштайт

Published

"Кыргызкөмүр" ишканасынын басма сөз кызматкери Жийде Зоотбекова Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу көмүр казуу бир аптага токтотулганын Би-Би-Сиге тастыктады.

"Кесек көмүр калкка бир аптадан кийин бериле баштайт", -деди Зоотбекова.

Анын айтымында, кенде жүрүп жаткан тазалоо иштери 20-декабрда чейин бүтүп калат. Бул убакыт аралыгында Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу үзгүлтүккө учурабайт.

Кара-Кече көмүр кени

Сүрөттүн булагы, gov kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара-Кече көмүр кени

Декабрдан тарта айдоочулар Кара-Кечеден жеке жактарга көмүр жүктөлбөй жатканын айтып башташкан. Бирок "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги кенде мамлекеттик карьер кадимкисинче эле иш алып барып жатканын билдирип келген.

Жыл башынан бери Кара-Кече көмүр кенинен 740 миң тонна көмүр казылып алынганы айтылат. "Кыргызкөмүрдүн" билдиришинче, бул былтыркыга салыштырмалуу 243 миң тоннага көп.

Быйыл Кара-Кечеде көмүр казуу кеч башталганы белгилүү. Ошентсе да Энергетика министри Доскул Бекмурзаев калкка көмүр үзгүлтүксүз ташылып жатат деген:

“Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн иш үзгүлтүксүз жана активдүү жүрүүдө. Учурда кунунө 30 техника иштөөдө. Суткасына орто эсеп менен 200гө жакын унаа көмүр ташып жатат”.

Быйыл октябрда Министрлер кабинетинин көрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, Кара-Кече көмүр кенине да кире кеткен эле:

Кара-Кече

Сүрөттүн булагы, gov kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кара-Кече, 18-октябрь

"Көмүр кенинде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Быйыл кышка даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Кара-Кечедеги инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши керек", - деген эле анда Жапаров. 

Быйыл Кыргызстанда энергетикалык кризис орун алып, электр энергиясы тартыш болууда. Буга кошумча күйүүчү майдын баасы да өсүп, ортомчулар көмүргө бааны көтөрүштү.

Өкмөт октябрда бааларды жөнгө салуу чараларына да барган, бирок натыйжасы сезилбей, ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте арзан көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. (EK)