Украинада согушуп жаткан орус аскеринин саны

Орус аскери

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Павел Аксенов, Бишкек

Орус президентинин айтымында, Украинадагы “атайын аскердик операция” аймагында 617 миң орусиялык аскер бар.

Путин пресс-конференция 2023

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Владимир Путин жылдык басма сөз жыйынында Украинада согушуп жаткан орус аскеринин саны жана курамы жөнүндө айрым сандарды келтирди. Би-Би-Си бул көрсөткүчтөрдүн негизинде орус армиясынын абалы тууралуу кандай тыянак чыгарууга болорун аныктоого аракет кылды.

Владимир Путиндин айтымында, Украинадагы “атайын аскердик операция” аймагында 617 миң орусиялык аскер бар.

“Согуш тилкесинин узундугу эки миң километрден ашат, согуштук аймакта 617 миң адам бар”, - деди ал.

Алардын 244 миңи 2022-жылдын күзүндө башталган биринчи мобилизацияда чакырылгандар.

“Ошол кезде бизде жарым-жартылай мобилизация жүрүп, 300 миң адамды чакырдык (...) Азыр, менин оюмча, 244 миң киши түздөн түз согуштук аймакта турат,” — деди Путин.

Анын айтымында дагы 41 миң адам жаш курагы жеткендигине, ден соолугуна жана башка себептерге байланыштуу аскерден бошотулду.

2023-жылдын башынан тарта мобилизациянын биринчи толкуну аяктагандан кийин орус бийлиги аскердик кызматка контракт менен кабыл алуу өнөктүгүн күчөттү. Путиндин айтымында, ушул кезге чейин жалпысынан бул жол менен 486 миң адам кабыл алынган, жыл аягына чейин бул көрсөткүч дээрлик жарым миллионго жетет.

Путин Орусияда азырынча жаңы мобилизация жүрбөйт деп ырастады. “Бизге азыр мобилизациянын эмне кереги бар? Бүгүнкү күндө анын зарылчылыгы жок”, - деди ал.

Бул сандар эмнени билдирет?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Өткөн жылдын ноябрь айынын башында Путин биринчи мобилизация учурунда чакырылган орусиялыктардын санын жарыялаган.

“300 миң адам мобилизацияланды ... Жалпысы азыр 318 миң. Эмне үчүн 318? Анткени ыктыярчылар да бар”, - деген ал.

Бул сандан аскерден чыгарылган 41 миңди алсак жана Путин “түз эфир” учурунда айткан согуштук аймакта жүргөн 244 миңди алып салсак — анда ортодо 33 миң адам калат.

Орус президенти бул 33 миң кишинин тагдыры тууралуу комментарий берген жок. Ал сөзсүз эле жоготуулардын саны болбошу мүмкүн - Путин "согуштук аймак" жөнүндө айтып жатпадыбы, демек бул мобилизацияланган 33 миң жоокердин айрымдары жөн гана Орусиянын аймагында болушу ыктымал дегенди билдирет.

Учурда фронтто жайгашкан мобилизациялангандардын санына (244 миң) 2023-жылы келишим түзгөндөрдүн санын (486 миң) кошсоңуз, анда 730 миң киши чыгат – демек, орус армиясынын саны жок эле дегенде 2022-жылдын күзүнөн бери ушунчага өстү.

Бул аздыр-көптүр тагыраак деп эсептелген жалгыз көрсөткүч десек болот.

Эмнелер белгисиз бойдон калууда?

Мобилизация башталган 2022-жылдын күзүндө фронтто канча аскер болгону тууралуу маалымат жок болгондуктан, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн чыныгы санын эсептөө кыйын эле.

Биринчиден, Украинадагы орус армиясынын согуш башталгандагы саны (анын ичинде орус аскер бөлүктөрү гана эмес, өзүн-өзү “ЛНР” жана “ДНР” деп атап алган аймактардын куралдуу түзүмдөрү да бар) ар башка булактар тарабынан ар кандай бааланат.

Аскердик эксперттер көбүнчө 300 миң деген санды колдонушат, бирок бул маалыматтар болжолдуу гана болгондуктан, кандайдыр бир тыянакка келүү кыйынга турат.

Экинчиден, каза болгондордун так саны белгисиз бойдон калууда. Би-Би-Синин орус кызматы Mediazona менен биргеликте (орус бийлиги бул басылманы “чет элдик агенттердин” реестрине киргизген) ачык булактардан каза болгондордун санын аныктоого аракет кылууда жана 2022-жылдын 11-ноябрына карата 8712 солдат жана офицер курман болгону тууралуу маалымат ырасталган.

Бирок бул маалыматтар толук эмес, жоготуулардын так саны эки эсе көп болушу мүмкүн. Кошумчалай кетсек, бул маалыматтар “ЛНР” жана “ДНРдин” куралдуу түзүмдөрүнүн курман болгон мүчөлөрүн камтыбайт.

2023-жылдын 1-декабрында чыккан Владимир Путиндин жарлыгы менен Орусиянын куралдуу күчтөрүндөгү аскер кызматкерлеринин саны 1 миллион 150 миң 628ден 1 миллион 320 миңге чейин көбөйөт.

Алардын 130 миңи аскерге милдеттүү түрдө чакырылгандар болот – россиялык бийлик күзгү чакыруу учурунда аскерге дал ушунча адамды чакырууну пландап жатат.

Россиянын президентине ишенсе болобу?

Путин 14-декабрдагы маалымат жыйынында айткан сандарды талдоону кыйындаткан дагы бир жагдай бар.

Аларды чоң согуштун катышуучуларынын бири болгон мамлекет башчысы айтты.

Орусия өзүнүн куралдуу күчтөрү тууралуу көптөгөн маалыматтарды жашырат: атап айтканда, жоготуулар тууралуу маалыматтарды жарыялабайт. Фронттогу аскерлердин саны да көпкө чейин жашыруун болгон.

Демек, Владимир Путин чыныгы маалыматтарды ачыкка чыгарууга кызыкдар эмес деп айтуу логикага туура келет.

Экинчи жагынан, бул расмий билдирүү эгер ал чындыкка коошпосо, анын саясатчы катары аброюна шек келтирет.

Путин жарыялаган сандарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Андан тышкары, болгон расмий жарыяланган маалыматтар ушулар, ошондуктан келечекте көпчүлүк эксперттер жана журналисттер аларды өз материалдарында колдонушат.(ДО)