Орусия: Аскерге электрондук чакыруу. Эмне өзгөрөт?

Published

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Украинадагы согуш Орусиянын армиясына чыныгы сыноо болуп калды

Сүрөттүн булагы, ANDREI RUBTSOV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуш Орусиянын армиясына чыныгы сыноо болуп калды

Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин башчысы жана Коргоо министринин мурдагы орун басары Андрей Картаполов Орусияда аскердик каттоонун жана аскерге чакыруунун жаңы эрежелери “мобилизациялоо” системасын реформалайт, деп билдирди. Бул инсан жаңы эрежелердин долбоорун түзгөн топко мүчө болуп саналат. Деги, бул эрежелер аскерге кошумча чакыруунун (“мобилизациянын”) жаңы толкунунун камылгасы дегенди билдиреби?

12-апрелдин кечинде "Россия 1" сыналгы каналында сүйлөгөн сөзүндө Картаполов мырза Мамдума шашылыш түрдө кабыл алып, шаршемби күнү Федерация Кеңеши жактырган "Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө" мыйзамга карата түзөтүүлөр орусиялык “мобилизациялык жайылтуу” системасын заманага шайкеш реформалоо үчүн зарыл кадам экенин айтты. Анын оюнча, эми аскерге чакыруу тартиби өткөн кылымдын ортосундагы абалга таандык деңгээлден “дүйнөдөгү алдыңкы сереге” чейин көтөрүлмөкчү.

Депутаттын бул сөздөрүн биринчилерден болуп журналист Андрей Захаров “Твиттерде” өзгөчө белгилеп жайылтты (орус бийлиги бул журналистти “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизген).

Би-Би-Си "электрондук ыкмадагы чакыруу кагаздарына" түзөтүүлөрдү кабыл алуу аскерге кошумча чакыруунун (мобилизациянын) ыктымалдуу жаңы толкуну менен байланыштабы же жокпу? деген суроону териштирди. Ал эми орусиялык бийликтер кошумча эч кандай аскерге чакыруу болбойт деп мындай жоромолдорду алигиче четке кагып келишет.

Украинадагы согушга бир жылдан ашты

Сүрөттүн булагы, Anadolu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согушга бир жылдан ашты

Деги “мобилизациялык жайылтуу” деген эмне?

Орусиянын мыйзамдарында “мобилизациялык жайылтуу” деген түшүнүктүн эч бир аныктамасы жок, бирок ал мыйзамдардын тексттеринде арбын кездешет.

“Аскердик милдет жана аскердик кызмат жөнүндө” мыйзамга ылайык, дал ушул мобилизациялык жайылтуу үчүн атайын “Куралдуу Күчтөрдүн кошумча кору” түзүлөт. Бул кошумча курам аскерге чакырылгандардын санын толуктоо мүдөөсүндө үч баскычта (“мобилизациялоо мезгилинде, аскерге кошумча чакырылгандардын күжүрмөн даярдыгын камсыздоо учурунда жана согуш маалында”) кызмат кылмакчы.

“Мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, камылга көрүү иш-аракетине мобилизациялык жайылтуу боюнча атайын окуулар менен машыгуулар камтылат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ачык булактарды карасак, мындай жайылтуу эмнени билдирээри Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтындагы юридикалык күчү жок аскердик-энциклопедиялык сөздүктө гана түшүндүрүлөт. Аскер адистери “мамлекеттин өз аскердик түзүлүшүн тынчтык абалдан согуштук абалга пландуу негизде которуусу” менен байланыштуу иш-чараларды ушул термин менен белгилешет.

Бул иш-чаралардын ичинде "мобилизациялоо мезгилинде " аскердик курамды "согуш мезгилинин муктаждыктарына" ылайыктоо үчүн кошумча кишилер менен толуктоо милдети да бар.

Башкача айтканда, сөздүктө “мобилизациялык жайылтуу” чарасы тынчтык мезгилине жатабы же согуш кырдаалына таандыкпы? деген суроого так кесе айтылчу жооп жок.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, мобилизациялык жайылтуу жалпы (өлкө боюнча) же жарым-жартылай (белгилүү стратегиялык багыттарда же аймактарда) жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Сөздүктө “Запаста болуп келген жарандарды аскерге чакыруу” чарасы Коргоо министринин буйругу менен мобилизациялык жайылтуунун алкагында жүргүзүлөт, деп түшүндүрүлөт. Бул буйруктар ачык жарыяланууга тийишпи же жокпу? деген жагдай такталган эмес.

Эки тарапта тең жоготуулар аз эмес

Сүрөттүн булагы, AFP VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки тарапта тең жоготуулар аз эмес

Мыйзамдык түзөтүүлөрдүн "мобилизациялык жайылтууга" кандайча тиешеси бар?

2021-жылдын августунда эле Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу аскер комиссариаттарынын мобилизациялык жайылтууга өтүүгө даярдыгын талкуулаган болчу. Бул жыйын тууралуу баяндама Коргоо министрлигинин интрнет барагында жарыяланган. Баяндамага караганда, аскер комиссариаттарынын 30%дан ашыгы ошол мезгилге чейин “мобилизациялык жайылтуу” чарасы үчүн заманбап автоматташтырылган системалар менен жабдылган, ал эми 98%ы – аскердик каттоо системасы менен жабдылган.

Аскер комиссариаттарынын төрттөн үч бөлүгү Коргоо министрлигинин “жашыруун каналдары” аркылуу интернетке байланышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлигинин башкы уюштуруу жана мобилизациялык башкармалыгынын жетекчиси Евгений Бурдинский берген түшүндүрмөгө караганда, ал түгүл маалыматтарды санариптештирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон аскер комиссариаттары деле бул маалыматтарды талдап чыгуунун “жабык мүнөзү” аркылуу колдору байланып калышкан, себеби ал мекемелер мамлекеттик тейлөө системалары аркылуу калк менен өз ара алака жүргүзө алышпайт.

Генерал Бурдинский алиги жыйында “мындай акыбалды” түзөтүүнү өтүндү жана аскер комиссариаттары ар кайсы органдардан жана мекемелерден документтерди кагаз жүзүндө алып тургандыктан, бир кишини аскердик каттоого коюу үчүн эле бир жарым айдан ашык убакыт кетет, деп нааразы болду.

Ушул эле жыйында дал ушул 2023-жыл ичинде "Заманбап автоматташтыруу каражаттары, телебайланыш жана башка байланыш каналдары" менен жабдууну толук бүтүрүү пландалып жатканы айтылган.

Ал эми өткөн аптада Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан кабыл алынган түзөтүүлөр аскердик жана жарандык маалымат системаларынын электрондук өз ара аракеттенүүсүн мыйзамдаштырат жана, балким, “мобилизациялык жайылтууну” кескин түрдө тездетүүгө мүмкүндүк жаратышы деле ыктымал.

Орус аскерлери талап тоноого да айыпталып келет. Кремль аны курулай доомот деп кескин четке кагат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орус аскерлери талап тоноого да айыпталып келет. Кремль аны курулай доомот деп кескин четке кагат

Президенттин жаңы жарлыктарысыз эле мобилизациянын экинчи толкуну башталышы мүмкүнбү?

Ооба, албетте, Орусияда мобилизациянын экинчи толкуну жаңы жарлыксыз жүзөгө ашырылышы ажеп эмес. Анын мындайча жүйөөсү бар: Владимир Путиндин жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндөгү буга чейинки жарлыгы жокко чыгарыла элек болчу, демек, мобилизациялык мезгил расмий жактан дагы эле соңуна чыга элек.

Шойгу аскерге кошумча чакыруу (мобилизация) чакыруу аяктагандыгы тууралуу билдирген болчу, бирок муну тастыктаган бир дагы документ жарыяланган эмес.

“Жаран. Армия. Укук” укук коргоо уюмунун (бул уюм Орусияда “чет элдик агент” деп жарыяланган) жетекчиси Сергей Кривенконун Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, негизи, аскер комиссариаттары запастагыларга аскерге кошумча чакыруу кагазын каалаган убакта жана каалаган санда жөнөтө алат.

Аскерге чакыруунун жана аскердик каттоонун жаңы эрежелери, анын пикиринде, "мобилизациялык жайылтуу" деген түшүнүк сыяктуу эле анчейин так аныкталып берилген эмес.

Аскердик кызматтан качкандардын укуктарын чектөөнүн мобилизациядан качкандардын укуктарын чектөөдөн айырмасы барбы?

Азыркы учурда алардын укуктарын чектөөлөр өз ара айырмаланышат. Ал эми түзөтүүлөр күчүнө киргенден кийин алар өз маңызы боюнча бирдей болуп калышат.

Жашы боюнча аскерге чакырылуучунун өлкөдөн чыгуусу мурдагыдай эле ага чакыруу кагазы жөнөтүлгөн учурдан тартып эмес, чакыруу комиссиясы аны чакыруу же атаандаш жарандык кызматка жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алган учурдан тартып чектелип келди. Бул эреже дароо эле майнапсыз болуп чыккан, дейт Кривенко.

Эгерде аскерге чакырылып жаткан конкреттүү киши аскердик бөлүккө жөнөтүү үчүн келбей калса жана аскерге чакыруу чечимине каршы даттанбаган болсо, анда комиссия бул аскерге чакырылуучуну чек арадан чыгарууга тыюу салуу жөнүндө чек ара кызматтарына кабарлай алат (эми бул учурда анын даттануу аракети убактылуу токтотулмакчы, себеби жаңы түзөтүүлөр анын бул укугун жокко чыгарат).

Жаңы эрежеге ылайык, чакыруу кагазын алган аскерге милдеттүүлөргө ал тапшырылды деп эсептелген күндөн тартып өлкөдөн чыгууга тыюу салынат (бул үчүн мындан ары дүмүрчөк жеткирип, кол койдуруп алуу талап кылынбайт). "Мамлекеттик тейлөө кызматтары" ("Госуслуги") жаатын алсак, анда чакыруу кагазы тийешелүү кишинин электрондук почтоо эсебине жетсе эле, бул чакыруу кагазы тапшырылды деп саналып калат.

Украинадагы согуш аскерлердин эмес, технологиянын согушу болуп калды дешет айрым адистер

Сүрөттүн булагы, Аnadolu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинадагы согуш аскерлердин эмес, технологиянын согушу болуп калды дешет айрым адистер

Азыр деле кошумча аскердик чакыруу (мобилизация) жасалган учурда запаста жүргөн бардык кишилерге аскер комиссариатынын уруксатысыз өлкөдөн чыгып кетүүгө айдан ачык тыюу салынат. Былтыр күзүндө эркек кишилерди чек ара бекеттеринде жана аба майдандарында көп жолу токтотуп сурамжылашкан. Бирок бул тыюу салуу иш-аракетин толук жүзөгө ашыруу кыйынга турду, деп эсептейт Кривенко.

Эми атайын тизмелер жана электрондук чакыруу кагаздары “аскерден жылт койгусу келгендер” үчүн чек араны жабууну мүмкүн болушунча жеңилдетет, – дейт адис Кривенко.

Ошол эле учурда аскер кызматына милдеттүүлөрдүн бардыгына тең башка бардык укуктук чектөөлөр, – мисалы, жеке ишкердин ишканасын каттоого же "өз алдынча иш жүргүзүүгө", мүлккө ээ болуу, автоунаа айдоо, насыя алуу, жаңы эрежелер боюнча батирди сатууга карата чектөөлөр, – мындан ары киргизилет.

“Абийирге чакыруу” уюмунун укук адистери кыймылсыз мүлккө байланыштуу амалдарды ишеним кат аркылуу жүргүзүү мүмкүн эмес болуп калат ко, деп кооптонуп жатышат. Мындан тышкары, жергиликтүү (чөлкөмдүк) бийликтер тарабынан да төлөмдөргө жана жеңилдиктерге кошумча чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.

Адистердин жоромолуна караганда, эгерде аскерге кошумча чакыруунун (мобилизациянын) экинчи толкуну башталып калчу болсо, анда Орусиянын эркектеринин басымдуу бөлүгү дал ушундай укуктук чектөөлөргө дуушар болушмакчы. (TT)