Пентагондун жашыруун документтеринин чуусу: Басма сөз эмне дейт?

Published

Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы

Reuters

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Reuters

Дүйнөлүк басма сөз Интернетте пайда болгон ондогон файлдарды изилдөөнү улантууда. Көпчүлүк басылмалар аларды ишенимдүү түрдө "Пентагондун жашыруун документтери" деп аташууда жана алардан улам жаңы жана кызыктуу учурларды табышууда. Мисалы, аларда чалгын кызматынын Путиндин же Зеленскийдин ыктымал өлүмү жаатындагы божомолдору; АКШнын араб өнөктөштөрүнүн Орусия менен кызматташтыгы тууралуу айың кеп же украин куралдуу күчтөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу маалымат камтылган.

Би-Би-Си капысынан мыйзамсыз ачыкка чыккан жашыруун документтерде камтылган кээ бир маалыматтар тууралуу, атап айтканда, Орусиянын Украинага каршы баскынчыл согушундагы тараптардын жоготуулары жаатында баалоо, америкалык чалгын мекемелеринин АКШга өнөктөш өлкөлөрдүн жетекчилигине байкоо жүргүзүүсү тууралуу, Украинадагы Батыштын атайын күчтөрүнүн чакан кошуундарынын аракети же Сербиянын Украинага курал-жарак жеткирүүгө болжолдуу камылгасы жаатында буга чейин сөз кылган.

Адатта, тиешелүү аткаминерлер капыстан ачыкталып калган документтердин мазмуну боюнча комментарий беришпейт же андагы маалыматтар жалган же эскирген деп айтып тим болушат. Мындай билдирүүнү акыркылардан болуп Украинанын коргоо министри Алексей Резников жасады.

Бирок журналисттер интернетте капысынан өз жолун тапкан ондогон документтердин арасынан улам жаңы маалыматтарды иргеп чыгышып, басма сөздө аларды байма-бай чагылдырышууда.

Президенттердин ыктымал өлүмү жана Кремлге карата сокку

"Нью-Йорк таймс" (The New York Times) басылмасы Украинадагы улантылып жаткан ири согуштагы кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртө турган окуялар болгондо, атап айтканда: Орусиянын президенти Владимир Путиндин же Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ыктымал өлүмдөрү, Орусиянын аскер жетекчилигин күч менен кызматтан кетирүү жана украиндер тарабынан Кремлди көздөй болжолдуу өч алуу соккусу сыяктуу ыктымал окуялар орун алып калса, эмне иш-аракет кылуу керектиги жөнүндөгү АКШнын чалгын кызматтарынын сунуштаган долбоору жөнүндө жазып чыкты (бул маалымат кардарларга акы төлөнүп окула турган усулда сунушталды).

Украинанын Донецк облусундагы Часов Яр шаарында жайгашкан украин жоокерлери

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын Донецк облусундагы Часов Яр шаарында жайгашкан украин жоокерлери

Бул басылма белгилегендей, жогорудагы болжолдуу сценарийлер күтүүсүз кесепеттерге дуушар кылчу окуялар (англисче Wild card) катары белгиленген. Мында кырдаалдын өтө курчушунан – тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чейинки бардык болжолдуу орто жолдогу варианттар да көңүлгө алынган. АКШнын аскердик чалгын кызматы бул окуялардын ыктымалдуулугуна жана анын кесепеттерине баа бербестен, жөн гана кол башчыларга жана саясатчыларга мындай окуя болуп кетсе, эмне кылуу керектиги жөнүндө өз алдынча таразалоого жем таштайт.

Документтин датасы катары 24-февраль күнү көрсөтүлгөн жана анда "Бир жыл" деген белги камтылган; башкача айтканда, ал документ Орусиянын Украинага каршы ири өлчөмдөгү согушунун башталышынын бир жылдыгына карата атайын түзүлгөн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Төрт ыктымалдуу сценарий долбоорлорунун биринде Украина Кремлге сокку урат делет. Мындагы өлкөлөр туш болчу мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири чөйрөсү аныкталган. Бул окуя абалды ого бетер курчутушу мүмкүн: мисалы, Путин мырза коомчулуктун нааразычылыгына жооп иретинде аскерге толук өлчөмдө жаңыдан чакыруу жүрүмү менен жооп берип, тактикалык өзөктүк куралды колдонуу жагын да караштырышы ажеп эмес".

"Нью-Йорк таймс" басылмасы Орусиянын калкынын терең тынчсыздануу сезими Путинди окуяны тынчтык жол менен жөнгө салууга түртүшү деле мүмкүн деп америкалык бийликтер жүйөөлөр келтиргенин да белгилеген.

Африкадан келген кардарлардын соодалашуусу

"Нью-Йорк таймс" басылмасы сөз кылган дагы бир жашыруун документ – бул Мали бийликтери менен Орусиянын мунай соодасы жаатындагы сүйлөшүүлөрү тууралуу баяндама.

Датасы 2023-жылдын 17-февралы деп көрсөтүлгөн бул документке ылайык, малилик бийликтер Орусиянын Отун-кубат министрлиги жана "Вагнер" жоочулар тобу [бул жеке менчик компаниянын жалданмалары Малидеги хунтанын тарабында урушка катышып жатышат. – Би-Би-Си] менен байланышкан бир фирма менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө орустар сунуштаган баага макул болушкан эмес. Алар Орусия сунуштаган мунайдын баасы жаатында соодалашууну дагы эле улантып жатышат, делет бул документте.

Арабдык ийкемдүү жүрүштөр

Ал эми Улуу Британиядагы "Таймс" (The Times) гезити АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү – Египет жана Бириккен Араб Эмирликтери Орусия менен тымызын түрдө өз ара мамилелерин жандантып жатышканы тууралуу жашыруун документтерде камтылган маалыматты баса белгилеген (бул басылма да ушул маалыматты окуу үчүн окурмандын акы төлөөсүн талап кылат).

Египет, ачыкка чыккан документтерге ылайык, Орусиянын замбирек огун жапырт атуучу "Град" аскерди унаасы үчүн атайын окторду өндүрүп чыгаруу маселесин карап чыгышы мүмкүн. Бул жөнүндө көптөгөн басылмалар, анын ичинде Би-Би-Си да буга чейин эле билдиришкен болчу. АКШ да, Египет д бул жоромолду "жарабаган сөз" катары четке кагышкан.

"Орусиялык расмий аткаминерлердин сүйлөшүүлөрүнүн жаздырылып алынган текстине караганда, Бириккен Араб Эмирликтери АКШнын жана Улуу Британиянын чалгын кызматтарына каршы Кремль менен кызматташууга макул болгон", – деп жазат "Таймс".

БАЭ бул айыптоолорду дароо четке какты.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана БАЭнин Тышкы иштер министри Шейх Абдулла ибн Зайид Аал Нахйаан.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана БАЭнин Тышкы иштер министри Шейх Абдулла ибн Зайид Аал Нахйаан

"Таймс" гезитинин жазышынча, Бириккен Араб Эмирликтери (ошондой эле Сауд Арабстан дагы) Путин бийлеп жаткан Орусия менен Си Цзинпиндин Кытайына боор толгоп жатышканын эч деле жашырышпайт, бирок ошол эле учурда АКШ менен, – андан азыраак өлчөмдө болсо да Улуу Британия менен деле, – өз ара карым-катнаштарына көлөкө түшүрүүгө деле эч барбай тургандай.

Украинанын каршы чабуул жасоого дарманы жетпейби?

Украина абал канчалык оор болбосун жеңебиз деп келет

Сүрөттүн булагы, GLOBAL IMAGES UKRAINE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина абал канчалык оор болбосун жеңебиз деп келет

Америкалык "Вашингтон Посттун" (Washington Post) артынан британиялык "Дейли Телеграф" (The Daily Telegraph) гезити бир ачыкталган документке астейдил көңүл бурду. Ал документке караганда, Украина ири жана байсалдуу чабуул жасоо үчүн жетиштүү күчкө ээ эмес сыяктанат, деп америкалык чалгын кызматтарынын өкүлдөрү жоромол кылышкан имиш. (Бул маалымат да акы төлөгөн кардарлар тарабынан гана толук окулат).

"Бул документте айтылгандай, Кошмо Штаттарда (украиндердин) каршы чабуул жасоо пландарынын ишке ашуусу боюнча олуттуу суроолор бар жана алар бул аскер амалдары "орто саар гана аймактык жеңип алууларга" алып келиши ыктымал го деп кооптонушат”, – деп "Дейли Телеграф" жазып чыкты.

Ырас, алиги гезит өзү эске салгандай, бул документ 2023-жылдын февралынын башында даярдалган жана андан бери Украинаны курал-жарак жана ок-дары менен жабдуунун абалы кескин өзгөрүшү ажеп эмес.

Маселен, 2023-жылдын 13-апрелинде Германия өкмөтү Польшанын бийликтерине беш "МиГ-29" учагын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн карамагына жөнөтүүгө уруксат кылды. Буга чейин поляктар тарабы Германиядан бул үчүн тиешелүү уруксат сураган, анткени бул аскердик учактар Варшавага мурдагы ГДРдин аскердик кампаларынан чыгарылып берилген болчу.

Украинанын абадан коргонуусунун акыбалы жаатындагы "сергитээр баа"

Украина аскерлери абадагы өтө жогорку бийиктиктеги буталарга каршы күрөштө негизинен С-300 жана "Бук" ракета аткычтарын колдонушат. Сүрөттө – Орусияга таандык "Бук" ракета аткычы.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украина аскерлери абадагы өтө жогорку бийиктиктеги буталарга каршы күрөштө негизинен С-300 жана "Бук" ракета аткычтарын колдонушат. Сүрөттө – Орусияга таандык "Бук" ракета аткычы.

Кырк жылдан ашык убакыттан бери эл аралык саясат, согуштар жана чалгын көйгөйлөрү тууралуу чагылдырып келе жаткан Дэвид Игнатиус – "Вашингтон пост" басылмасынын серепчиси. Ал, капыстан ачыкталып калган документтерге таянып, азыркы Украин Куралдуу күчтөрүнүн ок-дарыга таңкыстыгы тууралуу өз серебинде санааркоо менен белгиледи. Бирок ал 2023-жылдын 23-февралы менен даталанган документке таянган.

Игнатиустун айтымында, 6 чакырымдан да бийик учкан буталарды атуу үчүн украин жоокерлери 89%га таянган ракета аткычтар – булар мурдагы советтик "Бук" жана С-300 жабдуулары.

Ошол эле учурда, эгерде мурдагы чыгашалар ыргагы сакталып калчу болсо, анда америкалыктар быйыл февраль айында эсептегендей, украиндер 31-мартка чейин "Бук" жабдуусунун ракеталарын түгөтүшмөк, ал эми С-300 жабдуулары атчу ракеталар 2-майга карата түгөнүшү ыктымал болчу.

Америкалык ардагер журналист Дэвид Игнатиус өз серебин: "Бул чалгын документтери Украинадагы кырдаалды тагыраак чагылдырышат жана азыркы абалга карата сергитчү бааны сунушташат", – деп жыйынтыктаган. (TT)