Аралыктагы терракттардын уюштуруучусу Сирожиддин Мухтаров деген ким?

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эл аралык издөөдө жүргөн теги уйгур, кыргыз жараны Сирожиддин Мухтаров орус аба күчтөрү тарабынан Сирияда жок кылынды деген кабар тарады. Кыргызсьтандын атайын кызматы бул маалыматтын чын төгүнүн ырастап жатканын билдирген.

Мухтаров 8-сентябрда Россиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн Идлиб провинциясындагы согушкерлердин лагерине жасаган соккусунун натыйжасында жок кылынганы тууралуу кабарлар чыкты.

Кыргызстанда тыюу салынган "Аль-Каиданын" ашынган жайылтуучусу жана постсоветтик мейкиндиктеги эң көп издөөгө алынган террорист ким болгон?

Ал Абу-Салох деген каймана ат менен жургөнү айтылат

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ал Абу-Салох деген каймана ат менен жургөнү айтылат

Сирожиддин Мухтаров Кыргызстанда туулган. Анын кичи мекени Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылы. Уйгур тектүү кыргызстандык үй-бүлөдө өскөн. Сыртка чыгып, диний билим алып келгенден кийин жергиликтүү мечиттердин биринде имам катары иштегенге да жетишкен.

Ал Кыргызстандан биротоло 2013-жылы чыгып кеткени белгилүү.

Сирияда Сирожиддин Мухтаров ал өлкөнүн бийлигине жана аны колдогон орусиялык күчтөргө каршы согушкан “Катиба Тавхид валь-Жихад” террордук уюмун жетектеди.

“Бул террористтик уюмдун аты “Бир Кудай жана Жихад” деп которулат. Бул уюм терракттарды уюштуруп келгени менен белгилүү. Андыктан Кыргызстандын Баш прокуратурасы ага тыюу салган. Булардын идеологиясы тууралуу сөз кылсак, биз тутунган ханаби мазхабын булар тааныбайт, эрежелери андан катаал болсун дегенгер”, - деди Дин иштери боюнча комиссиясынын мурунку төрагасы Орозбек Молдалиев.

Кыргызстанда экстремисттик деп таанылган бул уюмду өлкө ичинде, сыртында дагы бир катар террактарды уюштурган деп айыптап келишет.

Петербург, 2017-жылдагы метродогу жардыруу

Сүрөттүн булагы, www.kommersant.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Петербург, 2017-жылдагы метродогу жардыруу

“Катиба Тавхид валь-Жихад” 2017-жылдын апрель айында Санкт-Петербургдун метросунда 15 адамдын каза таап, 100гө жакыны жаракат алган терактты уюштурууга катышкан. Россиянын атайын кызматы бул кол салууга орус күчтөрүнүн Сириядагы аскердик аракеттери себеп болгонун жана ага буйрукту дал ушул Сирожиддин Мухтаров бергенин айтышат.

Тергөө анда метродогу жардырууну “Кыргызстанда төрөлгөн каймана аты "Абу-Салох" аттуу Сирожиддин Мухтаров жана “Ахмед” аттуу каймана аты бар өзбек жараны Бобиржон Махбубов” уюштурганын аныктап чыккан.

Ал эми Кыргызстандын УКМКсынын маалыматы боюнча, Сирожиддин Мухтаров 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болгон терактты уюштурууга дагы буйрук берген. Анда жанкечти каза таап,  элчиликтин үч кызматкери жаракат алган эле.

Бишкектеги кытай элчилиги алдындагы терракт

Сүрөттүн булагы, Акипресс

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги кытай элчилиги алдындагы терракт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кичинесинде көп балдардын бири болгон Мухтаров 2000-жылдары Сириядан диний билим алып келгени айтылат. Андан соң өзү туулган айылда ал кыска мөөнөттө имам болуп иштеген. Бул жылдары ал канча адамды азгырганга үлгүргөнү айтпаса да түшүнүктүү.

2012-жылы Сириядагы "Катибат Имам аль-Бухари", тобуна кошулуп кетип, кийин тарапташтары менен "Катиба Тавхид валь-Жихад" тобун түзгөн.

Ал тууралуу Кыргызстанда 2015-жылдан тарта сөз боло баштады. Ошол жылы декабрда Кара-Суунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында өз үйүнө жакын жерде 37 жаштагы Юнусжан Абдужалилов деген адамды террордук уюмдун өкүлдөрү атып кеткен. Кийин бул окуя боюнча 16 киши кармалган.

"Бул куралдуу топко адам өлтүрүү боюнча буюртманы "Абу Салох" (Сирожиддин Мухтаров) ысымдуу террордук топтун башчысы бергени белгилүү болуп, ага издөө жарыяланган", - деди Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Соңку жолу анын ысымы 2017-жылдын сентябрь айында аталып, Кыргызстандын УКМКсы Сирожиддин Мухтаровдун көрсөтмөсү менен теракт уюштурууну пландаган жаран кармалганын айтып чыккан эле.

Артур Медетбеков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Артур Медетбеков, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары

"Сирожиддин Мухтаров диндик, экстремисттик идеяга алданып, өзү менен кошо бир нече кыргызстандык жаш улан-кыздарды Сирияга чакырып, ала кеткен. Ал жерде алар чоң согуштук аракеттерге катышкан. Ал “Жебхат ан-Нусра” деген сирия өкмөтүнө каршы чыккан уюмга кошулат да, анын талаа командирлеринин бири болгон. Ал мүчө болгон уюм АКШнын атайын кызматы менен байланышта болгону да айтылып келет. "Абу-Салох" деген ысымды ал ошол жактан алып, таанымал болгон", -деди коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков Би-Би-Сиге.

 Дагы бир эксперт дин жана саясат изилдөөчү Уран Ботобеков  Абу Салох өзбек, уйгур, орус жана араб тилдеринде эркин сүйлөп, ал 2000-жылдары Сирияда Аль-Фатах аль-Исламия ислам университетинде окуп келгенин тактайт.

“Дал ушул жерде ал салафизм менен ваххабизм сыяктуу диний радикал агымдардын негиздөөчүлөрү болгон Ибн Таймийи менен Абд аль-Ваххабдын теологиялык эмгектерин окуп, "Аль-Каиданын" идеологиялык колдоочусуна айланган. Университетти бүткөндөн кийин ал Кыргызстанга кайтып келип, Ош областындагы мечиттердин биринде имамдын жардамчысы болуп иштеген. Ваххабиттердин адабиятын өзгөчө ынтаалык менен окуу, салафиттердин идеясына ынтызарлык менен берилүү аны 2012-жылы кайра Сирияга алып келген.  Куран боюнча билими терең, чечендик өнөрү жана лидерлик сапаттары бар Абу Салах бат эле алдыга суурулуп чыгып, моджахеддердин руханий башчысы болуп калды”.

Сирожиддин Мухтаров Сириянын өкмөттүк аскерлери менен болгон согуштарда көзүнөн жарадар болуп, Түркиянын Газиантеп шаарында дарыланып да чыкканы да айтылат.

Куру чечендик жагынан ал Борбордук Азиядан чыккан террористтердин лидерлеринин арасында алдына киши салбасы да айтылып келет.

Абу Салох интернет технологиясын да мыкты өздөштүрүп, өзүнүн пропагандисттик аудио-видеороликтерин, анын ичинде Сириядагы өзбек согушкерлеринин согуштук аракеттери жөнүндө аңгемелерин социалдык тармактары аркылуу да таратып келген.

Ошентип Абу Салох Усама бен Ладендин жолун жолдогон, "Аль-Каиданын" жалындуу пропагандисти жана постсоветтик мейкиндиктеги эң көп издөөгө алынган террорист болуп калды. Аны орус аскердик күчтөрү жок кылганы айтылууда. Айткан дегени, тараткан идеясы тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдарга байланыштуу делген Мухтаровдун ишмердиги Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар менен такай чырмалышып келди.