"Микрочип согушу": Кытайдын кадамы дүйнөгө кандай таасир этет?
Annabelle Liang, Nick Marsh, BBC News

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ менен чип согушу күчөп бараткандыктан, Кытай жарым өткөргүч өнөр жайынын негизи болгон эки заттын экспортун чектегени калды.
Жаңы көзөмөл эрежесине ылайык, дүйнөнүн экинчи ири экономикасынан галий жана германийди экспорттоо үчүн атайын лицензиялар талап кылынат.
Бул заттар чиптерди жасоодо колдонулуп, аскердик багытта да иштетилет.
Мындай чектөөлөр Вашингтондун Бээжинди алдыңкы микропроцессордук технологияларды алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракетинен кийин пайда болду.
Бүгүнкү күндө Кытай галий менен германийди камсыз кылуу чынжырындагы эң ири өлкө. Critical Raw Materials Alliance (CRMA) өнөр жай кызматынын маалыматы боюнча, Кытай дүйнөдөгү галлийдин 80% жана германийдин 60% өндүрөт.
Бул материалдар “кичи металлдар”, алар адатта табиятта өз алдынча кездешпейт жана көбүнчө башка процесстердин кошумча туундусу болуп саналат.
АКШ менен Япониядан тышкары, ASML чип жабдыктарынын негизги өндүрүүчүсү болгон Нидерландия да Кытайга чип технологиясын экспорттоого чектөө киргизди.
BMO Capital Markets инвестициялык фирмасынын өкүлү Колин Гамильтон Би-Би-Сиге: "Нидерланддын чип экспортуна киргизген чектөөлөрүн эске алганда, Кытайдын мындай билдирүүнү тараткан убактысы кокусунан азыркы учурга туш келген жок" деп айтты.
"Жөнөкөй тил менен айтканда, эгерде силер бизге чиптерди бербесеңер, биз силерге ал чиптерди жасоо үчүн материалдарды бербейбиз деген сөз" деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дүйнөнүн эң ири эки экономикасынын ортосундагы тынымсыз тирешүү, "ресурстук улутчулдук" деп аталган көрүнүштүн күчөшү тууралуу тынчсызданууну жаратты. Ал, өкмөттөр башка өлкөлөргө таасир көрсөтүү үчүн эң керектүу материалдарды бөлүшпөй топтоп алгандагы абал.
Бирмингем университетинин баалуу материалдарды изилдөөчү кызматкери доктор Гэвин Харпер: "Биз өкмөттөрдүн глобалдашуу темасынан барган сайын алыстап баратканын көрүп жатабыз" дейт.
"Эл аралык рыноктор керектүү заттарды жөн эле бере берет деген идея азыр жок, эгерде сиз бул абалга кененирээк карасаңыз, батыш өнөр жайы кандайдыр бир экзистенциалдык коркунучка туш болушу мүмкүн экенин көрөсүз."
Галлий арсениди - галлий менен мышьяктын кошулмасы - жогорку жыштыктагы компьютердик чиптерде, ошондой эле жарык берүүчү диоддорду (LED) жана күн панелдерин өндүрүүдө колдонулат.
CRMA’нын маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча чектелген сандагы компаниялар гана электроникада колдонуу үчүн галлий арсенидин зарыл болгон тазалыкта чыгара алышат.
Германий микропроцессорлорду жана күн батареяларын өндүрүү үчүн да колдонулат. Ал ошондой эле "аскерлерге эң зарыл" болгон караңгыда көрүүчү көз айнектерди жасоодо колдонулат, деди Гамильтон мырза.
Бирок, Колин Гамильтон мындай деп кошумчалады: "Альтернатива болушу үчүн металл эритүүчү заводдордордон аймактарды камсыздоо жетиштүү болушу керек. Кытай бул тармакта чын эле үстөмдүк кылгандыктан, жогорку сапаттагы жарым өткөргүчтөрдүн маселесин чечүү кыйыныраак болот. Бул колдонулган материалдарды кайра иштетүүгө түрткү болушу мүмкүн. "
Өткөн айда Пентагондун өкүлү АКШда германий запасы бар, бирок галлийдин запасы жок деп билдирген.
Пресс-катчы "[Коргоо] департаменти микроэлектроника жана космостук проекттерде керектелүүчү маанилүү материалдарды, анын ичинде галий жана германийди өз өлкөбүздө казып алууну жана кайра иштетүүнү жогорулатуу үчүн активдүү кадамдарды жасап жатат" деп кошумчалады.
Ошентсе да, Кытайдын экспорттук чектөөлөрү келечекте кыйсыл бир деңгээлде таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай галлий менен германийдин алдыңкы экспорттоочусу болгонуна карабастан, компьютердик чиптер сыяктуу компоненттерди өндүрүүдө ал материалдарды алмаштырса болот, деп билдирди саясий тобокелдиктер боюнча Евразия Групп консультациялык фирмасы.
Ошондой эле Кытайдан тышкары деле активдүү түрдө кен казган жана кайра иштеткен ишканалар бар, деп кошумчалады ал.
Фирма Кытай он жыл мурун сейрек кездешүүчү минералдардын экспортун чектеген кездеги окшоштуктарды баса белгилеген.
Евразия Групптун изилдөөсү боюнча, ошол кезде көбүрөөк экспорттоочулар пайда болуп, он жылга жетпеген убакыттын ичинде Кытайдын сейрек кездешүүчү заттарды жеткирүү чынжырындагы үстөмдүгү 98%дан 63%га чейин төмөндөгөн.
"Биз галлий менен германийдин альтернативдүү булактарын иштеп чыгууну жана колдонууну, ошондой эле бул товарларды кайра иштетүү жана жеткиликтүү болгон башка булактарын аныктоо боюнча күч-аракеттерди көрөбүз деп ойлойм", - деди Би-Би-Сиге Евразия Групптун Кытай жана АКШ-Кытай корпоративдик иштери боюнча директору Анна Эштон.
"Бул Кытайдын жакында жарыялаган экспорттук чектөөлөрүнүн натыйжасы эмес. Бул өсүп жаткан суроо-талаптын, күчөгөн геостратегиялык атаандаштыктын, ишенбөөчүлүктүн жана Кытайдын саясий жана стратегиялык максаттар үчүн импортту жана экспортту чектөөгө даярдыгынын натыйжасы." - деп кошумчалады ал.
Октябрда Вашингтон АКШнын каражаттарын же программалык камсыздоосун колдонуп, Кытайга чиптерди экспорттогон компаниялардан, ал чиптер дүйнөнүн кайсы жеринде жасалганына карабастан, лицензия талап кыларын жарыялаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай Вашингтон киргизген экспорттук көзөмөлгө жооп катары АКШны “технологиялык гегемония” деп көп айыптап келет.
Акыркы айларда Пекин АКШны аскердик тармагы менен байланышы бар америкалык фирмаларга да чектөөлөрдү киргизген, мисалы Lockheed Martin аэрокосмостук компаниясы.
Ошол эле учурда батыш өкмөттөрү Кытай “тобокелинен арылуунун” зарылдыгы жөнүндө айтышты, бул чийки зат жана даяр продукция үчүн Кытайга азыраак көз каранды болуу дегенди билдирет.
Бирок, жеткирүү чынжырларын диверсификациялоо жана галий жана германий сыяктуу металлдарды казып алуу, андан дагы, аларды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн түзүү көп жылдарды талап кылат.
Узак мөөнөттөн алып караганда, Австралия жана Канада сыяктуу пайдалуу кендерге бай өлкөлөрдө, мындай материалдык кризисти мүмкүнчүлүк катары карашат.
Экспорттордун айтымында Кытай менен АКШнын ресурстарды жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү курал катары колдонуусу дүйнө жүзүндө экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Анткени, учурдагы маанилүү жашыл технология бул сыяктуу материалдардан көз каранды.
“Бул бир элдин маселеси эмес, жалпы адамзаттын көйгөйү. Мен, саясатчылар өздөрүн эң жакшы жагынан көрсөтүшүп, бир столго отурушуп, энергияны таратууда эң олуттуу болгон зарыл материалдардын жеткиликтүү болушун камсыздай алат деп үмүттөнөм. Анткени ал заттар менен көмүр-кычкылтектин эмиссиясын азайтуудагы кыйынчылыктардын кээ бирин жойсо болот,”- дейт доктор Харпер.
Акыркы учурдагы экспорттук көзөмөлдүн таасири өнөр жай же керектөөчүлөр үчүн катастрофалык болбосо да, эксперттер, бул тенденция кайда баратканына көңүл буруу маанилүү экенин эскертишет.
"Көчөдөгү эркек менен аялдын галлий жана германий менен иши жок. Бирок ошол эле кезде, аларды унаасынын баасы канча турары же жашыл технологияга өтүү канчалык кымбат болору ойлондурат. Кээде алыскы өлкөлөрдө болуп жаткан абстракттуу саясат адамдардын жашоосуна чоң таасирин тийгизген нерсеге айланат," – деп кошумчалады Доктор Харпер.



































