Израил-Палестина: “Хамас” ок чыгарбоо келишимине жакындаганын айтууда

Сүрөттүн булагы, EPA
“Хамас” тобунун жогорку даражадагы расмийи “бир нече күндүн” ичинде Израил менен ок чыгарбоо келишимине кол коюлат деп жарыялады. Учурда жаңжал уланып жатат.
“Менимче, ок чыгарбоо келишимине жетүү аракеттери ийгиликтүү болот. Бир же эки күндүн ичинде келишимге жетебиз. Эки тарап тең ок чыгарбоо келишимин каалап турат”,-деп билдирди “Хамастын” өкүлү Муса Абу Марзук.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху болсо шаршемби күнү “өлкөнүн жарандарынын коопсуздугу камсыздалмайынча” аба соккулар улана берет деп айткан.
Бейшемби күнү таңга маал Израил “Хамаска” таандык делген жүздөн ашуун имаратты абадан бутага алды. Палестиналык куралчан топтор болсо Израилдин соккуларына ракеталар менен жооп кайтарды.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Учурда эл аралык коомчулук эки тарапты кысымга алып, жаңжалды токтотууга аракет кылууда. Аптанын башында Франция, Египет жана Иордания биргелешип БУУнун Коопсуздук кеңешине элдештирүү жана гуманитардык жардам уюштуруу резолюциясынын долбоорун киргизген. Бирок бул резолюцияга АКШ вето укугун колдонду. Вашингтон бул кадам “абалды турукташтыруу аракеттерине” тоскоолдук жаратат деп айтты.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигине ылайык, өткөн аптада башталган жаңжалда Газада кеминде 227 киши каза тапты, анын ичинде жүздөн ашуун аялдар менен жаш балдар. Израил Газада каза тапкандардын 150 куралчан топтун мүчөсү экенин айтууда. “Хамас” тобу каза тапкандардын санын ачык жарыялабайт.
Израилде 12 киши каза тапты, анын ичинде эки жаш бала. Израилдин армиясы жаңжал башталгандан бери Газадан төрт миңден ашуун ракета атылганын айтууда.
Соңку тирешүү Иерусалимдеги ыйык саналган Ал-Акса мечитине кирүүгө чектөөлөр киргизилгендиктен жана соттун бир нече палестиналыкты үйүнөн чыгаруу чечиминен кийин чыкты. Буга жооп кылып палестиналык куралчан топтор Израилди көздөй ракета аткан.
Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму толук кандуу согуш тутанып кетиши мүмкүн экенин эскерткен. Мындай масштабдагы тирешүү 2014-жылдан бери орун ала элек болчу. Анда Израилдин армиясы Газадан атылган ракеталарга жооп кылып, аймакта аскердик операция өткөргөн.
































