Пермь университетинде атышуу: алты киши каза болду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Пермь университетинин корпустарынын биринде белгисиз адам ок чыгарган. Такталган маалымат боюнча, алты адам каза болгон. Буга чейин сегиз адамдын өлүмү тууралуу кабарланган.
“Пермде полиция университетке ок чыгарган кишини кармады”, - деп билдирет Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги.
“Бүгүн эртең менен нөөмөт бөлүмүнө Пермь Мамлекеттик Улуттук Изилдөө университетинин (ПМУИУ) аймагында октун добушу угулуп жатканы тууралуу кабар келип түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында, кол салган адам полиция кызматкерлери тарабынан кармалган”, - деп айтылат маалыматта.
“Кол салуунун натыйжасында алты адам каза болуп, 24 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн”, - деп билдирди Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы. Буга чейин сегиз киши каза болуп, 28и жаракат алганы кабарланган.
“Шектүүнүн тек-жайы такталды. Каршылык көрсөткөндүгү үчүн ал кармоо учурунда жаракат алган”, - деп айтылат тергөөдө. Билдирүүдө кол салган адамдын аты айтылган эмес.
РФТК кол салган адам ооруканада экенин тактады. Ал май айында мыйзамдуу түрдө сатып алган мергенчилик мылтыгынан ок чыгарганын департаменттен билдиришти.
Алгач ПМУИУ ок аткан киши өлтүрүлгөнүн кабарлаган, бирок кийинчерээк бул билдирүү университеттин сайтынан жоголгон. Окуядан кийин бийлик аймактагы бардык билим берүү мекемелериндеги сабактарды токтоткон. 21-сентябрь Пермь аймагында аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Мамлекеттик Думанын депутаты Александр Хинштейн да кол салган киши курал алуу боюнча мыйзам күчөтүлгөнгө чейин куралын мыйзамдуу түрдө алганын айтты.
Хинштейн айткан курал алуу боюнча мыйзамды күчөткөн түзөтүүлөр мурунку көп сандагы курмандыктар болгон окуядан кийин кабыл алынган: ушул жылдын май айында 19 жаштагы Ильназ Галявиев Казандагы өзү окуп бүткөн N175 гимназияда жети адамды өлтүргөн.
“Кол салган адам мыйзам күчүнө кире электе бардык документтерди бүтүргөн, бул медициналык текшерүүнү жана курал алуу боюнча талаптарды катуулаткан түзөтүүлөр ишке кире электе. Чынында бул маалымат абалды ордуна келтирбегени өкүндүрөт”, - деп жазган Хинштейн өзүнүн Telegram каналында .
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
Окуянын күбөсү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Каргашалуу окуянын атын атагысы келбеген күбөсү жана аталган университеттин мугалими Би-Би-Си менен сүйлөштү. Анын айтымында, Пермь убактысы боюнча болжол менен саат 11:30да ал сабакка барган жана студенттердин сегизинчи корпустан чуркап баратканын жана корпустун экинчи кабатынан адамдардын секирип жатканын көргөн.
“Алар ызы-чуу болуп кыйкырышып, секирип жатышты. Студенттердин бири мага ок атылганын айтты. Бир маалда октун атылганындай үндөрдү уктум, бардыгы ар кайсы жакка чачырай башташты. Мен экинчи корпустагы студенттериме баратып да ал добуштарды угуп жаттым”, - деди күбө.
Анын айтымында, Пермь университетинин кампусунда 10го жакын корпус бар жана коопсуздук кызматы дароо эле бардык корпустарды жана өтмөктөрдү жаап салган. Ошол учурда ок чыгарган киши эптеп өзүнүн корпусуна киргенге үлгүргөн. Күбө ал учурда көчөгө чыгуу коркунучтуу болгонун айтты.
“Башка бардык корпустарды [атуу башталгандан кийин] дароо тосушту, бир жерге баарын топтошту. Бардык студенттер жабык аудиторияда отуруп куткарууну күтүп жатышты”, - деди ал.
ПМУИУнун басма сөз кызматы адегенде ал киши “травматикалык куралдан ок чыгарган” деп ырасташкан.
Пермь университети социалдык түйүндөрдө корпустарга бекинген студенттерди ал жактан чыкпоого үндөгөн билдирүү жарыялашкан.
































