БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарууга камданууда

Published

Партияларда күмөн жараткан шайлоо участокторунда добуштарды кайрадан санакка алуу жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, анын жыйынтыгы автоматтык эсептөө системанын жыйынтыгынан айырмаланган жок. 10-декабрда Жалал-Абад, Ош,Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарындагы 12 шайлоо округу боюнча добуштарга аудит жасалды.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда парламенттик шайлоо бул жолу аралаш система менен өттү

Буга чейин алты партия айрым добуш берүү участокторунун жыйынтыктары күмөн жаратып жатканы тууралуу БШКга арыз жолдошкон. Алар: "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Ынтымак", "Ишеним", "Азаттык" жана "Эл үмүтү" партиялары.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы алты шайлоо участкасы боюнча арызын кайтарып алгандыктан, Ноокат шайлоо округунда мурда пландалгандай добуштарды кайрадан санакка алуу жүргүзүлгөн жок.

Добуштарды кайрадан санакка алуу шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын 36-беренесине ылайык жүрдү.

Шайлоо күнү БШКнын сервери үзгүлтүккө учурап, маалыматтык система жаңырганда айрым партиялардын добушу азая түшкөн. Бул жагдай жана айрым шайлоо участкаларда АЭС менен кол санак протоколдорундагы маалыматтын айкалышпай жатканы шайлоонун жыйынтыгына күмөн жараткан эле. Ошондой эле жараксыз бюллетендердин саны көп болгону партияларда шектенүү жараткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ ошондой эле парламенттик шайлоонун 34 бир мандаттуу округу боюнча жыйынтыгын чыгарды. Алардын ичинен эки талапкер боюнча маселе жаралган.

БШК Талас шайлоо округунан жеңүүчү талапкер катары Бактыбек Чойбековду, ал эми Ысык-Атадан Акбөкөн Таштанбековду тааныды. Чойбековдун үстүнөн добуш сатып алуу тууралуу арыздар түшүп, ИИМ аларды тастыктаган жок. Ал эми Акбөкөн Таштанбеков улут аралык кастыкты козутуу шеги менен кармалган эле. Талапкер үгүт маалында коомдук сайттарда чагымчыл видео жарыялады деп айыпталып жаткан. Бирок анын адвокаты мындай айыптоолорду четке кагууда.

Боршайком соңку жыйынында ошондой эле Бишкектеги Свердлов районунда “баарына каршы” добуш үстөмдүк кылганы үчүн шайлоо өткөн жок деп тапты. Буга чейин борбордогу Биринчи май шайлоо округунда дагы шайлоо ушундай эле себеп менен ишке ашпай калган. Мыйзамдар боюнча БШК 28-ноябрда өткөн паралменттик шайлоонун жыйынтыгын 18-декабрдан кеч эмес чыгарышы керек. (EK)

Байсалов: Январдын ортосунда Омикрон штаммынын келишин күтүүдөбүз

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

Эдил Байсалов кыргызстандыктарга кайрылды. Ал улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмделүүгө чакырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле ал январь айынын ортосунда «omicron» штаммынын Кыргызстанда пайда болушу ыктымал экендигин айтты.

«Биз келерки жылдын январь айынын орто ченинде жаңы «omicron» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», - деди Байсалов. (MD)

Шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жарыяланды

БШКнын төрайымы Шайлдабекова Нуржан

Сүрөттүн булагы, SHAILOO.GOV.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БШКнын төрайымы Шайлдабекова Нуржан

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин VIIчакырылышына болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө тааныды деп билдирди.

5 пайыздык чектен өткөн партиялар төмөнкүлөр болду:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" — 15 мандат
  • "Ишеним" — 12 мандат
  • "Ынтымак" — 9 мандат
  • "Альянс" — 7 мандат
  • "Бүтүн Кыргызстан" — 6 мандат
  • "Ыйман нуру" — 5 мандат

Парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өткөн.

Эске салсак, буга чейин алты партия 500дөй добуш берүү участогунун жыйынтыктары күмөн жаратып жатканы тууралуу БШКга арыз жолдошкон. Алар: "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Ынтымак", "Ишеним", "Азаттык" жана "Эл үмүтү" партиялары. (MD)