“100 миңден бир топ эле көп”. АКШ Орусия жана Украинанын согуштагы жоготуусун эсептеп, сүйлөшүүгө чакырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы Марк Милли Украинада согушкан тараптардын жоготуулары боюнча болжолдуу баа берди. Милли АКШнын президенти Жо Байдендин аскердик кеңешчиси кызматын да ээлейт.
"Биз Орусиянын 100 миңден ашуун жоготуулары - каза болгон жана жарадар болгон жоокерлери жөнүндө айтып жатабыз. Балким, Украина тарапта да ушундай. Бул адамзаттын чоң мүшкүлү", - деди Милли Нью-Йорктун экономикалык клубунда сүйлөп жатып.
Милли тараптарды сүйлөшүүгө чакырды. Анын айтымында, азыр бул үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк пайда болду.
“Чыныгы аскердик жеңишке согуш жолу менен жетүүгө мүмкүн эместигин өз ара түшүнүү керек, башка ыкмаларга өтүү керек”, - деди ал.
Милли кыш айларын сүйлөшүүлөр үчүн ыңгайлуу учур деп эсептейт, анткени суук аба ырайынан улам фронттогу операциялар токтотулат же басаңдайт.
“Сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү пайда болгондо, тынчтыкка жетишүүгө мүмкүн... учурдан пайдаланып калгыла”, - деди Милли журналисттин суроосуна жооп берип жатып.
Жоготуулар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Милли жоготуулар тууралуу маалыматты каяктан алганын тактаган жок. Анын версиясы расмий тараптар берген маалыматтан да, Би-Би-Синин эсептөөлөрүнөн да кыйла айырмаланат. Ошол эле учурда Орусия менен Украина берген маалыматтар да бири-биринен айырмаланат.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 9-ноябрга карата согушта 77 миңден ашуун орусиялык жоокер курман болгонун билдирди. Орусиянын Коргоо министрлиги жоготуулар боюнча акыркы жолу 21-сентябрда маалымат берип, 5937 киши мерт кеткенин билдирген.
Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат анча көп эмес. Августтун аягында Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы, генерал Валерий Залужный тогуз миңге чукул украин жоокери мерт кеткенин билдирген. Анткен менен жайдын башында украин бийлиги согушта Украинанын 10 миңдей аскери курман болгонун маалымдаган эле.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинаны Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары 110 миңди түзгөнүн айткан.
Би-Би-Си менен “Медиазонанын” тизмеси
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ольга Ившина, Би-Би-Си орус кызматынын кабарчысы
Согуштун биринчи күнүнөн бери Би-Би-Синин орус кызматы “Медиазона” басылмасы жана ыктыярчылар менен биргеликте Украинада каза болгон орусиялык аскерлердин тизмесин түзүп келет. Журналисттер 10-ноябрга карата каза болгон 8600дөн ашык жоокер жана офицер тууралуу маалыматты тастыктай алды.
Биз өлгөндөр тууралуу тастыкталган гана билдирүүлөргө таянабыз, андыктан чогултулган маалыматтар курмандыктардын чыныгы эсебин чагылдырбайт. Би-Би-Си түзгөн тизмедеги жоготуулардын саны иш жүзүндө 40-60% көбүрөөк болушу мүмкүн. Журналисттер мындай жыйынтыкка Орусиянын 60тан ашык конуштарындагы көрүстөндөрдүн абалын изилдегенден кийин келди.
Башкача айтканда, эң консервативдүү эсептөөлөр боюнча, Украинадагы согушта орус армиясынын жана Улуттук гвардиянын (Росгвардия) жоготуулары 17 200 адамдан ашуун болушу мүмкүн.
Деңиз күчтөрүн талдоо борборунун эксперти Майкл Кофмандын эсептөөлөрү боюнча, Украинадагы согушта каза болгон ар бир орусиялык жоокерге 3,5 жарадар туура келет. Бул маалыматтардын негизинде Орусиянын орду толгус жоготуулары (жарадар, каза болгон же дайынсыз жоголгондордун саны) кеминде 77 400 адам болушу мүмкүн.
Ал эми украин фронтунда мобилизациялангандар жайгашкандан бери орус армиясынын жоготуулары бир нече эсеге өстү, деп Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын күнүмдүк баяндамасында айтылат.
Жайында жана күздүн башында Украинанын Куралдуу күчтөрү күнүнө орто эсеп менен 200 орус аскери каза болгонун билдирип келген, ал эми азыр алардын саны 600гө жакын же андан да көп.
Сүйлөшүүлөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын Улуттук коопсуздук кеңеши Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тыюу салган, ал эми 4-октябрда украин лидери Владимир Зеленский бул чечимди колдооду.
Күздүн башынан бери Владимир Путин “азыркы реалдуулукту эске алуу менен”, башкача айтканда, Запорожье, Херсон, Донецк, Луганск жана Крымдын аннексиялоосун таануу менен “диалогго даяр болгонун” айткан.
Бул позицияны шейшембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова да тастыктады.
"Биз дагы эле сүйлөшүүлөргө ачыкпыз. Биз эч качан баш тарткан жокпуз жана аларды, албетте, азыркы учурдагы реалдуулукту эске алуу менен жүргүзүүгө даярбыз", - деди ал брифингде.
Украинанын позициясы карама-каршы - Киев өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн толук калыбына келтирүүнү, анын ичинде Крымды кайтарууну, күнөөлүүлөрдү жазалоону жана согуштан келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууда.
Зеленскийдин акыркы билдирүүлөрүндө эки өлкөнүн ортосундагы диалогду баштоо үчүн Путинди кызматтан алуу керек деген тезис жоголду. Politico басылмасы муну АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын Киевге болгон сапары менен байланыштырды.
Ал украин бийлигинен Орусия менен согушту жөнгө салууга "даярдыгын көрсөтүүнү" суранганы айтылды.
"Бул алар тез арада сүйлөшүү жүргүзүшү керек дегенди билдирбейт. Биз Орусиянын аракеттерине карап, азыр туура убакыт деп ойлобойбуз. Бирок алар куралдуу жаңжалды жөнгө салууга даяр экенин көрсөтүшү керек", - деп жазды басылма өздүк булакка таянып.
Жакында Киевге барган АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды. Бирок чечимди Украина өзү кабыл алышы керектигин кошумчалады.
"Алар [Орусия] БУУнун Уставын сакташы керек. Алар бул өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетиши керек. Эл аралык коомчулук Украинаны колдойт", - деди ал. (ЕВ)
































