Гавайидеги алоолонгон өрт: 50дөн ашуун адам каза болду

Сүрөттүн булагы, Reuters
Гавайи аралдарын каптаган токой өрттөрүнөн кеминде 53 адам каза болду. Гавайи архипелагындагы эң чоң аралдардын бири болгон, туристтер арасында популярдуу Мауи аралы эң көп жабыр тартты. Штаттын вице-губернатору бул өрттөрдү буга чеийн болуп көрбөгөндөй масштабда болду деп билдирди.
Өрттөр катуу аптап жана кургакчылыктан келип чыкты, ал эми анын тез жайылышына аралдардан жүздөгөн километр түштүктө Тынч океандын үстүнөн соккон "Дора" бороонунун катуу шамалы себеп болгон.
Байдендин администрациясы бейшемби күнү Гавайидеги өрттөрдү "ири катастрофа" деп жарыялады. Аралдардагы кырсыкка бул статустун берилиши федералдык күчтөр жана каражаттар өрт жана анын кесепеттери менен күрөшүүгө тартылат дегенди билдирет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бийликтердин маалыматы боюнча, өрт 1700дөн ашык үйдү кыйраткан; 11 миң адам электр жарыгысыз калды, 2 миңден ашууну убактылуу үйлөрдө түнөштү.
Каза болгондордун саны кыйла өсүшү мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Башка факторлор менен бирге, АКШнын көптөгөн штаттарында, ошондой эле Европа менен Азияда планетадагы климаттын өзгөрүшү менен шартталган ысык аба ырайы ушул жайда түзүлдү.
Адатта Гавайи аралдарындагы токой өрттөрү Калифорнияга жана АКШнын материгиндеги башка штаттарга караганда азыраак болот, бирок, жергиликтүү тургундар мындайды мурда эч качан көрбөгөнүн айтышууда

Сүрөттүн булагы, Reuters
"Мен абалды аша чаап сүрөттөгүм келбейт, бирок Мауиде мындай эч качан болгон эмес деп ойлойм. Өрттүн мынчалык көп аймактарды каптаганы адаттан тыш көрүнүш, ал аралдын бардык жерине жайылды." - деди жергиликтүү серфинг мектебинин жетекчиси Франс Пресс (AFP) маалымат агенттигине.
Кыйроонун көбү Лахайна шаарында болгон. Шаар өрттөн дээрлик толугу менен күйүп, көптөгөн имараттардын урандылары гана калган.
"Биз араң качып кутулдук", - деди Лахайна шаарынын тургуну Кеаумоку Капу Associated Press (AP) агенттигине.
Шейшемби күнү саат 16:00 чамасында анын аялы шаардан чыгып кетели деп суранган.
Анын айтымында, ошондон кийин эле, "баары аңтар-төңтөр" болуп - шамал тездик менен күчөгөн.
Капу аялы экөө машинага түшүп, айдап жөнөгөндө, түтүн жана жалын алардын үйүнөн эки кварталдай ары жакта көрүнгөн.
“Биз бурулганыбызда үйүбүз күйүп жаткан экен. Баары көз ачып жумганча эле болуп кетти”, - деди ал AP агенттигине.
Алар аралдын түштүк жээгиндеги Маалея шаарчасына барышып, унаада түнөшкөн.

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын Жээк күзөт кызматы 12 жергиликтүү тургунду суудан чыгарышканын, алар оттон качуу үчүн океанга түшүшкөнүн билдирди.
Бейшемби күнү эртең менен бийликтер туристтерди Мауинин батыш бөлүгүнөн Кахулуи аэропортуна массалык эвакуациялоону баштады.
Southwest Airlines Гавайиге каттамдардын санын көбөйтө турганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, COPERNICUS SENTINEL-2/REUTERS
Бүт архипелаг атын алып жүргөн Гавайи аралында, же башкача айтканда Чоң аралда да бир нече жеринде өрт чыккан.
Мауи округунун мэри Ричард Биссен журналисттерге узакка созулган кургакчылык өрттүн жайылышына кошумча себеп болгонун билдирди.
Анын айтымында, бийлик “бир убакта мынчалык көп өрт чыгат деп күткөн эмес” жана натыйжада ар кайсы жерден ресурстарды тартууга аргасыз болгон.

Сүрөттүн булагы, AIR MAUI HELICOPTERS/REUTERS
Гавайи штатынын вице-губернатору Сильвия Люк куткаруучулардын аракетин жогору баалады. "Мындай иштер Гавайи чындап эле өзгөчө жер экенин далилдейт" деди ал куткаруу кызматынын биргелешкен аракеттерине баа берип жатып.
Зыянды толук баалоо үчүн "бир нече жума, балким айлар" талап кылынышы мүмкүн, деди ал. (DO)

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн булагы, screenshot
































