Кытайдын дүрбүсүндөгү Борбор Азия

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

18-19-майда Сиань шаарында Кытай-Борбор Азия биринчи саммити өтөт. Анда кытай лидери Си Цзиньпин кыргыз, казак, түркмөн, тажик жана өзбек президенттери менен жолугат.

Борбор Азия лидерлери андан кийин Цзиньпин менен эки тараптуу өзүнчө сүйлөшүүлөрдү да өткөрмөкчү.

Кытай Борбор Азия мамлекеттерине жүзүн бурууда

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай Борбор Азия мамлекеттерине көбүрөөк көңүл бурууда

Борбор Азиянын инвестициялык үмүттөрү

Расмий Бээжин алдыдагы саммитке өтө олуттуу мамиле жасап жатканы байкалат. Кытайдын ТИМ расмий өкүлү Ван Вэньбинь саммитте күн деминдеги эл аралык жана аймактык окуялар талкууланарын билдирди:

"Президенттер Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы алакалардын өнүгүшүнө саресеп салып, бардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашат. Ошондой эле кызыкчылык туудурган башка эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулап, маанилүү саясий документке кол коюшат".

Эксперттер саммитте Украинадагы согуш жана анын экономикалык кесепеттери тууралуу сөзсүз талкуу болорун болжошууда.

Ван Вэньбинь КЭР лидери Си Цзиньпин саммитте маанилүү кайрылуу жасап, жыйынтыгында олуттуу саясий документтерге кол коюлат деди. Кытай тарап минтип үстүрт айткан менен Борбор Азияда Кытай менен ким эмне тууралуу сүйлөшөрү айдан ачык.

Мисалы, казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен Си Бээжинде эки өлкө ортосунда жарандардын 30 күн визасыз жүрүүсүн караган документке кол коюшат. Кыргыз парламентинде да ушундай эле мазмундагы демилгелер көтөрүлүп жатат. Расмий Бишкектин ушу тапта Кыргызстандагы Жетим-Тоо жездин кенин Кытай менен чогуу иштетүү пландары да белгилүү.

Кыргыз өкмөтү бул саммит алкагында Кытай менен чек арасында «Бедел» жаңы өткөрмө пунктун ачууну макулдашууну да максат кылууда. Жаңы бекет Ысык-Көл облусунда ачылмакчы. Расмий Бишкек ошондой эле Сары-Жаз дарыясынын жээгинде Кытай менен бирге ГЭС курууга да дилгир.

Мындан башка кыргыз президенти Садыр Жапаров менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча маселени да сүйлөшөрү турган иш. Ал арада көз карандысыз түркмөн басылмалары президент Сердар Бердымухамедов Кытайга дагы бир газ куурун куруу боюнча демилге көтөрөт деп жатышат. Бул долбоордон Тажикстан да пайда көрмөкчү.

Ошондой эле казак-кытай өкмөттөрү бул саммит алкагында жарандыгын алмаштырган жарандары тууралуу маалымат алмашууну караганы жатышат.

Сандар сүйлөйт

Аймактагы кайсы өлкөнү алба, Кытай менен тыгыз экономикалык мамилеси бар жана кытай инвестициясына көз каранды. Кытайдын Бажы кызматынын маалыматы боюнча 2022-жылы Борбор Азия өлкөлөрү менен товар алмашуу 40% өсүп, 70,2 миллиард долларга жетти. Быйылкы жылдын биринчи кварталында соода дагы 22% өсүп, эми эле 17,8 миллиард долларды түздү.

2022-жылы БА өлкөлөрүнүн Кытай менен соодасы кандай жүрдү? Eurasianet басылмасы Кытайдын Бажы башкармалыгынын маалыматына таянып буларды билдирет:

  • Кытай-Кыргызстан соодасы былтыр 15,50 миллиард долларды түзгөн. Бирок Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети Кытай менен товар алмашуу былтыр болгону 4,1 миллиард долларга жеткенин билдирүүдө. Статком Кыргызстандын Бажы кызматы берген маалыматка таянат жана башкача эсептейт.
  • Казакстан-Кытай соодасы - 31,17 миллиард долларды түздү.
  • Тажикстан-Кытай соодасы - 2,6 миллиард доллар.
  • Өзбекстан -Кытай соодасы - 9,78 миллиард доллар.
  • Түркмөнстан-Кытай - 11,18 миллиард доллар.

Ошентсе да Кытайдын тышкы соодасында Борбор Азиянын үлүшү болгону 1,1% түзөт. Ошол эле маалда, аймактагы бардык өлкөлөрдүн башкы соода өнөктөрүнүн бири бул – Кытай.

Анда Кытайга Борбор Азия эмнеси менен кызык?

Равшан Назаров, Өзбекстандын Илимдер академиясынын улуу илимий кызматкери:

Равшан Назаров, өзбекстандык саясат талдоочу

Сүрөттүн булагы, Plovpress

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Равшан Назаров, өзбекстандык саясат талдоочу
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Кытай ириде Борбор Азия аймагында «Бир кур-бир алкак» долбоорун ишке ашырууга кызыкдар. Бээжин аймактагы өлкөлөр Батыштын таасирине кирип кетишин каалабайт. Ушул өңүттөн алганда Кытай аймактагы өлкөлөр Россиянын таасиринде калса деле мейли дейт. Батышка көбүрөөк ыктаса, Кытай БА өлкөлөрүнөн айрылып калам деп ойлойт. Кытайга Борбор Азия эмнеси менен кызык? Тоо-кен тармагын чалгындап иштеткенге кызыкдар. Ошондой эле өз товарларын Борбор Азия рыногуна чыгарып, андан ары транзит аркылуу Иран, Афганистан, Кавказ жана башка Европа өңдүү өлкөлөргө ташыгысы келет".

Өзбекстандык эксперт Бээжин өз маданиятын Конфуций институттары аркылуу жайылтып, жылма таасирин арттырып жатканын да белгилейт.

Кытайдын салмактуу Синьхуа маалымат агенттиги расмий маалыматтарга таянып, Кытайдын Борбор Азия менен соодасы мындан 30 жыл мурунку көрсөткүчтөн азыр жүз эсе көп экенин жазды.

Ушул эле маалымат агенттиги Кытай-Борбор Азия кызматташтыгынын эң эле маанилүү тармагы – айыл-чарба экенин жазды. Казакстандан дан азыктары, төө сүтү, Кыргызстандан бал, Тажикстандан кургатылган жер-жемиш, Түркмөнстандан негизинен пахта, ал эми Өзбекстандан мөмө-жемиш ташылат. Ошондой эле Кытай аймактан көп көлөмдө күн карама жана кунжут майын импорттойт.

Кытай кызматташууга кызыкдар дагы башка тармактар – энергетика, металлургия, химиялык өндүрүш, медицина жана автомобил куруу. Расмий Бээжин аймактагы мындай ондогон долбоорлорду колдоп, дагы 20 миллиард долларга тете инвестиция бөлүүгө макулдашуу жүрүп жатканын жазды.

Борбор Азиядан Кытайга мындан тышкары чийки зат, мунай, газ, алтын, аллюминий да ташыларын кошумчалай кетели.

Кытайдын аймактагы дагы бир чоң кызыкчылыгы - геосаясаят, дейт борборазиялык эксперт, Казакстандагы Назарбаев университетинин доценти, саясат талдоочу Жанибек Арынов:

Жанибек Арынов, казакстандык саясат талдоочу

Сүрөттүн булагы, 365Info

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жанибек Арынов, казакстандык саясат талдоочу

"Алдыдагы саммит геосаясий жактан алганда абдан маанилүү иш-чара болгону турат. Аны Россиянын Украинага карата согушу, Кытайдын Батыш менен азыркы тирешкен карым-катнашынын контекстинде карашыбыз керек. Мындан башка Кытайдагы бул иш-чарадан чоң бир нерсе күтүүнүн деле кереги жок. Саммитте эмне тууралуу талкуу болору буга чейин деле белгилүү болчу. Бул иш-чаранын жыйынтыгында жаңы бир экономикалык демилге, келишимдерди күтүү аз шекилдүү. Бул эми жыл сайын өткөрүлбөсө да достук форматында өтө турган иш-чаралардан болот. Бул башталышы гана, мен жеке өзүм саммиттен өтө чоң деле саясий жаңылык күтпөйм".

Казакстандык эксперт Кытайдагы саммитте эң оболу экономикалык кызматташтык негизги тема болорун белгилейт:

"Арийне, экинчи маңыздуу маселе бул - экономикалык жагы. Ушу тапта Кытай бардык БА өлкөлөрүнүн эң манилүү соода-инвестициялык өнөктөшү болуп жатат. Мисалы, Казакстанда ал тышкы соодада үчүнчү өлкө, жаңылышпасам Кыргызстан үчүн тышкы соодада Кытай экинчи орунда. Өзбекстанда дагы Россиядан кийинки эле экинчи орунда. Тажикстан, Түрмөнстан үчүн да соодада бул эң маанилүү мамлекет. Ошол себептүү бул саммитте экономикалык, соода маселеси талкуунун өзөгүн түзөт".

Геосаясий атаандаштык

Жакында эле Путин бүт Борбор Азия лидерлерин Жеңиш күнүнүн урматына Москвада чогултту. Эксперттер Кремль муну аймактагы таасирин баса көрсөтүш үчүн жасап жатат дешти.

Бирок соңку жылдары Россиянын бул аймактагы таасири бошоп бара жаткандыгы тууралуу талаштар курчуду.

Казакстандык эксперт Досым Сатпаев буга чейин мындай деген эле:

“Борбор Азия боюнча Россия менен Кытайдын кызыкчылыгы ачык айтылбаган менен кесилишет. Кытай бул аймакка активдүү инвестиция салып келди, ал эми Россия ЖККУ алкагында аскердик-саясий түндүктүн ролун ойноого аракет кылды. 2014-жылы түзүлгөн ЕАЭБ деле Кремль үчүн экономикалык биримдик эмес, көбүрөөк геосаясий долбоор болгон. Ошол эле убакта Бээжин менен Москва көп жылдар бою АКШнын Борбор Азияда позициясын бекемдегенге каршы туруп келди”.

Эксперт Досым Сатпаев Украинадагы согуштун жүрүшү Борбор Азияга карата Кытайдын дымагын арттырып жатканына да токтолгон.

Досым Сатпаев: Украинадагы согуш орус армиясынын кубаты тууралуу мифти жокко чыгарды

Сүрөттүн булагы, 365Info

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Досым Сатпаев: Украинадагы согуш орус армиясынын кубаты тууралуу мифти жокко чыгарды

“Украинадагы согуш орус армиясынын кубаты тууралуу мифти жокко чыгарды, ошондой эле орус аскердик тактикасы жана стратегиясынын натыйжалуулугу тууралуу суроолорду көтөрдү. Бул Россиянын ЖККУ алкагындагы, дегеле аскердик шерик катары беделине чоң сокку урду. Ошондой эле ЕАЭБди катаал санкциялар шартында көмүскө импорт үчүн колдонуу аракети Россия экономикасын кармап туруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонорун көрсөтүп жатат. Мындай шартта достук, шериктештик тууралуу расмий билдирүүлөргө карабай, Кытай үчүн Россия тең ата оюнчу болбой калды”.

Борбор Азия өлкөлөрү Россияны коопсуздук калканчы же башкы инвестор катары кабылдабай калды деген ойду башка да эксперттер айтып жатышат. Упсал университетитин русистика боюнча профессору Упсал Стефанд Хедлунд:

"Көп убакыт бою Москва менен Бээжиндин ортосунда айтылбаган бирок мындай роль бөлүштүрүү бар эле. Россия аймакта коопсуздук камсыздайт, ал эми Кытай инвестиция салып, бизнести өнүктүрөт деген нерсе бар эле. Бирок эми мындай макулдашуу качандыр бир кезде болгон күндө да азыр, жагдай өзгөрдү. Россиянын Казакстандагы ички тартипти камсыздоо үчүн куралчан кийлигишүүсү анын бул аймактагы акыркы кармашы болуп калды окшойт. Орус экономикасына күч келип атканын эске алсак, анын Борбор Азиядагы кийинки соода жана өнүгүүдө роль ойной алары күмөн".

Автор Geopolitical Intelligence Services AG үчүн жазган макаласында келтирген маалыматтарга караганда 2020-жылы Кытай Борбор Азияга 40 милилард долларга тете инвестиция салып, анын жарымы эле Казакстанга туура келген.

Аймакта сегиз минден ашык кытай фирмалары иш алып барып жатканы да айтылат. Ал эми 2022-жылы Борбор Азия менен Кытайдын соодасы 70 милилард долларды чапчыган, бул андан мурунку жылга салыштырмалуу 40% көп.

"Бир кур-бир жол"

Кытай "Бир кур-бир жол" деп аталган экономикалык демилгесин 2013-жылы эле жарыялаган. Бээжиндин бул геостратегиясынын максаты - Жибек жолунун боюндагы мамлекеттер менен экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, чыгыштан батышты көздөй тоскоолдуксуз карым-катнаш түзүү.

Кытай долбоордун алкагында автожол, темир жол, порт салууга, электростанцияларды курууга ири инвестиция, каражат бөлүүгө убада берип, расмий Бишкек Кытай демилгесин ошол эле жылы колдоого алган.

Кыргызстандын Кытайдагы мурунку элчиси, ШКУнун мурунку башкы катчысы Муратбек Сансызбаев Кыргызстан "Бир кур - бир жол" демилгесине өзүнүн саясатын иштеп чыгышы зарыл деп белгилеген:

"Кыргызстандын "Бир кур - бир жол" демилгесине карата жооп бере ала турган өзүнүн концепциясы болсо болмок. Мындай ири конструкцияларга олуттуу мамиле жасалбаса, биз дайым ээрчиме ролдо болобуз. Европа менен донор-реципиент форматында түзүлгөн мамиледей, Кытай менен да мамилени чечиш керек, Кытай азыр бул маселени биз менен чечкенге даяр, бирок биз даяр эмес болуп жатабыз".

Ошол эле маалда Кытайдын «Бир кур - бир жол» геосаясий планы бир катар олуттуу проблемарга туш болууда. Алалы, Борбордук Азиянын башкаруучулары кытай капиталынын келишин колдоп жатышкан менен кытайлык инвесторлор жергиликтүү элдин жериген мамилесине туш болууда, кээ бир жерде ксенофобия көрүнүштөрү болуп жатат. Бул Кыргызстан менен Казакстан үчүн өзгөчө актуалдуу маселе.

Айрым талдоочулар дагы Борбор Азия өлкөлөрүн тышкы саясатта этияттыка чакырышат, кандай болгон күндө да балансты кармап, орус таасиринен качып, бирок суу, энергетика маселесинде өз кызыкчылыгы бар Кытайдын капканына түшпөшү керек дешет.