“Акаевдин эми жолу ачык, Кыргызстанга каалаган учурда келип-кете алат”

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

"Кумтөр иши" боюнча экинчи ирээт суракка келген Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев кайрадан Россияга учуп кетти. Бул тууралуу Би-Би-Сиге анын жакын тарапкери, мурунку аткаминер Бекболот Талгарбеков билдирди.

Акаев

Сүрөттүн булагы, SERGEI BOBYLEV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскар Акаев

“Аскар Акаевге айып тагылган эмес. Ал бул иште күбө катары өттү. Териштирүүнүн жыйынтыгында Акаев Кумтөрдү иштетүүдөн бир да цент албаганы жана Centerraда бир да акциясы жок экендиги далилденди”, - дейт Талгарбеков.

Экс-президент 14-декабрда "Кумтөр иши" боюнча суракка келген эле. Биринчи жолу ал Кыргызстанга быйыл августта келип, УКМКда сурак берип, тергөө менен кызматташтыкка барганы айтылган.

“2003-жылы Кумтөр боюнча келишим жаңы түзүлүп, аны өкмөткө “Кыргызалтын” сунуштаган. Centerra дегенди ачып, ага өкмөт да кирсе болору айтылган.  Мындан кийин өкмөттө атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага ошол эле “Кыргызалтындан”, өкмөттөн өкүлдөр кирген.  Ошондой эле Жогорку Кеңештен эки депутат да мүчө болгон. Алардын бири - Акылбек Жапаров. Келишимди ошол мамлекеттик комиссия иштеп чыккан. Экпертизага Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта коруна да жөнөтүшкөн. Алар оң корутунду беришкенден кийин өкмөт ал келишимди бекиткен. Бирок кийин Акаев берки тараптын активи 5% жогору болуп калганын түшүнүп, ошого көзү жеткенден кийин моралдык күнөөм бар деп элден кечирим сураган. Азыр эми ошону такташты. Акаевдин эми жолу ачык, Кыргызстанга каалаган учурда келип-кете алат”, -дейт Талгарбеков.

Талгарбеков учурда экс-президент менен тыгыз байланышта экенин айтып, бирок УКМКнын мындай чечими тууралуу далилдер келтирген жок.

Атайын кызмат Талгарбековдун билдирүүсүнө расмий жооп кыла элек.

Ал ортодо Акаевдин жактоочусу Айбек Самарбеков "Кумтөр иши" боюнча териштирүү уланып жатканын, бул иште Аскар Акаев шектүү катары өтүп жатканын билдирди. Адвокат тергөөчүлөрдүн азырынча Акаевге суроолору жок экенине байланыштуу ал кайрадан учуп кеткенин, кийинки жолу аны суракка дагы качан чакырышат белгисиз экенин да кошумчалады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Буга чейин айрым эксперттер Акаевдин Кыргызстанга суракка келиши Садыр Жапаров менен эле эмес, Кремль менен дагы алдын ала макулдашылган маселе дешкен.

“ Акаевдин күч менен эмес өз эрки менен Кыргызстанга кайтуу чечими мына ушул жагдайларга байланыштуу. Акаевди кайтаруу талабын буга чейин бардык кыргыз президенттери көтөрүп келген. Бирок Акаев аларга эмес, Садыр Жапаровго ишенип келип жатат. Ал эми азыркы кыргыз бийлиги үчүн Акаев канадалык инвесторлор менен сотто көзүр болгону калды”, -деген эле Би-Би-Сиге казак саясат талдоочусу Досым Сатпаев буга чейин.

“Кумтөр” боюнча тергөөнүн алдын-ала жыйынтыгын УКМК 2021-жылдын августунда жарыялаган. Анда Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө “Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары масштабдуу коррупцияга жол берилгени тууралуу далилдер чогултулганы айтылган.

 Бул ишке байланыштуу экс-президент Аскар Акаев баштаган ондогон саясатчылар сурак берип, Өмүрбек Бабанов, Тайырбек Сарпашев, Талантбек Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана Исхак Пирматов камакка алынган. 

Бир далайы тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган.

Буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, мурунку спикер Асылбек Жээнбеков жана депутат Төрөбай Зулпукаров дагы Кумтөр иши боюнча коррупция үчүн айыпталып, камакка алынган эле. Бирок Жогорку Кеңеш аларды жоопко тартууга Башкы прокуратурага уруксат бербей, 9-декабрда алар абактан чыгышты. (EK)