УКМК кармаган Мирлан Ураимов ким?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Адахан Мадумаров УКМК тарабынан кармалган партиялашы Мирлан Ураимов тууралуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрдү.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Мирлан Ураимов атайын кызмат тарабынан кечээ түнү кармалган. Мадумаров аны УКМК кызматкерлери түн катып үйүнөн кармап кеткенин кескин айыптап, аны күндүз деле суракка алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин парламент трибунасынан айтты:
“УКМКбы, милиция болобу түндө барып баса калган практикасын токтотушса. Түндө барып бала-чакасын коркутуп, чыркыратып кыйнагандын эмне кажети бар? Бул замандан өтпөдүк беле. Ураимов бир жакка качып кетеби? Күчтүү террористпи, кылмышкерби же мамлекеттен тыйын уурдаган кишиби? Ал эң интеллегенттүү, өзүнөн кичүү балдарга дагы үнүн көтөрбөгөн жигит. Ал качпайт, кетпейт эч жакка, же бул бир кишинин мисалында башкалар ишараат берүүбү?”.

Сүрөттүн булагы, Official
УКМКнын бул тууралуу расмий билдируүсүндө У.М аттуу жаран коомдук сайттар аркылуу бийликти күч менен басып алууга чакырык жасады деп шектелип камалганы айтылат.
Партиялаштары Мирлан Ураимов оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалышы мүмкүн экенин айтып жатышат.
“Ураимов Кемпир-Абад суу сактагычын алып калган, Баткен көйгөйүндө “Бүтүн Кыргызстан” топтогон каражатка муздаткычтарды алып барып, элдин чыныгы жашоосун байма-бай чагылдырып турган. Ар дайым оппозициячыл саясатчыларды колдоп, чындык үчүн тикесинен-тик турган, жадакалса Болот Темировду кармап кеткенде акыйкаттыкты талап кылып, колдоо митингинде жүргөн. Мигранттардын шайлоо укугунун тебеленишин айтып, Шайлдабекованын шайын оодарган, Шайназаровдун бетине чындыкты айтып, элге жеткирип турган”, -деп жазды бул тууралуу анын партиялашы Орозайым Нарматова.
Мирлан Ураимов "Мекендеш ТВ" маалымат баракчасынын негиздөөчүсү, журналист катары белгилүү. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын активдүү мүчөсү.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Ал жашы отуздардан өткөн жаш эле жигит. Буга чейин YouTube платформасында "Мекендештер ТВ" деген канал ачып иштетип келген. Соңку парламенттик шайлоодо ал партиянын талапкерлер тизмесинде да болгон. Бул эми парламенттеги жалгыз оппозициялык фракцияга чабуул жана кысым. Мамлекеттик машина коркутууга аракет кылып жаткан кези", -деди анын дагы бир партиялашы Айданбек Аймат уулу.
Адвокат Юлия Богданова журналисттерге Ураимов жазды делип жаткан коомдук сайттагы постко 25-январда лингвистикалык жана саясий эскпертизанын бүтүмү чыкканын, ал эми 48 саат тергөө абагында болорун билдирди.
Жактоочунун айтымында, Ураимов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, андай пост жазбаганын айтууда. Суроо жаратып жаткан пост-комментарий Marat Uraimov аттуу баракчада жарыяланган.
28-ноябрда өткөн шайлоодо жеңип чыккан алты партиянын бири "Бүтүн Кыргызстан" партиясына Жогорку Кеңеште алты мандат тийген.
Партия лидери Адахан Мадумаров күн алыс чек ара маселесинде сурак берип, ал эми анын партиялашы Орозайым Нарматова диплом чуусу менен мандатын тапшырганга мажбур болгон.


































