УКМК: Орозайым Нарматованын диплому жасалма болушу мүмкүн

14-январь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова прокуратурага суракка чакырылганы белгилүү болду.
УКМК бул боюнча билдирүү таратып, анын Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирди.
Маалыматта парламенттик шайлоо учурунда О.Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (мындан ары – ЖМУ) 3-курсуна орто билими тууралуу дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат улуттук коопсуздук органдарына келип түшкөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө О.Нарматовага ЖМУне тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аталган окуу жайдагы О.Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынгандыгынын жана жогорку билими жөнүндө дипломунун мыйзамсыз экендигин түшүндүрөт.
Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖМУде жеке сессияларды тапшыруу жана тиешелүү экзамендер учурунда О.Нарматова өлкөдө жок болуп, Россияда болгондугу да аныкталган. Москвада жүрүп О.Нарматова Кыргызстандагы экзамендерин бере алмак эмес деп берилет маалыматта.
УКМК буга байланыштуу О.Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылганын билдирет.
Жогорку Кеңештин депутаты О.Нарматованын окууга кабыл алынуусуна жана диплом алуусуна тиешелүү юридикалык баа берилет.
Орозайым Нарматова өткөн жылы сентябрда Ош аэропортунда Москвага учуп бараткан жеринен кармалып, Бишкекке алынып келинген. Бирок ошол эле күнү сурак бергенден кийин бошотулган.
Нарматова Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу болгон. Жапаров бийликке келген соң, аны кескин сындап жүргөн. (MD)
































