Кымбатчылык: карызга сураган кардарлар көбөйдү

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Соодагер Венера чакан дүкөн иштетет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соодагер Венера чакан дүкөн иштетет

Соодагер Венера чакан дүкөн иштетет. Негизинен күнүмдүк азык-түлүк товарларын жана жашылча-жемиш сатат. Ал соңку айларда кардарларынын көбү андан карызга жаздырып, соода кылып калышканын айтып берди:

“Бүт эле кымбатчылык болуп атат. Бул түрүбүз менен билбейм, канчага жетебиз. Мага келип соода кылгандардын баары эле карызга сурап калышты. Элдин акчасы тамагына жетпей атат. Айлык алса, ашып кетсе беш күн акчага соода кылат деле, андан ары карызга алып жан багып калышты”.

Венера “Дыйкан” базарынан продукты ташып, үстүнө бир аз акча кошуп ишкерлик кылат. Ал дүкөнүндөгү азык-түлүккө болгон баалар жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

“Суу майдын литрин 160 сомго, Казакстандан келген күрүчтүн килограммын 75 сом, “Краснодар” түрүн 65 сомдон берип атам. Томаттардын баасы 50-75 сом. Чайдын кичи кутусун – 70-80 сомго, рожкинин килосун 60  сомдон сатып атам. Жумуртканын бир даанасы 8-9 сом болду... Жада калса быйыл сезондук жашылча жемиш да кымбаттап кетти. Шабдаалыны былтыр 45 -50 сомдон саттык эле, быйыл 95 сомдон сатып атабыз. Помидордын баасы да тушпөй атат, килограммы – 45 сом болуп.  “Дыйкан” базарынын өзүндө кымбат. Дыйкандар бензин кымбаттады, ошого баа көтөрүлдү деп атышат”, - дейт ишкер.

дүкөндүн текчесинде тизилип турган азык-түлүк

Улуттук статистика комитети жыл башынан бери тамак-ашка баа орточо 7,3% өскөнүн тактады.

Өзгөчө эт, картошка, жашылча , суу май жана кумшекер кымбаттап жатат.

Кыргыз өкмөтү убактылуу чара катары июлдан тарта ЕАЭБден ташылып келчү кумшекер жана суу майга болгон кошумча нарк салыгын жокко чыгарды.

“Ошонун натыйжасында баалар ылдыйлап жатат. Кумшекер буга чейин ири маркеттерде 65 сомдон сатылып аткан, азыр 55 сомго түштү. Өсүмдүк майы 190 сомго чыгып атты эле, азыр 160 сомго, андан да ылдый түштү. Учурдан пайдаланып, үстүнө акча кошуп, керектөөчүлөрдүн укугун бузам деген ишкерлер да болуп жатат”,- деди Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков.

Жөнү жок баа көтөргөндөргө карата рейд жүрүп, 28-июлда аталган мекеме 47 соода түйүнүнө эскертүү берди.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков

Кыргызстанда тамак-аштын дээрлик 80% сырттан, негизинен Россия, Казакстан, Беларустан ташылып келет.

Пандемиядан улам келип чыккан каатчылык бир эле Кыргызстан эмес, жалпы дүйнө өлкөлөрүнө мүнөздүү көрүнүш болуп жатат. Бирок импортко көз каранды Кыргызстан үчүн бул өзгөчө сокку урууда.

“Кыргызстан тамак-аштан өзүн сүт азыктары менен гана камсыздай алат. Май сырттан ташылат. Өзгөн жана Баткен күрүчүбуз бар. Жалал-Абадда да күрүчтүн бир-эки түрү бар. Гречка өңдүү башка крупанын баары сырттан келет. Таласта фасолду өстүрөбүз бирок аны кыргыздар өздөрү жешпейт. Дан эгиндери, ун, бүт баары эле Россиядан келет. Эң керектүү деген азык-түлүктүн баарын эле импорттойбуз”,- дейт “Бай Элим Компани” компаниясынын башкы директору Рысгүл Акимжанова.

Рысгүл Акимжанова

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рысгүл Акимжанова

Сырттан азык-түлүк таашууда баалар негизинен доллар менен бычылат. Соңку бир жылда доллардын сомго карата наркы 20% өстү. Бул да болсо кымбатчылыкты шарттаган негизги факторлордон болууда.

Улутттук банк 2020-жылдын июль айынан 2021-жылдын июль айына карата инфляция 15% жеткенин ырастады. Тышкы соодадагы олку-солку абалдан улам жыл аягына чейин азык-түлүктүн баасы дагы кымбаттаары эскертилип жатат.

Кыргыз өкмөтү кышка карата азык-түлүк коопсуздугунун камын көрүп, сыртка буудай, күрүч, арпа, кант жана жумуртка азыктарын ташууга убактылуу чектөөлөрдү киргизди.

Ал тапта Бириккен Улуттар Уюму сентябрда дүйнөлүк азык-түлүк системасына арналган биринчи саммит өткөргөнү жатат.

БУУга мүчө өлкөлөр саммитте азык-түлүк системасын өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейинки Улуттук программаларын сунуштайт. Алардын ичинде Кыргызстан дагы бар.