Украинадагы согушка жалдоо. Кыргызстандыктарга чейин жеткен тузак

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Орусиядагы "Вагнер" менчик аскер компаниясына кошулуп, Украинадагы согуштук аракеттерге катышып келди делген Нарын облусунун 27 жаштагы тургунун Кыргызстандын атайын кызматы кармаганы ырасталды.

УКМК Нарында кармаган Б.у.Б. аттуу жаранды кармоо учуру

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК Нарында Б.у.Б. аттуу жаранды кармоо учуру

Б.у.Б аттуу жаран июлда Кыргызстанга кайтып келип, атайын кызмат аны 1-августта эле кармаганы анык болду. Бирок бул тууралуу УКМК жакында эле маалымат таратты.

“Б.у.Б 2022-жылдын 22-февралында Россияга иш издеп кетип, ал жакта кылмыш жоопкерчилигине тартылып, абактардын биринде жазасын өтөп жаткан. Россиянын куралдуу күчтөрү Украина аймагында атайын операция жүргүзүп жаткан шартта Б.у.Б ЧВК Вагнерге азгырылып, контрактык негизде Украинада согуштук аракеттерге тартылып жүргөн аскердик топко кошулган. Б.у.Б 1-августта кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында иши сотко өттү”, - деп айтылат УКМК 15-августта тараткан маалыматта.

“Азаттык” бир күн мурун шектүүнүн аялы менен байланышып окуянын чоо-жайын тактаган. Андагы маалыматтарга караганда, шектүү 2020-жылы эле Россияга эмгек миграциясына кеткен.

2021-жылы полиция аны "маңзат алып жүрөт" деген шек менен кармап, ошол эле жылы орус соту ал жаранды он жылга абакка кескен. Украинага Россия бастырып кирген 2022-жылдын аягында ал абактан вагнерчилердин катарына кошулуп, Украинадагы согушка кеткен.

Анын орус жарандыгын алгандыгы тууралуу да такталбаган маалыматтар чыгууда.

“Биз Вагнердин юристтерине байланыштык. №449 буйрук менен 7-июлда эле орус паспорту даярдалганы тууралуу маалымат келип жатат. Ошону такташ үчүн орус элчилигине баралы деп атабыз. Контракта ага жарандык жана белгилүү бир сумманы убадалашкан”, - деди Би-Би-Сиге анын жубайы.

Орус жарандыгын аларда Кыргызстандын жарандыгынан баш тартканы же тартпаганы белгисиз.

Эми Кыргызстанга кайтып келгенде ал Украинадагы согушка катышканы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин “жалданмачылык” беренеси менен жоопко тартылганы жатат. Жакындары анын аргасыздан "Вагнер" тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым сурап жаткан кези.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, күнөөсү далилденсе ал он жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Турат Аким, серепчи

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Турат Аким, журналист, серепчи
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Бул жаранды Вагнерге алып жатканда көп убадалар берилген. Контрактысында бар болуш керек. Бирок ал Вагнерге кошулганы үчүн “кесилген кылмыштуу таржымалың таптакыр өчүрүлөт” деп чакырып алышса керек. Бул ошого ишенип барган. Ал оюнда “өзүмдүн Кыргызстаныма эч кандай зыян кылган жокмун, Россияда кылмыш ишим жок” деп ал бул жакка эркин келе берген. Эми ал жөнөкөй эле, Россияда иштеп жүргөн карапайым балдардын бири да. Андыктан биздин мамлекеттин кылганы туура эмес. Бул жаранды кармагандан кийин Россияга эле депортация кылып жөнөтүп ийиш керек. Болбосо, согушта өлбөй калган жараныбызды түрмөдө чиритебизби”,- дейт серепчи Турат Аким.

Коомдук сайттарда бул жаранды жактагандар, башка өлкө үчүн согушка барганы үчүн жектегендер да болуп жатат.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясы түрмөдө жаткан адамдарды аскерге азгырып жатканы былтыр күздөн тарта белгилүү боло баштаган. Пригожин азгырган абактагылар вагнерчилерге кошулгандан кийин кандуу майданда кеминде алты ай кызмат өтөшү керек. Андан кийин алардын соттуулугу жоюлары айтылат.

Бирок мурдагы абактагыларды вагнерчилердин башчысы Пригожин кайсы укуктук механизмдин негизинде актап жатканы азыр деле түшүнүксүз.

Аскар Кубанычбек уулунун окуясы

Украинадагы согушка катышып кармалган кыргызстандыктар буга чейин деле болгон. УКМК 2023-жылдын январында кыргызстандык жаран Аскар Кубанычбек уулун кармаган. Ал Украинадагы согушка өз эрки менен катышып, бул аракетин орус жарандыгы алгысы келгендиги менен түшүндүргөн.

31 жаштагы ал жаран мурда Россияда жашап, киноиндустрия жаатында “Универ”, “Саша Таня”, “Реальные пацаны” сыяктуу белгилүү ситкомдорду тартууга катышып, квадрокоптерлер менен алектенчү. Согушка ал дрондорду башкарган адистер аз болуп жатат дегенди угуп, өз ыктыяры менен кеткен.

2022-жылы ноябрда Аскар Кубанычбек уулу атасы ооруп Кыргызстанга келип, атайын кызматтын колуна түшкөн.

Аскар Кубанычбек уулу

Сүрөттүн булагы, Аки

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскар Кубанычбек уулу

Аскар Кубанычбек уулу Кыргызстанда соттун өкүмү менен май айында он жылга кесилген. Андан соң ал орус жарандыгын алуу тууралуу расмий өтүнүч да келтирген. Августта эле Россиянын Тышкы иштер министрлигинде Аскар Кубанычбек уулуна орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын ТИМдин өкүлү Мария Захарова билдирген.

"Ооба, мындай кайрылуу болгон. Азыр бул маселенин үстүндө иштеп атабыз", - деп Захарова айтканын ТАСС жазып чыккан.

Андан бери бул кыргыз жаранынын тагдыры эмне болгондугу тууралуу жаңылыктар жок.

Ал арада орус президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш Украинада аскердик кызмат өтөп келген башка өлкө жарандарын ал аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган өлкөлөргө өткөрүп бербөө тууралуу документ даярдап жатканы тууралуу маалымат тарады.

Украинадагы согуш башталгандан бери кыргыз бийлиги өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырып келет. Буга чейин Сирия менен Иракка барып, кезинде согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жарандары да болгон. Эгер кыргыз жарандары чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга жалданма катары катышканы далилденсе, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси боюнча жоопко тартылат.

“Кыргызстандын жараны болуп жалданма болуп согушуп жүрсө, же кыргыз жарандыгынан чыкпай туруп башка өлкө жарандыгын алган болсо, анан кайра Кыргызстанга келсе баары бир биздин мыйзам боюнча жоопко тартылышы керек. Соңку кезде Кыргызстанда жалданма согушчандарга же террористтик-экстремисттик топторго кошулгандар көбөйүп жатат. Бул 2012-2014-жылдардан башталды. Ачыгын айтыш керек, Россияда, Украинада эле кыргыз жарандары жалданма болуп жүрүшпөстөн, ошол эле Француз легиону, Ислам мамлекетине чейин кирип кеткендер бар. Булардын барын аныктап-такташ кыйын. Бирок мыйзам баарына бирдей болушу керек. Акыркы убакта ушуга байланыштуу башка мамлекеттердин парламентарийлери чыгып атышпайбы. Мындай болбош керек, биз бир уюмда болгондон кийин аларга чектөө коюлбай, жоопко тартылбаш керек дешип атат. Кандай гана болбосун ар бир мамлекеттин өзүнүн так мыйзамдары бар, ошолор аткарылышы керек”,- деди УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков.

Артур Медетбеков, УКМКнын мурдагы төрага орун басары

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Артур Медетбеков, УКМК төрагасынын мурдагы орун басары

Би-Би-Синин орус кызматы Украинадагы согушта орус тарапта салгылашкан жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени буга чейинки иликтөөсүндө аныктаган. Анда ЧВК Вагнер түрмөлөрдөгү жарандарды да Украинадагы согушка жөнөтүп жатканы да айтылат.

Бул темада Би-Би-Си Кыргыз кызматы да атайын иликтөөсүн жарыялап, анда Украинадагы согушта курман болуп, ачыкка чыга элек 13 кыргызстандыктын өздүгүн аныкталган. Алардын жетөөсүндө кыргыз паспорту болгон. Бешөө орус жарандыгын кийинчерээк алышкан, бирөөсүндө кош жарандык болгон. Иликтөөдө Украинадагы согушка түрдүү жолдор менен кеткен кыргызстандыктар тууралуу айтылат.

Украинада согуш башталганы Кыргызстан бейтарап позицияда экенин кайталап келет. Ошондой эле кыргыз бийлиги өз жарандарын согуштук аракеттер болуп жаткан аймактарга барып тигил же бул тараптын катарында болуудан карманууга чакырат.