Куралдуу козголоңдун максаты эмне эле? Путин коркуп кеттиби?

Пригожин
Published

Куралдуу козголоң чыгарып барып токтогон “Вагнердин” кожоюну Евгений Пригожин азыр каякта экени белгисиз. Ал Ростовдон чыгып баратканда акыркы жолу байланышка чыккан, ошондон бери көрүнө элек.

Коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров, Евгений Пригожин жана Генштабдын башчысынын орун басары Владимир Алексеев

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров, Евгений Пригожин жана Генштабдын башчысынын орун басары Владимир Алексеев

Согушту изилдөө институту козголоң учурунда вагнерчилер Москванын түштүк жагынан 330 км калганда токтогонун билдирүүдө. ISW бул козголоңду Пригожин мурда эле пландаштырган деп эсептейт.

АКШ дагы Пригожиндин пландарын бир нече күн мурда эле билгенин, бирок аны менен орус армиясынын кармашы катуу болот деп күтүшкөнүн билдирүүдө.

Америкалык бир чиновник CNN телеканалына Россиянын кесипкөй аскер башчылары “Вагнерге” каршы турууга жарабаганына таң калганын билдирди. Ал эми Пригожин менен келишим ушунчалык тез болгондугу ого бетер оозду ачырат.

“Биздин күтүүбүз башкача эле: аябай ырайымсыз жана кандуу окуялар чыгып кетет деп ойлогонбуз”.

Пригожиндин Ростов шаарындагы аскер округунун штабын бир ок чыгарбай басып алганын айтканы Кремлди бир топ эле бушайман кылды окшойт.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пригожиндин Ростов шаарындагы аскер округунун штабын бир ок чыгарбай басып алганын айтканы Кремлди бир топ эле бушайман кылды окшойт.

"Максаты - бийлик эмес"

Политолог Татьяна Становая Пригожиндин максаты бийликти басып алуу же Кремлге жортуул жасоо эмес болчу дейт.

«Пригожин Украинадан чыгарылып, «Вагнерди» так өзүндөй сактап кала албасын билип, айласы кеткенде көтөрүлдү. Баарын дүрбөлөгө салып, Путиндин көңүлүн буруп, өзүнө кийинки иштерине ыңгайлуу шарттарды – роль, коопсуздук жана акча - соодалашып алуу анын планы болчу. Мындай пландар менен сен бийликти кулатканы барбайсың, сен өзүңдүн ишиңди сактап калыш үчүн ва-банк барасың, мурдагы эмгектерин эске алынат, сенин кыйкырыгың биринчи адамга жетет. Анын кылган иштери чынында эле өзүнүн үзүрүн берди, Пригожинге аман-эсен кеткенге мүмкүнчүлүк берилди»,-дейт Становая.

Анын пикиринче Пригожин Путинден мындай реакция болот деп күткөн эмес. Андан сырткары, Пригожин Шойгунун отставкасын талап кылгандай абалда эмес болчу.

"Өз башына тийүүдө"

Зеленский
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Украинанын президенти Зеленский соңку окуялар боюнча өзүнүн көз карашын билдирип, Россиянын агрессиясы анын өзүнүн башына тийип жатат деп айтты.

“Россиянын агрессиясы канчалык узак созулган сайын, ал Россиянын өзүндө ошончолук чоң деградацияны алып келүүдө. Мындай деградациянын бир көрүнүшү - россиялык агрессия бара-бара анын өзүнүн койнуна кайтууда. Биз лидерлер менен Россияда эмне болуп жатканы тууралуу пикир алыштык. Кырдаалдын өнүгүшүн жана кандай реакция кылышты билебиз”,-деди украин лидери.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон окуяларга ар бир саат сайын көз салып турганын,Франциянын негизги өнөктөштөрү менен байланышта болгонун айтты.

Ал соңку окуялар Россиянын армиясынын жана анын кошумча күчтөрүнүн борпоң экенин, “россиялык лагерде бөлүнүп-жарылуу” бар экенин көрсөттү.

Анын пикиринде, болгон окуянын баары «украиндерге каршылык көрсөтүүгө жасалып жаткан колдоонун толугу менен туура экенин билдирет".

Литванын президенти Гитанас Науседа Евгений Пригожиндин Беларуста боло турганы - чыгыш канатты күчтөндүрүүгө жүйөлүү негиз деп эсептейт.

"Эгер Пригожин же анын “Вагнер” тобунун бир бөлүгү эмне пландары жана эмне ойлору бар экени билинбей Беларуста жүрсө, анда бул биздин чыгыш чек арабыздын коопсуздугун күчтөндүрүү керек дегенди билдирет”,- деди Науседа мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин. (КС)