Курсан Асанов жана октябрдагы тополоң-тоз кризис

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда ички иштер министринин мурдагы орун басары, генерал Курсан Асановдун кайрадан кармалышы өлкөдө күзгү саясий сезондун ачылыш окуясы болуп калды. Байкоочулар соңку кармап-камоолорду парламенттик шайлоонун алдында саясий талааны тазалоо аракети катары жоромолдоп жатышат.

Курсан Асанов

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курсан Асанов октябрдагы саясий кризис убагында ички иштер министринин милдетин аткаруучу катары жарыяланган. 8-октябрь 2021-ж.

Генерал Курсан Асанов бир жыл мурдакы октябрь окуяларында “бийликти басып алууга аракет кылган” деген шек менен кармалды. Жакынкы эки суткада анын бөгөт чарасы каралышы керек.

Аны октябрь окуяларындагы “массалык тополоң” боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка чакырып туруп кармашты. Бул биринчи жолу эмес. Ал октябрь айында дагы кармалып, ноябрда чыгарылган болчу.

"Сотко чейинки иликтөө-тергөөнун алкагында Кыргыз Республикасынын мурунку орун басары К. Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп, Кыргызстадын Конституциясын бузуп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу К. Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Курсан Асанов суракка барардын алдында анын Алмаз  Сарыбаев деген ишкер менен сүйлөшкөнү деп аталган видео интернетте тараган болчу. Анын сапаты абдан начар, жакшы угулбайт. Эки адам Жанар Акаевдин, Өмүрбек Суваналиевдин аттарын атап, балдарды топтоо жөнүндө сүйлөшүп жаткандай. Бирок анын качан болгону, аны ким жарыялаганы, кандай чындыгы бар экени белгисиз.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова бул аудио жазууну фейк деп атап, анын авторун жоопко тартуу жөнүндө айтууда.

Өмүрбек Суваналиев дагы бул адиону далил катары колдонууга болбойт деди Би-Би-Сиге:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Интернеттен алынган фейк  далил болуп бере албайт. Анткени, сот уруксат берген тыңшоолор гана далил боло алат. Бул жерде таптаза фейк да”.

ЖК депутаты Жанар Акаев дагы Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, кескин жооп кайтарды:

“Курсан Асанов менен көчөдөбү, кафедеби сүйлөшүп, анын ичинде ушул Жанар деген сөздү алып келип чаптап, элди ишендирип, тополоң уюштурганга аракет кылып атат дегендей калп маалымат чыгып атканы абдан өкүндүрөт. Анткени, калп, жалган мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып, нормага айланып баратканы абдан кейиштүү көрүнүш. Экинчиден, күлкүлүү, анткени көчөдө саясатчылар сүйлөшүп, анан ошону арты менен айып тагабыз деген аракетке, карандай калпка биринчи класстын окуучусу да ишенбейт. Мен эч бир саясатчы менен, коомдук ишмер менен бийликти басып алабыз, массалык баш аламандык уюштурабыз деген сыяктуу сөздөрдү эч качан сүйлөшкөн эмесмин”.

Бир жыл мурда бийлик алмашууга алып келген тополоң окуялардын бир жылдыгынын алдында бийликтеги күчтөр бир катар адамдарды жоопко тартуу аракетин көрүүдө. ИИМ тергөөнүн алкагында көптөгөн саясатчыларды, анын ичинде парламент депутаттарын дагы тыңшоого алганы жакында ачыкка чыкты. Тыңшоого алынган саясатчылардын арасында, албетте, Курсан Асанов да четте калган эмес.

Ошол тополоң окуялар боюнча Жеңиш Молдакматов кармалып, камакта жатат. Социал-демократтардан Темирлан Султанбеков кармалып, кайра бошотулган.

6-октябрь 2021

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октябрдын алтысында таңга жуук митингичилер милиция күчтөрүн сүрүп чыгып, Ак үйдү ээлешкен.

"Саясий талааны тазалоо"

Октябрдын башындагы массалык тополоң убагында президент болуп турган Сооронбай Жээнбеков өлкөнү көзөмөлдөн чыгарып, башкара албай калган. Парламенттик шайлоонун арты чырга айланып, нааразы болгондор жапырт каршылык акциясына чыгып, милиция күчтөрү менен түнү бою кармашып, акыры аларды борбордук аянттан сүрүп чыгарып, Ак үйдү, мэрияны ээлеп алышкан болчу.

Өмүрбек Текебаев ошол кырдаалды өлкөнүн “укуктук талаадан чыгып кеткени” деп атап, ал учурда баарынын абалы бирдей болгонун айтып келатат.

Курсан Асанов ошол окуялардын убагында Ички иштер министрлигине барып, министрдин милдетин аткаруучу болуп башкарып калган. Аны ошол учурдагы коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев дайындаганын жергиликтүү агенттиктер жазып чыгышкан. Би-Би-Си генерал Суваналиевдин өзүнө байланышып, ошол тополоң окуялар учурундагы Курсан Асановдун аткарган ролу жөнүндө сурады.

“Ошол учурда бийликтин бирден бир легитимдүү өкүлү мен болуп калгам. Ошондо биз коопсуздук кеңешин чакырып, баарын УКМКга көчүрүп барганбыз. Элдин баары күбө. Ошол жерде күч структураларын координация кылдык. Ошондо ИИМде эч ким жок болуп калган. Мен Бишкектин коменданты генерал Орозалиевди чакырып, ветерандарды кошуп бергем. Ошонун ичинде Курсан Асановду дагы жардам бер деп жөнөткөм. Баардыгы чогуу ошол жерде иштеди. Мен аны Орозалиевге жардамчы катары жибергем. Анткени, отставкадагы генерал, шайлоого катышкан, коомдук пикир  ал тарапта болчу. Бүт органдын балдары жардам берип аткан болчу. Милициянын баары тепки жеп, моралдык жагынан басынып турган эле. Анан бул министрдин орун басары (мурдакы), саясатчы катары башкарат да. Салым кошту, аны элдин баары көрүп атты”,-деди Өмүрбек Суваналиев.

Соңку кармап-камоолорду кээ бир саясатчылар парламенттик шайлоонун алдында саясий талааны тазалоо иштери катары карап жатат.

“Максат – өздөрүнүн талапкерлери үчүн талааны тазалоо, бөтөндөрдү четке сүрүү. Ойго эмне келсе, ошонун баарын иле бермей: алдамчылык, басып алуу, коррупция, негизсиз сын айтуу, кылмыштарга даярдануу”,- деп жазды Фейсбукка ЖКнын депутаты Дастан Бекешов.

Орозайым Нарматова камалган учур

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оппозициялык активист Орозайым Нарматованын кармалышы социалдык медиада курч реакцияны жаратты

“Саясий экстремизм”

Өткөн аптада Кыргызстанда оппозициялык активисттин Ош аба майданынан кармалып, Бишкекке жеткирилип суракка алынган окуясы коомчулукту өтө нааразы кылды. Элдин реакциясы катуу болгон үчүн ИИМ Орозайым Нарматованы күбө катары суракка алганын айтып, кое берди. Бирок бул азыркы бийликтин өзүнө сын айткандарды душман катары кармап, жазалоодон кайра тартпай турганын дагы бир жолу көрсөттү дешет.

ИИМ Москвадан келип кайтып бараткан активистти кармаганда, анын “улут аралык, этностор жана аймак аралык кастыкты козутуу” боюнча шектүү катары кармалганын билдирген. Ошол эле убакта анын атасынын үйүнө барып тинтүү жүргүзүп жиберишти.

Феликс Кулов милициянын бул аракетин жумшак түрдө кесипкөйлүк эмес деп атады. Ал эми акыйкатчы Башкы прокуратурага кайрылып, болгон иштин баарын баштан аяк териштирип чыгууну өтүндү.

“Кечээки Орозайым Нарматова менен болгон окуя бийликте эмне болуп жатканын көрсөттү, оюна келгенди жасап, элде каршылык болсо кайра чыгарып жиберип..оюнчуктай да. Күбө катары сурашып, үйүнүн баарын тинтип, ызы-чуу салышып, анан кое беришти. Бийликте туруп алып каалаганын жасап атышат”,-дейт журналист-аналитик Айданбек Акматов.

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев бул ишке президенттин тиешеси жок экенин айтуу менен чектелди. Ал эми коомдук чоң резонанс жараткан бул окуяга Садыр Жапаров өзү же анын администрациясы тарабынан кой-ай деген сөз болгон жок.

Эки ай мурун УКМКнын төрагасы саясий терроризмге каршы катуу чаралар көрүлөрүн эскерткен эле.

“Азыр биздин мамлекет башчысын жана башка кызмат адамдарын Интернетте далилсиз шыбап, негизсиз күнөөлөп, кыйкырып жаткандардын баары качан болбосун жоопко тартылат. Азыр ар бириңер жазылып атасыңар, ар бириңерди биздин өлкөдө жана чет жакта дагы эсепке алып атабыз. Азыр аларды бул жакка алып келиш үчүн башка өлкөлөр менен макулдашууларды түзүп атабыз. Ошондуктан мен токтогула деп айтат элем, коомду бузуку иштерге, аракеттерге чакыруунун кереги жок. Бул абдан кайгылуу бүтүшү мүмкүн. Азыркы убакта саясий экстремизм маселеси биринчи орунга чыкты. Биздин саясатчылар чогулуп, ар демени ойлоп чыга баштады. Чогулуп алып күзүндө парламенттик шайлоо болот, андан кийин революция болот деп жатышат. Эч кандай революция болбойт. Биздин элдик бийлик эч убакта революцияга жол бербейт. Революциясы жок өзүбүз кеткенибиз жакшы”,-деген Камчыбек Ташиев.

Кыргызстанда саясий атаандаштарын, оппозицияны кысымга алып, кармап-камаган саясат жакшы бүткөн эмес. Буга чейинки бийлик алмашуулардын негизги себептеринин бири да ушундай бөрк ал десе баш алмай саясат болгон дешет. Садыр Жапаровдун өзү да мурунку бийлик тушунда оппозицияда болгону үчүн кармалып, үч жылга жакын түрмөдө отурганы белгилүү.

 

Ташиев менен Жапаров

Сүрөттүн булагы, official