Талибан Афганистандын үч ири шаарына чабуул койду

Сүрөттүн булагы, AFP
Афганистандын түштүк жана батыш аймагындагы үч чоң шаардын айланасында согуштук аракеттер күч алды. Талибдер бул аймакты бийликчил күчтөрдөн тартып алууга аракет кылып атышат.
Жекшемби күнү Герат, Лашкар Гах жана Кандагар шаарларында тиреш көпкө созулду.
Сентябрга чейин чет элдик аскерлер дээрлик толугу менен өлкөдөн чыгарылары жарыялангандан бери Талибан элет жеринде ылдам эле ийгиликке жетише алды.
Гуманитардык кризис коркунучунан улам жана мамлекеттик күчтөр качанга чейин туруштук бере алары тынчсыздантып жаткан шартта бул негизги шаарлардын тагдыры чечүүчү мааниге ээ.
Фундаменталист-исламист согушкерлер Ооганстан аймагынын жарымын, анын ичинде Иран менен Пакистандын чек араларындагы кирешелүү жерлерди эбак эле өздөрүнө каратып алганы айтылууда. Бирок алар провинциянын борборун каратып ала элек.
Лашкар Гах
Лашкар Гахта оор салгылашуулар жекшемби күнү шаар ичинде уланды.
Ишембиде козголоңчулар губернатор отурган имараттан бир нече жүз метр аралыкта болушуп, бирок кеч киргенде кайра артка чегинишкен.
Мамлекеттик куралдуу күчтөр АКШнын күчтөрү менен бирдикте Талибан турган жерге абадан сокку уруп, ондогон согушкерлерди жок кылынганын айтышкан.
“Талибан дагы бизди аяп олтурбайт, мамлекет дагы бомбалаганын токтотпойт”, - деген жергиликтүү жашоочу Халим Карими France-Presse агенттигине.
Кандагар

Сүрөттүн булагы, EPA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Талибдердин ракеталары жекшемби күнү таңга маал Кандагар аэропортунун комплексине тийип, учуп-конуу тилкесин бир аз зыянга учураткандыктан рейстер токтотулган.
Кандагарлык эл өкүлү жекшемби күнү Би-Би-Сиге билдиргендей, шаар Талибанга карап калуу коркунучунда турат жана миңдеген адамдар турак-жайын таштай качышып, гуманитардык кырсыктын бир учу көрүнүп калды.
Гул Ахмад Каминдин айтымында, абал саат сайын начарлоодо жана бул соңку 20 жылда шаар ичиндеги эң катаал салгылашуулардын бири болгон.
“Талибан азыр Кандагарды эң негизи жер катары көрүп, өздөрүнүн убактылуу борборуна айлантып алууну көздөөдө. Эгерде бул шаарды каратып ала турган болсо, анда аймактагы башка беш же алты провинция дагы колдон чыгып калат”, - дейт Камин.
Анын айтымында, Талибдер шаардын ар кайсы тарабында болгондуктан жана биротоло элге аралашып кетсе, жай тургундардын көптүгүнөн улам мамлекеттик күчтөр аларга каршы оор аскердик куралдарды колдоно алышпай калышат.
Герат
Ооганстандын атайын даярдыктагы күчтөрү экономикалык жактан маанилүү делген Герат жергесине барып, жекшемби күнү бул аймакта абалды турукташтырган.
Ооган аскерлери ардагер аскер башчы жана Талибанга каршы командир Исмаил Хандын жанында согушту. Исмаил Хан жарандарды согушкерлерге каршы мобилизациялай алган.
Шаар сыртындагы Талибдер турган аймакка дагы абадан сокку урулган.
Аэропортко жакын жайгашкан БУУнун имаратындагы күзөтчү жума күнү өлтүрүлүп, БУУ окуяны Талибандын атайын кол салуусу деп атады.
“Ислам эмираты”
Европа Биримдигинин Ооганстандагы атайын өкүлү Томас Никлассондун айтымында, согуш мындан дагы курчумакчы.
Талибандын азыркы ой жүгүртүүсү “мурда алар ойлоп жүргөн ислам эмиратын кайра түптөөгө окшош” болгону кооптонуп жатканын айтат ал.
Британиянын куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы, генерал Девид Ричардс эскерткендей, эл аралык күчтөрдүн өлкөдөн чыгарылышы ооган армиясынын моралдык духун түшүрүүгө алып барат. Натыйжада, Талибан көзөмөлдү күчөтүп, эл аралык терроризм коркунучу жаралышы ыктымал.
Гуманитардык уюмдар Талибандын чабуулу уланып жаткандыктан алдыңкы айларда ири кризис жараларын эскертти. Алар азык-түлүк, суу жана кызматтар жетишсиз болуп, үй-жайсыз калгандар лагерлерде толуп, батпай калышы мүмкүн дешет.
АКШнын аскерлери жана НАТО менен аймактагы шериктери Талибанды 2001-жылдын ноябрында бийликтен түшүргөн болчу.
Талибан 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы терактка байланышы болгон Усама бен Ладен менен дагы башка Ал-Каиданын өкүлдөрүн калкалап жүргөн.
Бирок Ооганстанда эл аралык коомчулуктун туруктуу иш алып баруусуна, ооган мамлекеттик күчтөрүнө көрсөтүлгөн миллиарддаган долларлык колдоого жана машыктырууларга карабастан Талибан кайра биригип, акырындык менен күчүн топтой алды.
2020-жылдын февралында ошол кездеги АКШнын президенти Доналд Трамп менен шериктештери эл аралык согуштук күчтөрдү чыгаруу боюнча Талибан менен келишим түзүүнү макулдашкан болчу.
Быйыл президент Жо Байден сентябрга чейин аскерлер чыгарылып кетерин билдирген. (EA)
































