Украинадагы согуш: Залужный мобилизация жана согуш тууралуу эмнелерди айтты?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Валерий Залужный орус баскынчылыгы башталгандан берки алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, анда бир жыл ичиндеги аскердик операциялардын жыйынтыгын чыгарып, келечекке божомолдорду айтып, мобилизациянын жаңы эрежелери тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө өз оюн билдирди.
Залужныйдын 26-декабрдагы маалымат жыйыны кыска гана болуп, кеңири чагылдырылган жок.
Залужный парламенттин кароосуна бир күн мурда киргизилген мобилизация, демобилизация жана аскердик кызмат боюнча өкмөттүк мыйзам долбоорлорунун резонанстуу пакетине комментарий берди, ошондой эле фронттогу кырдаал жана Украинанын коргонуусу үчүн келерки жыл эмнелерди алып келиши мүмкүн экенин кыскача айтып берди.
Украина канча адамды мобилизация кылышы керек?
Пресс-конференциянын алдында жалпыга маалымдоо каражаттарына чанда гана комментарий берген Залужный улуттук телемарафонго бир азга кошулуп, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин аскердик командачылык кийинки жылы 450-500 миң кишини аскерге чакырууну сунуш кылды деген билдирүүсүнө комментарий берди.
Залужный Башкы штабдын "эч бир сандарды атап суроо-талап кылбаганын" жана армия учурдагы штаттык санын, жаңы аскер бөлүктөрүнүн түзүлүшүн жана келерки жылдагы ыктымалдуу жоготууларга байланыштуу божомолдорду эске алуу менен өзүнүн муктаждыктарын билдирерин тактады.
“Ал санды биз айта албайбыз, анткени бул аскердик сыр”, - деди ал. – Биз ресурстарга – аскердик техникага жана адамдарга суроо-талаптарды түзөбүз. Биз бул сунуштардын баарын мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти катары Коргоо министрлигине беребиз, андан соң, муну кантип камсыз кылууну бул орган өзү чечет. Бизге снаряддар, куралдар жана адамдар керек. Калганынын баарын ыйгарым укуктары бар органдар жасайт”.
Аскерге баруудан качкандар, аскерге милдеттүүлөр жана ротация тууралуу
Пресс-конференцияда Залужный мобилизациянын жаңы эрежелери боюнча мыйзам долбоорлоруна кененирээк токтолду.
Ал мыйзамдардын негизгиси 25-декабрда парламенттин кароосуна жиберилген. Анда мобилизациялана тургандардын жаш курагын 27ден 25ке төмөндөтүү, аскердик каттоого турууну жана армияга чакыруу кагаздарын жеткирүүнү жөнөкөйлөтүү, ошондой эле кызмат өтөөдөн качкандар үчүн жазаны катаалдаштыруу, тактап айтканда көп суммадагы айып пул салуу жана эркинен ажыратуу каралган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда аскердик абал учурунда үч жылдан ашык кызмат өтөгөндөрдү жана туткунда болуп келгендерди демобилизация кылуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлгөн.
Залужный белгилегендей, аскер кызматкерлери документтерди даярдоо боюнча жумушчу топтун курамында иштегени менен, көпчүлүк жоболор, өзгөчө жарандарды мобилизациялоого жана аскерден качкандарга каршы санкцияларга түздөн-түз тиешелүү жоболор Башкы штаб тарабынан иштелип чыккан эмес.
"Биз армиябыз. Биз согушта болуп, жарандардын жашоосуна кийлигишпешибиз керек," - деп баса белгиледи ал.
Би-Би-Синин украин кызматынын тактоочу суроосуна жооп берип жатып, Залужный электрондук чакырууларды жиберүү аскер жетекчилигинин демилгеси эмес экенин билдирди. Мыйзам долбоорунда ылайык, аларды электрондук почта аркылуу же аскерге милдеттүүнүн электрондук эсебине жөнөтсө болору айтылды.
Аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү бирок чет өлкөдө жүргөндөр тууралуу сөз кылып жатып, Залужный Украинанын Куралдуу күчтөрү өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын жашоосуна кийлигишүүнү көздөбөй турганын кошумчалады.
“Украинанын Куралдуу күчтөрү согушуп жатып, биздин жарандардын, анын ичинде биздин өлкөдөн чыгып кеткендердин жарандык жашоосуна эч кандай таасир тийгизбеши керек. Бул үчүн борбордук аткаруу бийлик органдары бар, алар чечим кабыл алышы абзел. Мен мындайга баа бере албайм жана андай кылгым да келбейт, бирок убакыттын өтүшү менен аларды армияда көрүп калсам кубанычта болом жана алардын окуу-даярдыктарын уюштуруп берүүгө дилгирмин”, - деп белгиледи башкы командачы.
Залужныйдын айтымында, Башкы штаб үчүн мобилизациянын болушу маанилүү, бирок анын аткарылышын көзөмөлдөө өкмөттүн милдети.
Мыйзам долбоорунун айрым бөлүктөрүнө келсек, Залужный, алты айга созулган согуштук аракеттерден кийин аскер кызматкерлерин милдеттүү түрдө ротациялоо жөнүндөгү жобого күмөн менен карап жатканын билдирди.
“Албетте, бул норма абдан кызыктуу жана, сөзсүз түрдө, мен андай жобонун болушун каалайт элем. Бирок дагы бир жолу айтам, адамдарыбыз азыр мелдештерде жүргөн жок, бул бүткүл дүйнө көрүп жаткан шоу эмес. Фронттогу кырдаал душмандын аракеттерине жараша болот. Алты ай болобу, беш ай болобу, үч ай болобу, алдын ала айта албайбыз”, - деп түшүндүрдү башкы командачы.

Сүрөттүн булагы, Reuters
“Эгерде адамдар ротацияны алты ай сайын жүргүзүүнү сунуштаса, анда алар аскерлердин саны жок дегенде эки эсеге көбөйүшү керектигин түшүнүшү керек”, - деп баса белгиледи ал.
Ошол эле учурда Залужный Украинанын Куралдуу күчтөрү милдетүү аскердик кызмат системасынан баш тартууну сунуштаганын жана алар буга даяр экенин мойнуна алды.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, милдеттүү аскерге чакыруу системасы 18 жаштан 25 жашка чейинки уландардын бир нече айдын ичинде баштапкы аскердик даярдыктан өтүүсүнө алмаштырылышы керек.
“Жай айларында биз милдеттүү аскерге чакырылгандардан баш тартууга даяр эмес элек, бирок ноябрь айынын аягында биз муну өзүбүз сунуштадык. Бүгүнкү күндө бизге алардын кереги жок”, - деп түшүндүрдү ал.
Демобилизация тууралуу
Башкы командачы фронтто көптөн бери согушуп келген аскер кызматчыларын демобилизациялоо темасын өзүнчө ачып берди.
Анын айтымында, Башкы штаб менен Коргоо министрлиги аскердик абал учурунда 36 айдан ашык кызмат өтөгөндөрдүн демобилизациясына фронттогу кырдаал курчуп кетпеген шартта гана уруксат берүүнү макулдашты. Анткени андай учурда Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн катарын таштап кетчү тажрыйбалуу адамдарды кантип жана ким менен алмаштыруу керек деген маселе пайда болот.
“Фронттогу биздин жоокерлер азыр өтө оор шарттарда экенин абдан жакшы түшүнөм. 36 айдын ичинде биз тапшырманы аткарып, бул адамдарды алмаштырабыз деп үмүттөнөм." – деп билдирди Залужный.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Фронттогу абал жөнүндө
Валерий Залужный согуштун келечеги жөнүндө кеңири сөз кылуудан баш тартты.
“Кийинки жыл 2023-жылдан башкача болот деп ишендире алам, биз бул үчүн бардыгын жасап жатабыз”, - деген ал, аскердик жетекчилик көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.
Айрым аймактарды, анын ичинде орус аскерлери быйыл жайында алган Бахмут үчүн айыгышкан салгылашууларды, ошондой эле толук басып алуу коркунучу астында турган Авдиевка жана Маринка үчүн салгылашуулар тууралуу айтып жатып, Залужный бардыгын аскердик максатка ылайыктуулугуна карап аныктоо керектигин белгиледи.
“Буга ашыкча көңүл буруп, кайсы бир конушту жоготуудан трагедия жасоонун кереги жок. Согуштук аракеттер командирлерге, саясатчыларга же журналисттерге жагабы деп карап отурбайт, алар өзүнүн мыйзамдарына баш ийет”, - деп белгиледи ал.
Залужный Украинанын куралдуу күчтөрү ар бир кадам жерди коргой турганын, бирок кишилерди куткаруу керек болсо, "биз ошого ылайык чечим кабыл алып, адамдарды сактап калабыз" деп баса белгиледи.
Башкы колбашчынын айтымында, орус аскерлери көп сандагы снаряддарды колдонуу менен шаарларды талкалап, 2-3 айдын ичинде каалаган шаарды Бахмутка айландыра алышат, азыр Авдеевка менен Маринкада дал ушундай болуп жатат.
Орус бийликтери атүгүл шаарды ээлегенин билдирүүгө шашышкан, бирок Залужный анын түндүк бөлүгүн украин аскерлери дагы эле кармап турганын билдирди.
"Ошентсе да мен мындан ары бул конушту жок деп эсептесе болот деп айта алам", - деди ал көптөгөн кыйроолор жөнүндө сүйлөп жатып.
































