Орусиялыктар кыргыз жарандыгын сатып алуудабы?
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, grs.gov.kg
Былтыр Кыргызстандын жарандыгын алгандардын арасында орусиялык таанымал адамдардын аты аталды. Орусия Украинага кол салгандан тартып орустар арсында кыргыз паспортуна суроо талап өскөнү айтылып жатат. Ал тургай интернетте кыргыз жарандыгын алып беребиз деген компаниялардын да жарнамаларын кезиктирүүгө болот.
Мындай көрүнүштөр эл ичинде чет өлкөлүктөргө жарандык берүүдө коррупция күч алдыбы деген ойго түртүүдө. Кыргызстандын бийлиги жарандык берүүдө мыйзамсыз иштер жок деп ишендирип жатат.
Орусиялык The Moscow Times басылмасы ишемби күнү жарыялаган макаласында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жарандыкка кабыл алуу тууралуу былтыркы жарлыгын изилдеген. Басылма өткөн жылы кыргыз паспортун алган адамдардын арасында жүзгө жакын орусиялык жаран бар экенин тактаган.
“Москванын жашоочулары кыргыз паспортун алууга ашыгууда. Президенттин (Кыргызстандын президенти – ред) жарандыкка кабыл алуу жөнүндөгү акыркы жарлыгынан 50дөй москвалыкты жана ушундай эле сандагы Орусиянын башка аймактарынын тургундарын көрүүгө болот”, - деп жазылат макалада.

Тизмеде белгилүүлөр бар
Басылма Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жарандык алган бир нече адамдын аты-жөнүн, туулган жылын жана жашаган жерин орусиялык белгилүү адамдардын жеке маалыматтары менен салыштырып көргөн.
Натыйжада, бир нече адамдын жеке маалыматтары өткөн жылы кыргыз жарандыгын алган айрым адамдардын маалыматтары менен дал келген. Тизмеден экс-губернатор, чиновниктер менен ишкерлердин балдарын жана ишкерлердин аты-жөнүн кезиктирүүгө болот.
Орусиянын Украинага согуш башташы жана аскерге мобилизация жарыялашы жүз миңдеген орус жарандарын өз өлкөсүн таштап чыгууга аргасыз кылды. Алар батыш өлкөлөрүнө оңой чыгуу үчүн башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандыгын алып жатышы мүмкүн экени айтылууда.
Муну орусиялык мурдагы финансист Михаил Жуховицкий Фейсбукка жазган постунда ырастап турат. Ал төрт ай мурун 10 чакты досуна кыргыз паспортун алып берүүгө көмөктөшкөнүн жазып, Кыргызстанда таасирдүү тааныштары бар экенин да жашырган эмес.
Жуховицкий өткөн жумада ушул темага кайра токтолуп, Садыр Жапаровдун соңку жарлыгы менен жарандык алгандардын арасында орусиялык белгилүү ишкерлер бар экенин ачыктады. Ал кыргыз жарандыгын алуунун башкы максаты Европага чыгуу экенин баса белгилейт.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Кыргызстандын санарип өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин орусялыктардан кыргыз жарандыгын алуу боюнча 3731 арыз түшкөн. Алардын ичинен 1085 адамга кыргыз жарандыгы берилген.
Бийлик баары мыйзам чегинде дейт
Кыргызстандын президенттик администрациясынын маалымат кызматы жарандык берүүдө эч кимге артыкчылык берилбей, баардык иштер мыйзам чегинде ишке ашат деп ишендирүүдө.
“Жарандыкка кабыл алуу Конституция, эл аралык келишимдер жана “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Жарандык алуу боюнча арыздар тиешелүү мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары тарабынан дыкат текшерилет. Бардык жол-жоболор аяктагандан кийин комиссия чечим кабыл алат. Талаптар баарына бирдей, эч кимге жеңилдик каралган эмес”, - дешти президенттик администрациядан.
Жарандык убадалаган жарнамалар
Жакында эле депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында орусиялыктар кыргыз жарандыгын 300 миң рублга оңой эле алып жатканын айтып чыккан.
“Россиялык жарандар 300 мин рублга биздин жарандыкты алышууда. Кээ бир компаниялар анын жарнамасын чыгарып жатат. Бул туурабы же туура эмеспи?”, - деп суроо салган эл өкүлү.
Чын эле орусиялык avito.ru сайтында Кыргызстандын жарандыгын алууга жардам көрсөтүү боюнча жарыялар байма-бай жарыяланып турат.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Анда Кыргызстандын паспортун алуу үчүн кесипкөй юристтер жардам көрсөтөрү, документти эки айдан жарым жылга чейинки убакытта колго алууга болору белгиленген. Кызмат акысы 70 миң рублден башталып, 1,5 миллион рублди чапчыйт. Кыргызстандын паспортунун артыкчылыктары катары көптөгөн өлкөлөргө визасыз кирүү, Европага оңой чыгуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлгөн.
Орусиялык Open The World компаниясы да Кыргызстандын жарандыгын алып берүү боюнча өзүнүн кызматтарын сунуштап келет.
Негизинен бардык жарнамалар окшош, андагы негизги талап катары жарандык ала тургандар 1991-жылга чейин, тагырагы СССР учурунда туулган адамдар болушу керек.

Сүрөттүн булагы, screenshot
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жарандык алып беребиз деген жарыялардын артында шылуундар турушу мүмкүндүгүн айтып, Кыргызстандын жарандыгын берүүгө сырттан эч ким аралашпай турганын Би-Би-Сиге билдирди.
Жарандык алуу орустар үчүн оор эмес
Санарип өнүктүрүү министрлиги чет өлкөлүктөргө жарандык берүүнүн жол жоболорун Би-Би-Сиге кенен түшүндүрүп берди. Биз анын негизгилерине токтолобуз.
Министрликтен айтышкандай, Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамы менен жөнгө салынган. Мыйзамда жарандык берүүнүн жалпы жана жөнөкөйтүлгөн шаартары каралган.
Орусиялыктар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн шарттар колдонулат. Бул үчүн 1999-жылы Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Россия атайын макулдашуу кабыл алышкан.
Андагы негизги талап, арыз ээси СССРдин аймагында 1991-жылдын 21-декабрына чейин туулган болушу керек жана жарандык ала турган өлкөдө бир жыл туруктуу жашоого тийиш.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Деген менен адистер орусиялыктар жогорудагы шарттарды аткарбастан муктаждыктан улам коррупциялык жол менен жарандык алышууда деп күмөн санашат. Алардын оңой эле паспорт алышына мамлекеттик кызматкерлер кол кабыш кылышы мүмкүндүгү коомдук тармактагы талкууларда айтылды.
“Миңдеген жасалма паспорт берилүүдө...”
Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө жарандык берүү президенттик администрациядан айтышкандай же мыйзамда көрсөтүлгөндөй, баары кынтыксыз ишке ашат деп айтуу кыйын.
Өлкөдө паспорт мафиясы тамырлап кеткенин былтыр санарип министри Талантбек Иманов да ачыктаган. Ал кызматка киришкенине көп өтпөй кайрылуу жасап, өлкөдө паспорт мафиясы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын айтып чыккан.
“Кызматка келгенде биринчи эле Калкты каттоо департаментиндеги паспорт мафиясына кабылдым. Ал 24 саат бою тынысыз иштей тургандай жолго салыныптыр. Бул мафия тамырлашып кетип, өлкөгө миллиарддаган сом зыян келтирип жатат. Миңдеген жасалма паспорт берилип, бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда”, - деген министр.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Министр Иманов жарым жылдан кийин бул тема боюнча шаршемби күнү билдирүү жазып, паспорт мафиясы менен күрөшүү үчүн бир катар аймактарда текшерүүлөр жүргүзүлгөнүн айтты.
"Министрлик тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, репутациясы таза эмес кызматкерлерден тазалоо иштери жүргүзүлдү. Кадрдык чечимдер кабыл алынып, жетекчилик кызмат орундарын ээлеген бир катар адамдар ээлеген кызмат орундарынан бошотулушту", - деп жазды Иманов.
Буга чейин бир катар эл аралык чуулгандуу окуялардын катышуучуларынан кыргыз паспорттору табылган. Мындай окуялар өлкөдөгү жарандык берүүдөгү коррупциялык иштерди гана ачыктабастан, өлкөнүн эл аралык беделине да шек келтирген учурлар бар.
































