Кыргызстандагы орус жарандарында депортация санаасы

Published

Элен Сагындык кызы, Би-Би-Си, Бишкек

Юлия Кулешова

Россияда мобилизация жарыяланганы Кыргызстанга он миңдеген орус жараны качып келген. Бирок кыргыз өкмөтү алардын көбү кайра эле өлкөдөн чыгып кеткенин тактаган. Ушу тапта Кыргызстанда 30 миңдей релокант жашап жатканы айтылат. Соңку кезде алар Украинадагы согушка каршы позициясы үчүн Бишкекте коркутуп-үркүтүүлөргө тушугуп жатканын айтышууда.

Красная Крыша

"Красная крыша"

Келгин орус жарандарын бири - Юлия Кулешова Бишкекте “Красная крыша” коомчулугун түптөгөн. Бул жер чыгармачыл адамдардын башын бириктирген маданий гана чөйрө эле.

Бирок быйыл 24-февралдан кийин алардын жашоосуна өзгөрүү кирди. Украинадагы согуштун бир жылдыгына карата акцияга чыккандан кийин алар жергиликтүү милициянын жана орус элчилигинин бутасына айланды.

“Биз аябай жумшак акциянын форматын тандадык деп ойлогонбуз. Бае концерт коюп, Киев көчөсүндө гүлдөрдү тизип, лента эле илгенбиз”, -дейт Юлия Кулешова, “Красная крыша” коомунун негиздөөчүсү.

Юлия соңку күндөрү үйүнүн алдында шектүү адамдарды көп байкай баштады, андыктан ал аңдуулар болуп жатабы деп шектенет.

Бирок алар кимдер? Жергиликтүү эле милициябы же ФСБнын агенттериби, Юлия аны так билбейт.

Ал тапта Украинадагы согушка каршы болуп жаткан орус жарандарын Бишкектеги орус элчилиги да депортация менен коркутуп жатканы белгилүү болду.

“Депортация тууралуу коркутууну бизге кылмыш ишин ачабыз деген милициядан уктук”,-деди Юлия.

Юлия Кулешова
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Антон Вахранев - Бишкекте жашап жаткан дагы бир орус жараны. Ал Москвада согушка каршы плакат менен митингге чыгып, саясий куугунтукка кабылган.

Эл аралык укук коргоочулардын көмөгү менен Бишкекке качып келгенине бир жылга жакындап калды. Ал башында өзүн Бишкекте коопсуз сезчү, бирок азыр анда андай ишеним жоголду.

“Сөз жок, мага Кыргызстанда жашаган жагат. Бишкекти жактырдым. Бул өлкөнүн жаратылышы аябай жакты. Андыктан менин бул жерди дагы көп убакытка байырлап туруу оюм бар болчу. Бирок 24-февралдан тарта пайда болгон азыркыдай жагдай кандай жакка ооп кетет айта албай турам. Андыктан башка варианттарды карай баштадым, бирок ага жетпейм деп жакшы тилек кылам”,-дейт Антон.

Кыргызстандын ИИМ Бишкектеги келгин орус жарандарынын аркасынан аңдуулар болуп жатканы тууралуу маалыматты тактаган жок. Бирок шаардык милиция буга чейин Бишкекте алты орус жараны кармалып, расалык, этностук жана диний негизде кастыкты козутпоо тууралуу түшүндүрүү иштеринен кийин кое берилгенин маалымдаган.

Антон

"Кесепети оор"

Эл аралык байланыштар боюнча эксперт Алмаз Тажыбайдын пикиринде, Орусиядан чыгып кетип жаткандардын өз өлкөсүнө азыр кайтып барышы кыйын:

“Учурда орус жарандары ич ара экиге бөлүнүп калды. Биринчиси, Путиндин агрессиялык көз карашын колдогондор. Экинчиси, согушка каршы чыгып, демократияны жактагандар. Согуш жакын арада токтойт деп жоромолдоо өтө кыйын. Тынчтык келишими түзүлгөн шартта дагы киргизилген чектөөлөр дароо эле алынып салынбайт. Анын кесепети өтө оор болот. Башка мамлекеттерге чыгып кеткен орус жарандарынын кайра кайтып баруу мүмкүнчүлүгү дагы аз. Ал үчүн Орусияда сөз эркиндиги корголуп, демократиялык башкаруу орношу керек. Андай өзгөрүүлөр Путиндин режими учурунда болбойт. Жыйырма жыл бою Батышка каршы жүргүзүлгөн пропагандалык көз караштарды жоюу дагы оңойго турбайт”.

"Патриоттор жана бузукулар"

Кремль Украинада «атайын согуштук операция» (Россиянын коңшу өлкөгө кол салуусун атайын ушул термин менен айтышат) баштаганына бир жыл болду. Кол салуудан бир нече аптадан кийин Путин Россиянын калкына кайрылып, «чыныгы патриотторду бузукулар менен чыккынчылардан бөлүп кароого чакырык жасаган».

Ошондон бери бүт Россиянын өзүндө согушка каршы болгондордун үстүнөн советтик жолойдогу билдирмелер түшүп жатат. Анын ичинде мугалимдерине айгак чыккан студенттер, чогуу иштегендерин карматкан жумушчулар бар.

Кол салууну ачык айыптоо, башка бирөөнүн пикирин колдоп бөлүшүү опурталдуу иш. Россиянын бийликтери элден Украинага кол салууну кыңк этпей колдоого алууну талап кылышууда. Эгер колдобосоң, анда жок дегенде оозуңузду басып отурушуң керек. Эгер тилиңди тарта албасаң, анда башкача ойлонуп, башкача сүйлөгөндөр үчүн жазалоочу мыйзамдар бар. Анын ичинде «куралдуу күчтөр» жөнүндө жалган маалымат таратууга жана «армияны жаманатты кылууга» тыюу салган мыйзамдар бар. (КС)