Уханда коронавирус кайра жанданды. Шаардыктардын баары тесттен өтөт

Кытайдагы коронавируска массалык тест тапшыруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдагы массалык тест тапшыруу
Published

Кытайдын Ухан жергесинде бир нече коронавирус учурлары катталгандыктан шаар бийлиги жашоочулардын баарын текшерүүгө алмакчы.

Вирус Уханда жети тургундан чыккан. Бул бир жылдан ашуун убакыттан бери катталган алгачкы жергиликтүү учур.

11 миллион калкы бар шаар 2019-жылы биринчи жолу коронавирус чыкканда дүйнөнүн назарын өзүнө бурган эле.

Азыркы күндө Кытай соңку айлардагы эң көп вирус жуктургандар учурга күбө болууда. 10 күндүн ичинде 300 учур катталган.

Өлкө боюнча 15тей провинцияда вирус чыгып, мамлекет массалык түрдө тест жүргүзгөн жана карантин чараларын киргизген.

Бийлик өкүлдөрү вирустун жайылышын өтө жугуштуу дельта варианты жана ички туристтик сезон менен байланыштырып жатышат.

Шейшемби күнү Кытайда 90 жаңы учур катталгандан кийин Ухандагы кулактандыруу жарыяланган.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан билдиришкендей, 90дун 61и жергиликтүү тургундардан катталган. Ал эми бир күн мурда 55 кишиден вирус чыккан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кытай өз аймагында вирусту жөнгө салуу боюнча бир топ эле ийгиликтүү иш алып барган.

Бирок, Нанкин аэропортундагы жумушчулардын арасынан биринчи жолу вирус чыгып, тынчсызданууну жараткан.

Бийлик өкүлдөрү Нанкиндин 9.2 млн тургунун үч жолу текшеришип, жүз миңдеген адамдарды карантинге алган.

Бирок өткөн аптанын аягында Хунан провинциясындагы популярдуу Чжанцзяцзе туристтик аймагына көпчүлүктүн көңүлү бурулган. Бул аймакта соңку учурлар катталган жана Нанкиндин тургундары бул жерге келгени айтылууда.

Саламаттык сактоо мекемесинин кызматкерлери вирус Чжанцзяцзедеги театрда тараган деп болжолдоп жатышат. Алар театрга келип, кайра үйлөрүнө кеткен 5 миңдей адамды издеп табууга аракет кылып жатышат.

“Чжанцзяцзе эми Кытайдагы эпидемиянын жаңы эпицентрине айланды”, — деди кабарчыларга Кытайдын респиратордук оорулар боюнча алдыңкы адиси Чжун Наншан.

Вирустун жаңы учуру борбор Бээжинге дагы жетип, шаар бийлиги жергиликтүү тургундардын арасынан дагы вирус катталып жатканын билдирди. (EA)