Ө. Абдырахман: 5-10 гектарга жетчү сууну бир гектарга коротсок эч качан суу жетпейт

Published

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Тамчылатып сугаруу түшүмдү арбытат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тамчылатып сугаруу түшүмдү арбытат

Тез арада сугат суу маселесин чечип, үлгүрүп сугарып калбасак түшүм албай калабыз. Анда азык-түлүк дагы, тоют маселеси дагы оорлойт деген дыйкан, фермерлер кайра-кайра бийликке кайрылып жатат.

Би-Би-Си мурда суу чыкпай калган гектарлаган жерди иштетип, миңдеген көчөт тиккен фермер, багбан Өмүрбек Абдырахманды кепке тарты. 

Ө. Абдырахман: Элдин сууну бер деп талап кылып жатканы жакшы, бирок, суунун өзү жетишсиз да. Анын үстүнө быйыл жаан-чачын аз. Мына Израилде тоо, кар, мөңгү деген жок. Бирок, дүйнөдөгү эң мыкты алма бак, жашылчанын баары ошол жакта өсөт. Анын сыры эмнеде? Алар аз суу менен көп жерди тамчылатып сугарууну чечип алган. Бул тартыш болуп жаткан сууга абдан үнөм болот. Кеминде беш эсе аз суу сарпталат. Мен да алма бак тиккенде Израилден тамчылатып сугаруу технологиясын алып келгем . Алар кокусунан суу жок болуп калса эмне болот деген жагын да ойлонушкан. Ошондон улам бир-эки аптага жеткидей бассейн дагы курулган. Ошону менен үнөмдөп, көйгөйү жок иштеп жатам.  

Сугаруунун бир ыкмасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сугаруунун бир ыкмасы

Би-Би-Си: Сиздикиндей шарт түзүп алууга дыйкан, фермерлердин чамасы жетеби?

Ө. Абдырахман: Эмгек интенсивдүү жана экстенсивдүү деп бөлүнөт да. Эгер экстенсивдүү жол менен жүрө берсек эч пайда болбойт. Убара, мээнет менен кала беребиз. Киреше да болбойт. Колдон келсе интесивдүүсүнө өтүү керек. Акырындап өтө башташты. Бирок, өтө эле аз. Бийлик, айыл-чарба министрлиги ушундай мыкты ыкмаларды окутуп, көрсөтүп, үйрөтсө эл да ошого ыктамак. Андай жардам болбогон соң бул ыкманы билбеген эл баягыдай эле кетменди көтөрүп алып, былчылдатып сугаргысы келет. Мамлекеттик телеканалдар улам бир бийликти мактай бербей элге ушундай маселелерди түшүндүрсө болот эле. Гектарлаган жерди, миңдеген алма бакты бир эле бала сугарат. Мотоцикл айдап алып, анда-санда бир кыдырып карап коёт. Кокус бир жери бирдеме боло турган болсо басым түшүп кетет. Кайсы жерден кеткенин таап, оңдоп коёт. Ошону менен иштей берет. Сен башына бар, сен чырак көтөрүп тур, сен кулак байла деп бир нече киши убара болуп жүрмөй жок. Мунун дагы бир артыкчылыгы эски ыкма менен сугарсан бир жери саз болгончо сугарылып, бир жери эптеп эле суу ичип же суу жетпей дагы калат. Тамчылатып сугаруунун артыкчылыгы баары бирдей ичет. Ошондуктан түшүмдүү дагы болот да.

Ө. Абдырахман: Жайып алып бир гектер жерди сугарган суу менен биз 5-10 гектар жерди сугарып жатпайбызбы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ө. Абдырахман: Жайып алып бир гектер жерди сугарган суу менен биз 5-10 гектар жерди сугарып жатпайбызбы

Би-Би-Си: Кыскасы, сууга дагы абдан үнөмдүү деп жатасыз. Бир аз чечмелеп берсеңиз.

Ө. Абдырахман: Ооба, жайып алып бир гектер жерди сугарган суу менен биз 5-10 гектар жерди сугарып жатпайбызбы. Мисалы, алма бактардын аралыгы 3 метр боло турган болсо биз анын баарын сугарып олтурбайбыз. Тамчылатып, өзөгүнүн өзүнө, анын айланасына гана суу беребиз. Ортосундагы ото чөптү сугарып эмне кылабыз? Бул жемиш багы жөнүндө айтып жатам. Эгинге, чөпкө дегендей мунун да түрлөрү бар. Ал дагы абдан үнөмдүү. Дагы бир атыкчылыгы топуракты текшертип эмне жетпей жатканын билесиң, ошол минералды сууга кошуп, аны дагы баш оорусу жок берип саласың. Кептин кыскасы сууну агызып алып жайпап сугаруу сууну аябай көп талап кылат. Күч, убара, убакыт, аз киреше. Ал аз келгенсип суу кенен болуп калды дегенде дагы экинчи жагы бар. Кокусунан сууну көбүрөөк коё бере турган болсоң айдалган жердеги минералды кошо жууп кетиши толук мүмкүн.

Өмүрбек Абдырахман өз бакчасында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өмүрбек Абдырахман өз бакчасында

Түшүндүрмө:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айыл-чарба министрлиги сугат суу жок деген көйгөйдү чечүү үчүн колунан келишинче иштеп жатканын Би-Би-Сиге айтып берди. Алардын айтымында бул жылда эле боло ккелген маселе. Бирок, кургакчылык болгон жылдары көйгөй дагы курчуйт. Министрликке караштуу суу чарба департаментинин директору Алмаз Сокеевге кайрылганыбызда Панфилов, Жайыл райондорунда суу тартыштыгы күч экенин, ушундай эле маселе Ысык-Ата, Сокулук, Москва райондорунда дагы бар экенин айтты. Кемин, Чүй райондору суунун башы болгондуктан ал тараптарда бул маселе жокко эсе деп кошумчалады. Бирок, канча гектер жердеги дан эгини, канча аянттагы жашылча-жемиш күйүп кетиши мүмкүн деген сурообузга жооп бере алган жок. Директор, иштин көптүгүнөн андай эсеп жүргүзүлө элек дейт. Анын айтканына караганда, 2008-2014-жылдары дагы көйгөй курч турган. Мурдагы айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев болсо БДР, БСР атайын каналдарды курганга чейин тез арада өтө ыкчам иштей турган координация борбору уюушулушу керек болчу. Андан сырткары келчекте эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып, жаңы технологияны алып келүү зарыл дейт.

Ө. Абдырахман: Кокус суу жок болуп калса эмне болот деген жагы да ойлонуштурулган. Ошондон улам бир-эки аптага жеткидей бассейн курганбыз
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ө. Абдырахман: Кокус суу жок болуп калса эмне болот деген жагы да ойлонуштурулган. Ошондон улам бир-эки аптага жеткидей бассейн курганбыз

Тектеш макалалар