Тажик эксперти: Чек арада оор курал менен маселе чечкидей эки өлкөнүн чоң экономикасы жок
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, эки тарап абалдын чыңалып кетишине бири-бирин айыптап жатат. Би-Би-Си Кыргыз кызматы Тажикстандын саясат талдоочуларынын улуттук ассоциациясынын төрагасы Абдугани Мамадазимовду кепке тартты.

Сүрөттүн булагы, DW
А. Мамадазимов: Мен өзүм Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш аймагындагы Бабажан Гафуров атындагы районунда төрөлгөм. Менин туугандарым ошол эле Лейлек районуна жакын турушат. Андыктан чек арадагы жаңжалдар мага өтө катуу тийип жатат.
Эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактарды делимитация жана демаркация кылып бүтмөйүн, бул кагылыштар ушинтип эле улана берет окшобойбу. Азыр абдан кайчы маалыматтар туш тараптан келип жатат. Кимдики чын, кимдики калп экенин билбей да калдык.
Чек ара чатагында бул ирет оор артиллериялык куралдар тууралуу маалымат чыкканы кооптондуруп жатат.
Эки өлкө тең ШКУ, ЖККУ, КМШга мүчө, андыктан мындай кылганы туура эмес. Андыктан кыргыз жана тажик бийлигине кайрылат элем, эч кимди ортомчу кылбай тезинен эки тараптуу комиссия түзүп, чек араны жаңы жылга чейин бир жаңсыл чечүү керек. Болбосо ал кийинки жылга уланып, дагы деле чек арада чыңалуулар кайталана берет.
Би-Би-Си: Кыргыз-тажик чек ара талашы көпкө уланып, айрым экперттер аны ортомчусуз чечкенге болбойт деген сунуштарды айтып жүрөт. Эки өлкө ошондой медиацияга муктажбы?
А. Мамадазимов: Эсиңиздерде болсо, жакында эле Чолпон-Атада Борбор Азия лидерлеринин саммити өткөн. Анда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чек ара маселесинде ортомчу болууну сунуштап, бирок колдоо тапкан жок да.
Ушул эле Борбор Азия аймагындагы лидерлердин сөзү өтпөй жатса, сырттан бирөөнүн сөзү өтпөйт го.
Андыктан миң жылдап ынтымакта жашап келе жаткан кыргыз-тажик эли эпке келип, өкмөттүк деңгээлде чек ара талашын чечишибиз керек.
Бирок бул жерде чек ара боюнча эле талаш-тартыш жүрбөй эле, талаштуу жердеги жолдун маршруту, суу маселеси да бар. Мунасага келип, чек арадагы тургундарды көчүрүү маселеси чыкса, керек болсо талаштуу тилкелерде жайгашкан күмбөздөрдү эмне кылабыз деген маселе бар.
Андыктан ийри отуруп, түз кеңешибиз керек.

Сүрөттүн булагы, Social media
Би-Би-Си: Эми чек арадагы мындан аркы окуялар кандай өнүгөт деп ойлойсуз?
А. Мамадазимов: Соңку күндөрү ШКУ саммити өтөт деп, көңүлүбүз ошол жакка бурулуп жатты. Анын алкагында Чыгыш клубу деп Борбор Азия эксперттери дүйнөдө болуп жаткан саясий окуяларга баасын берели деп жатканбыз. Бирок, ошол маалда минтип локалдуу чыр-чатак болуп калбадыбы.
Эми ал чырды чоңураак нерсеге айлантып ийбейли.
Бул жерде саясий эрк эле керек. Карасаңыз, Кыргызстан Өзбекстан менен чек ара маселесин чечип жатат, Тажикстан дагы Өзбекстан менен чек арасын чечүүнүн үстүндө. Эмнеге аймакта айрым өлкөлөр чек арасын чече алат да, кээ бирлери эмнеге муну жасай албайт? Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан бул маселеде орток пикирлерди таба алды да. Демек, анын механизмин карап чыгуу керек, керек болсо тажрыйбасын алыш керек.
Ири куралдуу кагылышты уланткыдай Кыргызстандын, Тажикстандын деле чоң экономикасы жок да.
Андыктан дипломатия жолу менен чечели, андан өтөрү жок.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз:
































