"Эч ким качпашы керек": Англияга барып иштөөнүн шарттары

Англияга барган кыргыз жарандары фермаларда иштешет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Англияга барган кыргыз жарандары фермаларда иштешет
Published

Улуу Британияга кыргыз жарандары биринчи жолу айыл чарба жумуштарына алына турганын мурда кабарлаган элек. AgriHR компаниясы Кыргызстанда бул багыттагы иштерин баштап, талапкерлерди иргей баштады. Милиция болсо Британияга ишке чакырып акча алган башка алдамчы ортомчулар болуп жатканын эскерткен билдирүү жасады.

AgriHR компаниясынын Бишкектеги филиалы жумушка адамдарды тандап баштаганын, ал иштин баары акысыз болорун айтууда.

18-мартта филиал ишти расмий түрдө баштады. 22-марттан бери кабыл алуу иштери жүрүп атат.   Тандоо, иргөө, түшүндүрүү иштеринин биринчи этабы бүт электрондук жол менен болууда.

Компания Англияга жумушка барган адамдар жетери менен качып кетпей, виза режимин сакташы маанилүү экенин эскертүүдө. Анткени, коңшу өлкөдөн өткөн жылы бир топ адам барары менен аба майданынан эле качып кетип, эми ал жак менен кызматташуу биротоло токтогон.

“Эч ким качпашы керек. Жеке кызыкчылыктан мекен кызыкчылыгын жогору коюш керек. Эч бир бала качпай, жакшы боло турган болсо, азыркы миң квота үч миңге чыгышы мүмкүн. Виза режимин бузуп койсок, мындай мүмкүнчүлүктөн ажырайбыз”,-деди Айгүл  Эшенкулова, AgriHR компаниясынын Бишкектеги өкүлү.

Айгүл  Эшенкулова AgriHR компаниясынын Бишкектеги өкүлү.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айгүл  Эшенкулова, AgriHR компаниясынын Бишкектеги өкүлү.

Дагы бир кызык жери, Англияга бара тургандар англис тилин билсе жакшы, билбесе жок дегенде орус тилин билиши керек. Анын себеби, Кыргызстандан баргандар славян тилдүү өлкөлөрдүн жарандары менен чогуу иштешет экен, инструкциялар да орусча болот.

“Болгария, Россия, Кыргызстан. Ошол мамлекеттерден бир жерге түшөт экен. Славян тилдеринин тобу, анда украиндер да болушу мүмкүн. Бригадир же башка чоңдору менен орусча сүйлөшөт. Келишим боюнча тил билүү шарт эмес деп көрсөтүлгөн. Бирок тандоо процессинде аңгемелешүү орус тилинде болот",-дейт Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков.  

Айтмакчы, Англиядан жумуш таап беребиз деген шылуундар социалдык тармакта көбөйгөнүн айта кетели. Ички иштер министрлиги өз кезегинде андай алдамчы ортомчуларга бөгөт коюп жатканын билдирүүдө.

Улукбек Балагазиев, ИИМдин бөлүм башчысы:

“Өткөн жылы мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 289 иш каттаганбыз. Анын ичинен кырк төртү сотко ашкан. Быйыл эки айда эле тогуз факты болуп, беш факты боюнча сотко ашырылды. Лицензия албай туруп, жумушка жөнөтөбүз дегендер баары мыйзамсыз”.

Улукбек Балагазиев, ИИМдин бөлүм башчысы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Улукбек Балагазиев, ИИМдин бөлүм башчысы

Улуу Британияга кыргыз жарандары айыл чарба жумуштарына биринчи жолу барган жатат. Биринчи кезекте 25-40 жаштардагы, ден-соолугу чың, күпүлдөп иштей турган адамдар алынат.

Мөөнөтү кыска - алты ай. Быйыл миң орунга квота берилген. Азыр эле каалоочулар төрт миңден ашты. Ала-Тоодон Англияга жумушчулардын биринчи партиясы май айынын аягында жөнөп кетет. (КС)