Таштанды маселеси шаарда гана эмес, аймактарда дагы курч
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Адатта таштанды полигону, андан чыккан уулуу түтүн Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларга эле мүнөздүү көрүнүштөй сезилет. Бирок элеттеги чоң-кичине айылдарда дагы бул тааныш көйгөй. Бул жолу биз Кадамжай районундагы Эшме айылынын көйгөйүнө кайрылып көрдүк.
Би-Би-Си бул маселеге октябрдын башында кайрылган эле. Кадамжай районунан бизге кат жазган окурманыбыз макала чыккан күнү ал жактагы полигон тазаланып, иретке келтирилгенин жазган. Бирок бүгүн абал кайра мурдагы кейпине түшкөнүн билдирди.
"Силер жазып чыккан күнү бул жакты тазалашкан, кадимкидей иретке келип калды эле. Азыр эми кайра мурдагы таз кейпине түштү. Бүгүн кар да жаап салды. Малдын өлүктөрүн кар көмүп турат. Кар ээрисе ал жактагы жыт мурдагыдан да жаман болот го ",-деди Эшме айылынын тургуну.
Эшме айылынын таштанды талаасы андан 300 метр аралыкта жайгашкан. Тургундар таштандыны өрттөөдөн келип чыккан түтүн ден соолугуна зыян келтирип, дем алууга тоскоол болуп жатканына нааразы.
Баткен облусунун Айдаркен шаары менен Бирлик айыл өкмөтүнүн ортосунда таштанды талаасы жайгашкан. Ал 30 жыл мурун негизделип, жалпы аянты 12 гектарды түзөт. Бирок ал жакка таштандыдан тышкары, ар кандай мал-жандыктарынын өлүктөрү да таштап кетишет.
“Таштанды талаасы өрттөлгөндө, андан чыккан түтүн айылды аралап, жашоочулардын ден соолугуна зыян алып келүүдө”, - дейт Эшме айылынын тургуну.
“Бир жылдан бери биз бардык жерге кайрылып көрдүк. Карыялар менен жаш балдарга айрыкча кыйын болду. Себеби, ыштын айынан жагымсыз жыт келип, кир аба менен дем алып жатабыз. Ден соолугубузга зыян да”.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мыйзам боюнча, таштандыларды таштоочу жайда ар кандай жугуштуу оору алып келүүчү калдыктар жана малдын өлүгү атайын Беккер чункуруна көмүлүп, аны адистер химиялык жол менен тазалап, абага бөлүнүп чыгуучу уулу заттарды жок кылып турушу керек. Ошондой эле, калдыктарды таштоочу жай калк отурукташкан аймактан 1 км метр алыстыкта жайгашышы зарыл.
Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Маканбаевдин айтымында, Эшме айылындагы турак жайларды курууга бардык тараптан уруксат берилген.
“Ал жактагы саналуу турак үйлөрүнүн көбү жаңы салынган. 2010-жылы жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзамдын негизинде биз аларга мыйзамдуу түрдө бардык жактан уруксаат алганбыз, анын ичинде экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция дагы бар. Эгер мыйзамсыз болсо, алар уруксат бербейт эле”, - деди Маканбаев.
Мамэкотехинспекциянын башкы инспектору Тилек Кыргызбаев мындай маселелерди ар бир аймактын өзүнө тийиштүү бөлүмү көзөмөлдөй тургандыгын айтты.
“Ал жакка жакын жайгашкан үйлөрдүн салынышына уруксат берүүгө биздин компетенциябыз да туура келбейт, биз уруксаат бере албайбыз. Баткендеги биздин бөлүм кыскартылып кеткендиктен, азыр бул боюнча так айта албайм, бирок сөзсүз бул маселени көзөмөлгө алабыз”, - деди Кыргызбаев.

Айдаркен шаарынын мэри Алтынбек Мурзажанов шаарга тийиштүү болгон таштанды полигону Совет мезгилинде эле азыркы Эшме айылына жакын жерде негизделгенин, ага тосмо орнотуш керектигин белгиледи.
“Ал илгерки таштанды таштоочу жай. 30 жылдай болуп калды окшойт. Болгону анын тосмолору жок болгону маселе жаратууда. Себеби, жаш балдарбы же тургундарбы, барып эле таштаган нерселерин өрттөп жиберип жатышат”.
“Ал өрт чоңоюп анан жанагындай түтүндү пайда кылып жатат. Болбосо, ал жерде мал-жандыктарды таштоочу тийиштүү чуңкур бар. Ошондуктан, биз ал жакка тосмолорду орнотуу үчүн долбоор даярдап жатабыз. Долбоор ишке ашып калса, мындай маселелер жоголмок”, - деди Айдаркен шаарынын мэри Мурзажанов.
Калдыктарды таштоочу жайлардын иретке келтирилбегени өлкө боюнча чечилбей келаткан маселелердин бири жана шаар жерлеринде гана эмес, аймактарда дагы курч болуп келет.
Буга чейин мындай көрүнүш Ала-Бука районунда дагы болгон. Бирок мамэкотехинспекциянын экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөгөн инспекторлорунун талабы ишке ашпай, анын негизинде жергиликтүү бийлик административдик айып төлөө менен кутулуп келгенин мамэкотехинспекция кабарлаган эле.
Акыр-чикир таштоочу жайлардын абалы начарлаган сайын ден соолукка зыян тийгизгени менен катар жалпы экологиялык абал дагы оорлошууда. Себеби, таштанды айлана-чөйрөнү булгоочу заттардын эң негизгилеринен болуп саналат. Ал адамдын саламаттыгына, тирүү организмдерге жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет.
































