Швеция үчүн байлык, Кыргызстан үчүн баш оору болгон таштанды...
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Adil Nazarov
Бишкек четиндеги таштандынын түтүнү менен каңырсыган жытынан тажадык дегендер далай жолу арыз муңун айтып келет. 1970-жылдары ачылган жай азыр да иштеп, кеңейип эле баратат. Эреже боюнча ал эбак эле жабылып, зыянсыздандырылышы керек эле. Бирок ал ишке ашпай, таштанды тоодой үйүлө берген.
Кеминде 40 гектар жерди ээлеп жаткан акыр-чикир жыт, уулу газдарды гана бөлүп чыгарбастан жер кыртышын, жер алдындагы сууну дагы булгап жатканын экологдор эскертүүдө. Улам алмашкан шаар бийлиги өздөрү дагы таштанды жайдын көйгөйүнөн тажаганын айтып, зыян экенин эскертип, ошол жерлерди аралап көрүүнү адатка айланткан. Алар далай жолу маселени чечүүнүн жолун табышканын айтып, иш башталаарын убада кылып эле келе жатышат. Соңкуларын эле санасак Балбак Түлөбаев дагы бул ишке билек түрүнө киришкенин, ал жердеги “мафия” менен аёсуз кармашаарын Би-Би-Сиге айтып берген жайы бар. Андан көп өтпөй вице-мер болуп турган маалында Жамалбек Ырсалиев дагы таштанды маселеси жакынкы айларда чечилээрин убада кылган эле. Бирок, азырынча жыйынтык жокко эсе.

Сүрөттүн булагы, Vlad Ushakov
Жакында эле түркиялык ишкерлер таштандыны кайра иштетүүчү завод салаары, сүйлөшүүлөр аяктап калганы айтылган. Эми ал дагы ишке ашпай калганы маалым болду. Ал эмне себептен токтоп калганын бир аздан соң чечмелеп беребиз. Ага чейин көпчүлүк билбеген “таштанды мафиясы” тууралуу сөз кылабыз.
“Таштанды мафиясы” барбы? Болсо кимдер?
Завод, фабрика курулбаган шартта деле таштандыдан ыгын таап, аны чоң киреше булагына айланткандар бар. Балбак Түлөбаев убагында өзү алган маалымат боюнча бир канча топ таштанды аянтын энчилеп, бөлүп алышканын айтууда.
“Алар ал тургай жаңыдан ташылып келе турган таштандыны кайсы жерге төктүрүү маселесинен бери тескешет. Башкаларды бул ишке аралаштырбоо үчүн түрдүү айла-амалдарды дагы колдонушат. Ошентип кагаз, айнектен баштап кээ бир түстүү металлдарга чейин топтоп сатышат. Завод болгондо андай таблганын баары казынага киреше болуп түшмөк”,- дейт Балбак Түлөбаев.
Бирок, ошол эле учурда ал жерден өз алдынча таштанды казып, пайда табууга мыйзам тыюу салбаганын кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Vlad Ushakov
Түркиялык ишкерлер менен иш эмнеден улам токтоду?
Кыргыз-түрк ишкерлеринин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өтүп, анда эң негизги жетишилген келишимдердин бири катары дал ушул таштанды заводун куруу боюнча долбоор экенидиги сөз болгон. Жыйынга катышкандардын айрымдары сүйлөшүү абдан жандуу жүрүп, эки тараптын тең кызыгуусу күч болгонун айтышкан эле. Бирок, көп өтпөй ал дагы токтоп калды.
Санитардык жайдын жетекчиси Адиль Назаровдун айтымына караганда, түркиялык ишкерлер буга анчейин деле кызыктар болбой койгон. Ал тургай бир ирет келип кеткен бойдон калган сүйлөшүүлөрдү телефон аркылуу эле жүргүздү дейт. Алар таштанды полигонунун аймагына ташылып кире турган таштандыга төлөмдү кыйла жогорулатуу талабын койгон. Азыр 45 сомдон төлөп жатышса түрк ишкерлери аны 850 сомго жогорулаткыла деген талабын айтышканын кошумчалады.

Эми өзүбүз курабыз... Убада ишке ашабы?
“Иш жүрүп жатат. Бизде эми бул боюнча мамлекет менен жеке менчик өнөктөшкөн ишкана түзүлүп жатат. Үлүш теңме-тең. 12 миллион долллар инвестиция келгени жатат. Толук кандуу завод курулат. Бул 2022-жылдын соңуна чейин. Мурун банктан алган каражатка эч тиешеси болбойт. Аны мэрия өзү жөндөйт. Бизге инвестиция алып келип жаткан компания жергиликтүү компания. Бирок, каражатты кайдан тапканын билбейбиз. Курулчу завод таштандыны ылгайт, кайра колдончу чийки затты жана отун чыгарабыз. Кыскасы калдык чыкпай турган технология. Буюрса кайра жаңы полигон ачпай ушул эле эски аянтты пайдаланабыз. Жер семирткич дагы чыгат”.- дейт санитардык жайдын жетекчиси Адил Назаров.
Нарын таштанды иштетүү боюнча Бишкекти озобу?
Нарын шаарында таштанды ылгоочу, зыянсыз күйгүзүп андан энергия ала турган завод курула турганы айтылууда. Уюштуруучулар документтердин бир бөлүгүнө кол коюп, ишти баштап, керек болсо кийин Нарын шаарынын өзүндөгү эле эмес, башка жактын таштандыларын дагы ташып келип иштетебиз деп убада кылууда. Мунун жакшы иш экенин айткандар менен катар эле борбордо ишке ашпаган долбоор Нарында кайдан каралмак эле деп күмөн санагандар дагы жок эмес
Өнүккөн өлкөлөрдө кандай?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Швеция өлкөсү таштандыдан киреше тапкан мыкты тажрыйбасы менен дагы белгилүү. Ал жакта таштанды аттуунун барын эле аралаштырып, үйдөн алыс кетсе эле болду деп чыгарып салбастан дароо иргеп, өз өзүнчө чогултат. Мындай ыкма ишти жеңилдетип, чыгымды эле азайтпастан ташылып баргандан кийин аралашып, реакция жүрүп, уулу газдардын бөлүнүп чыгышын, өрттүн алдын алат. Ошентип Швеция өз таштандысын толук иштетип, анын 4 пайызга жакынын гана жерге көмөт. Иштетүүгө такыр эле жарабайт деген таштандыны түтүн чыкпагандай күйгүзүп, андан жылуулук, электр энергиясын дагы алышат. Жөнөкөй айтканда атайын технологиянын жардамы менен таштандыны отун, көмүр катары пайдаланат. Кыскасы өздөрүндөгү таштанды жетпей Швеция Норвегиядан таштандыны сатып алат. Таштанды бир өлкөдөн экинчисине импорт товар катары сатылаарын интернеттен кенен окусаңыз болот. Бишкек таштандыны кайра иштетүүгө жетишип, андан жер семирткич, жылуулук, газ, чийки заттын түрлөрүн алганча аба менен жер, суу дагы далай булганат өңдүү.
































