Коронакризис: Кыргызстандын экономикасы 5,3% кыскарды

GETTY IMAGES

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Коронавирус пандемиясы ансыз да очорулуп келген кыргыз экономикасын терең кризиске кептей турган болду. Жыл башынан бери өлкө экономикасы 5,3% кыскарып, бюджет таңкыстыгы 13 миллиард сомдон ашты.

Бишкек тургуну Жакшылыктын коронавирус пандемиясына чейин шаарда балдарды өнүктүрүүгө багытталган окутуу борбору, жетиштүү санда кардарлары бар эле. Эми кеңсеси беш айдан бери жабык турат, бирок  бизнеси токтогон жок.

“Бишкекте мартта карантин киргизишкенде эмне кыларыбызды билбей, дендароо болуп эле отуруп калдык. Команда менен сүйлөшүп эмне кылабыз дедик, анан онлайн сабактар өтөлү, ошого мүмкүнчүлүк түзөлү деп баштадык. Жыйынтыгы аябай жакшы болду. Мамлекет жардам күтпөй эле бир жолун таап иштесе десе болот экен”, -дейт жаш ишкер.

Анын өнүктүрүү борбору учурда балдарды аралыктан окутуп,  чоңдор үчүн да онлайн курстар ачып, Кыргызстан эле эмес, Казакстандан да кардарлар топтой баштады.

Матанов

Сүрөттүн булагы, Social media

Бирок мындай ийгилик бардык эле ишкерлерге буюрган жок. 

Коронавирус пандемиясы кыргыз экономикасынын  кызмат көрсөтүү жана тейлөө тармагын талкалады. Соңку жарым жылда тейлөө тармагында төмөндөө 9,2% пайызды түздү. Бирок эң чоң төмөндөө курулуш тармагында болду,  бул жерде киреше дээрлик 10% азайды.

Бейшембиде экономика министри Санжар Мукамбетов коронавирус менен алышкан өткөн алты айдагы экономиканын жыйынтыгын чыгарды

“Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү 228 миллиард сомду түздү. Экономика 5,3% кычкарды. Өнөр жайыбыз нейтралдуулукту сактап калды, 0,1% гана өстү. Ал эми айыл чарба сектору 1,6% өсүшүн көрсөттү. Эң чоң төмөндөө курулуш тармагында жана кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагында байкалды”.

Mukambetov

Сүрөттүн булагы, Official

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Былтыр Кыргызстанда ИДӨнүн көлөмү 540 миллиард сомду түзүп, анын дээрлик 47% тейлөө тармагы камсыздаган. 39% куруучулар, айыл чарба жана өнөр жай өндүрүүчүлөр эсебинен толукталган.

Кыскасы,  орто жана чакан бизнес кыргыз экономикасынын тиреги болуп келет. Ошентсе да ишкерлер кризистик абалда өкмөт аларга жетиштүү колдоо көрсөтө албаганын айтып жатышат.

Пандемия башталгандан бери  экономиканы колдоо боюнча эки пакет кабыл алынды.  Анда негизгиси: салыкты төлөө мөөнөтүн узартуу, текшерүүлөрдү азайтуу жана ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү каралды.

“Салыктан такыр бошотуу, каникул берүү каралган жок. Бизнестегилердин көбү эле банкттардан насыя алышат. Биздик өкмөт керек болсо жеке менчик банкттарга дагы сөзү өткөн жок. Салыкты төлөө мөөнөтүн эле узартты, бирок эки-үч айдан кийин эле насыяларды процентти менен төлөш керек болду. Ишкерлер үчүн бул абдан эле оор. Эми насыя берилет дешти, ал деле баягыдай эле үстөк пайыз менен берилет экен. Мен изилдеп көрдүм, мурдакыдан эч кандай айырмасы жок”,- дейт ишкер Жакшылык.

Ал тапта өкмөт посткризистик чаралар деп экономиканы колдоонун үчүнчү пакети иштелип чыкканы белгилүү болду. Анда экономиканы кайра калыбына келтирүү чаралары камтылган. Өкмөт азырынча ал планын деталдуу жарыялай элек.

Эксперттер пандемияга чейин кыргыз экономикасын “өлбөстүн күнүн көрүп жатат” деп мүнөздөп келген. Коронавирус эми аны биртоло чөктүргөнү калды. Жакында эле жаңы премьер-министр болгон Кубатбек Боронов анын негизги  милдети- экономиканы жөндөө экенин айткан. EKa