Сарычат-Ээрташта кимдер жол салып жатат?

Published

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сарычат-Ээрташта кытайлар жол салып жатабы?

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK/A.VERESHAGIN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сарычат-Ээрташта белгисиз адамдар жол салып жатат деп жергиликтүү корукчулар билдиришти

Корукчу Александр Верещагин 14-сентябрда Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругуна белгисиз адамдар келип, жол куруп жатышканын айтып чыкты.

Ал коруктун жетекчилерине бул маалымат жеткирилсе дагы, эмнеге алар бул ишке эч кандай реакция кылбай жатат деп суроо салат.

Би-Би-Си Верещагин менен байланышып, окуяны тактаганга аракет кылды. Ал бул ишке абдан кабатыр экенин белгилеп, малыматты ошол жактагы токойчулардан алганын айтты.

Ысык-Көл облусундагы Сарычат-Ээрташ коругу 1995-жылы негизделген.

Аталган коруктун токойчусу Элдияр Сабыров бул иштер бир айдан бери жүрүп жатканын Би-Би-Сиге айтты. Анын айтымында, кытай улутундагы адамдар техникалык жабдуулар менен коруктун аймагында бүгүн дагы жол куруу иштерин жүргүзүүдө.

“Биздин корукка алар бир ай мурун киришиптир. Биз билбей жүрүптүрбүз. Менин оюмча, алар биз аркылуу Торугартка жол салып жатышат. Мына, азыр дагы чаңытып иштеп баратышат. Булар бизди тоготпой жатышат окшойт”, - деди Сабыров.

“Эмне кылып аласыңар деген эле мамиле болуп жатат. Бир нече жолу барып, жетекчилер менен биргеликте сүйлөшкөнбүз. Бул жакта ишин жүргүзүүгө аларда уруксат жок. Бүгүн дагы барып айтабыз”.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал эми коруктун жетекчиси Ишен Асакеев “Жибек Жол Кенбайлыгы” аттуу компания СССР маалында коруктун аймагында салынган эски жолду оңдоп-түзөп жатышканын билдирди. Аталган компания 26-июлда жумушун баштап, бирок коруктун администрациясынын эскертүүсүнөн кийин 8-августта ишти токтоткон.

“Ал жакка жаңы жол салынган жок, мурдагы союз мезгилинде эле салынган эски жолдун суу жеп кеткен, урап калган жерлерин түзөтүү иштерин жүргүзүп жатышкан экен. Алардын бул үчүн бизден башка бардыгынан уруксат кагаздары, лицензия жана башка документтери бар экен”, - дейт Асакеев.

“Бирок биздин коруктан өтүүгө алардын укугу жок, мыйзамга туура келбейт. Ошондуктан, биз уруксат бере албайбыз деп, алардын жетекчилери менен жолугушуп, эскертүү бергенбиз. Жумуш токтогон. Эми алар Жаңы-Арык жакка өтүшмөк, бүгүн техникаларын чыгарып кетип жатышса керек”.

Тарыхчы жана экология темаларына өзгөчө көңүл бөлүп келген активист Элери Битикчи эң алгач болуп Александр Верещагиндин билдирүүсүн фейсбукта бөлүшкөн. Аны кийин 300дөн ашык адам бөлүштү.

Элери Битикчи коруктун ичинде жол жаңыланып жаткан күндө деле, бул мыйзамга туура келбесин баса белгилейт.

"Ал жакта чын эле жолду оңдоо иштери жүрүп жаткан болушу мүмкүн, анткени корук өзү СССР маалынан кийин түзүлсө керек эле. Бирок ошентсе да коруктун ичинде мындай иштерди жүргүзүү мыйзамга каршы келет. Анан дагы бир жагдай, эмне үчүн жолду азыр оңдоп башташты жана оңдоонун максаты эмне деген суроо жаралат", - дейт Элери Битикчи.

Александр Верещагинге Сарычат-Ээрташтык егерлер жөнөткөн сүрөт

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK/A.Vereshagin

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Александр Верещагинге Сарычат-Ээрташтык токойчулар жөнөткөн сүрөт

Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесине ылайык, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын буфердик зонасында биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктүн абалына терс таасирди болтурбоо үчүн:

  • жаңы конуштарды түзүүгө;
  • аймакты аңчылык кылуу, аңчылык чарбаларды уюштуруу жана аңчылык базаларды жайгаштыруу үчүн берүүгө;
  • өндүрүштүк объекттерди курууга, жайгаштырууга жана эксплуатациялоого;
  • пайдалуу кендерди чалгындоого жана казууга;
  • илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча иргелме-санитардык кыюудан тышкары кыюулардын бардык түрлөрүнө;
  • өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн коё берүүгө (климатташтырууга);
  • коруктун гидрологиялык режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана жалпы экосистемага таасир этиши мүмкүн болгон башка иштерге;
  • жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалына коркунуч келтирген чарбалык жана башка иштерге тыюу салынганы белгиленген.
Сарычат-Ээрташ
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сарычат-Ээрташ коругунда 20 чакты илбирс, 6000ге жакын аркар-кулжа, 4000дей эчки-теке жана 10 000ге жакын кийик бар

Коруктун тегерегиндеги тоолорду мөңгүлөр каптап жатат. Коруктун негизги максаты - жаратылыш комплекстерин бузбай, аларды табигый калыбында сактоо.

Бүгүнкү күндө ал жерде Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине кирген 20 чакты илбирс, 6000ге жакын аркар-кулжа, 4000дей эчки-теке жана 10 000ге жакын кийик, карышкыр, суур, коён жана сейрек кездешүүчү мадыл, суусар байырлайт. Жалпысынан жаныбарлардын 70тен ашык түрү бар.

2019-жылы Сарычат-Ээрташ коругунун аянты кен казуу иштери үчүн кемитилгени учурунда чоң нааразычылыктарды жаратып, каршылык акциялары өткөн.

Андан тышкары, Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол тоосунда уран иштетүүгө дагы эл нааразычылык билдирип чыгышкан. Андан улам Жогорку Кеңеш уран иштетүүгө каршы мыйзамды демилгелеп, колдоп берген.

Натыйжада уран менен торий кендери чыккан жерлерде издөө, чалгындоо иштерине тыюу салган мыйзам кабыл алынган.