Октябрь окуяларына үч жыл. Шайлоо чырынан кийинки өзгөрүү элге эмне берди?
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындан туура үч жыл мурун ушул күнү Садыр Жапаров бийликтин эки тизгин, бир чылбырын шарттуу түрдө колго алган. Президенттик шайлоо кийин өттү. Үч жыл ичинде Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болгонун талдоочулар айтып берет.
Үч жыл мурун өткөн парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгон. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар "эң негизгиси шайлоонун жыйынтыгы жокко чыксын" деген талап менен көчөгө чыккан. Ошол учурдагы бийлик так кесе чечимин айтпай, ыргылжың абал түзүлгөн эле. Көп өтпөй Сооронбай Жээнбеквдун бийлиги өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып жиберген.
Саясий кризис маалында Садыр Жапаров абактан чыгып, кыска убакытта өзүн ар тараптан толугу менен актаганга жетишкен. Ал Сооронбай Жээнбековду отставкага кетүүгө аргасыз кылып, өлкөдөгү бардык бийликти кыска убакта өз колуна топтой алган. Аянтка чогулгандар менен аймактагылардын басымдуу бөлүгү Садыр Жапаровго ишеним артарын туш-тараптан айтып турганы мындай саясий кадамга чоң өбөлгө түзгөн. Эл Жапаровду колдоп жатканын бир топ саясатчылар да четке каккан эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапаров бийликти башкарып жаткан үч жыл ичинде өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болду? Октябрь окуялары учурунда айтылган убадалар ишке ашып жатабы? Би-Би-Си ушул жана башка суроолорду талдоочуларга узатып, үч жыл ичинде өлкөдө жана элдин жашоо турмушунда болгон орчундуу өзгөрүүлөрдү сурады.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Баш мыйзам алмашканы башкы өзгөрүү”
Жапаров бийликке келери менен дароо эле Конституциялык реформа демилгелеп, көп өтпөй Кыргызстан парламенттик-партиялык башкаруудан президенттик башкаруу формасына кайтты.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев артта калган үч жылды эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң маанилүү жылдардан болду дейт. Ал президенттик башкарууга кайтууну эң чоң саясий өзгөрүү катары атап, мунун арты менен экономиканы оңдоп-түзөөгө жакшы шарттар түзүлдү деген пикирде.
"Эң биринчиси Конституция өзгөрүп, бийликтин вертикалы бекемделди. Саясий өзгөрүү экономикалык өзгөрүүгө алып келбесе анда бул жөн гана оюн болуп калат. Конституциялык реформа аркылуу башкаруу формасын алмаштыруунун бир гана максаты бар – ал элдин турмушун оңдоо, экономиканы көтөрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү. Эгер саясий реформа болбогондо Кумтөрдү деле ала алмак эмеспиз, азыркыдай максатуу жана жыйынтыктуу иштер жасалмак эмес. Мына чек араларыбызды чечип алдык, ички дүң өндүрүм өсүп жатат. Эгер экономика саясий өзгөрүүлөрдүн арты менен өзгөрүп, жанданып жатса демек саясий реформалар туура болгон деген жыйынтыкка келебиз", – деди Акматалиев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чек ара
Садыр Жапаров бийликке келген үч жыл ичинде эки жолу кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болуп, ондогон адамдар өлдү. Учурда бийлик Тажикстан менен болгон чек араны тактоону аягына чыгарууга умтулуп жатат. Ал эми Өзбекстан менен болгон чек ара маселесине дээрлик чекит коюлду.
Өзбекстан менен чек араны чечүүдө Кемпир-Абад суу сактагычы башкы маселеге айлынып, талаш-тартыштан соң бир мунасага келгендей болду. Бирок дал ушул чечим үчүн бийликке кескин нааразылыгын айткандар болбой койгон жок. УКМК төрагасы Ташиевдин айтымында, Кыргызстанга дээрлик 20 миң гектар талаштуу жерлер өткөн. Кемпир-Абад боюнча каршылыгын билдирген жыйырмадан ашык саясатчы жана жарандык активисттер “тополоң чыгарууга даярданган” деген шек менен камалып, сот иштери дагы эле бүтө элек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тажикстан менен болгон эки жолку куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топтору түзүлүп, чек ара тилкелерин тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Соңку жолугушууда жылыштар бар экени байкалды. Анда жумушчу топтор 43,32 чакырым боюнча макулдашкан. Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 664 чакырымы такталганы расмий кабарланган. Айрым адистер чек ара тактоо маселесинде азыркы бийлик баштагыдан кыйла тажрыйбалуу болуп калды деген пикирде.
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөш Кыргызстандын бардык президенттеринин негизги убадаларынын бири болуп келген. Садыр Жапаров да бийликке келип жатканда ушундай убада берген. Бирок бир өзгөчөлүгү, "кустуруу" жолу менен барабыз деп ачык айткан.

Сүрөттүн булагы, official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Аткандай эле, үч жыл ичинде күн алыс улам бир жетекчи же мурдагы мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга шектелип темир торго түштү. Алардын көбү казынага миллиондорду, алды эки миллиард сомго чейин төгүп, сотко жетпей эле камактан бошогон учурлар болду.
Президент Жапаров беш ай мурун "Кабарга" курган маегинде коррупцияга каршы күрөштөн соңку 2,5 жылда бюджетке 10 млрд сом түшкөнүн билдирген.
Деген менен коомчулукта "кустуруу" саясатын колдогондор да жектегендер да, анын жыйынтыгына кызыккандар да көп.
"Коррупция менен күрөш жүрүп, "кустуризация" болуп жатат. Бирок кээ бир жерде кош стандарттуулук жүрүп жаткандай. Камалгандар акчасы менен бошоп кетмей маанай жаралды. Бул натыйжалуу эмес, коррупция менен мыйзамдын чегинде күрөшүп, жазага тартуу керек. Кустурузация мурда эле бар болчу, болгону анда уурдап тапкан үй-мүлкү сот чечими менен мамлекетке өтчү. Азыр эми кустуруп, андан ары үй камагына чыгып, андан ары эмне болгону белгисиз болуп калууда. Бирок энергетика, курулуш жана жол куруу ж.б тармактарда коррупция азайган жок", – деди саясат талдоочу Орозбек Молдалиев.
Transparency International уюму жыл сайын ар бир мамлекеттеги коррупция деңгээлин изилдеп, баяндамасын жарыялап турат. Кыргызстан 2022-жылы 27 упай алып, 185 өлкөнүн ичинен 140-орунга чыкты. 2020-жылы 31 упай, 2021-жылы 27 упай алган.
Transparency International уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн төрагасы Адылбек Шаршенбаев Кыргызстанда коррупция менен күрөш ачык жүрбөй жатканын айтууда.
"Коррупция менен күрөшүүдө кылмышкер жазадан кача албаса анда коррупция азаят. Бизде "кустуруу" болгондо кылмышты жасаган кишилер акчасын берип, жазадан кутулуп кетүүдө. Мындан улам көп нерсе көмүскөдө калып, суроо туудурган жагдайлар көп болууда. Коррупция өзү көмүскөдө жасалгандыктан, аны менен күрөш ачык жүрүшү керек. Канча зыян келтиргени, алар кантип эсептелгенин элге айтылууга тийиш. Ошондо ишеним пайда болот. Коррупционер зыянды төлөп берип, андан тышкары кылмыш-жаза кодексиндеги беренелердин негизинде жазага тартылышы керек", – деди Шаршенбаев.
Экономика
Мындан үч жыл мурун Садыр Жапаров өзү айткандай пандемияга байланыштуу экономика оор кырдаалга кептелген. Ошондуктан ал мындай көрүнүш жалгыз гана анын шыбагасына жазылганын айтып, "эңшерилген экономика, түбү түшкөн казынаны 20 милллиард (сом) дефицит менен кабыл алдым" деп бир нече жолу айтканы бар. Эңшерилген экономикада андан бери эмне өзгөрдү?
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, акыркы эки жылда ички дүң продуктунун көлөмү 317,6 млрд сомго өскөн. Былтыр ИДП көлөмү 919,4 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 7% болгон. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн ичинен алдыга чыккан.
Талдоочулар экономикада чын эле өсүш бар экенин ырасташат. Айрым экономистер өсүү темпти коронавирус пандемиясында төмөндөп кеткен экономиканын кайра калыбына келип жатканы менен байланыштырышат.
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров үч жыл ичинде орус-украин согушуна байланыштуу соодо жүргүртүүнүн көлөмү гана өскөнүн айтып, башка көзгө көрүнөөрлүк өзгөрүү жок дейт.
"Көп деле өзгөрүү жок. Орус-украин согушундагы санкциялардын себебинен соода жүгүртүүдө, импорт менен реэкспортто 4-5 эсеге чейин өсүү болду. Буга байланыштуу бажы менен салыктан түшкөн кирешелер көбөйдү. Бирок инфляция кескин көтөрүлүп, үч жыл мурун 30 сомдук бензин 60 сомго чыкты. Анализдей келсек бардык товарлар боюнча ушундай көрүнүш. Мугалимдердин айлыгы көтөрлүп, бирок аны инфляция жеп койду. Эми кайра айлыктарды көтөрүү керек. Үч жыл ичинде көп эле долбоорлор башталып, капсулалар салынды. Сары-Жазга ГЭЦ курабыз, Көкөмеренге инвестор чакырдык деген сөз түрүндө көп нерселер айтылды. Бирок иш жүзүндө оордунан жылган долбоорду көрө элекпиз. Ошол эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу экономикага cалым кошо турган чоң-чоң долбоорлор баштала элек. Негизи өкмөттүн иши экономикалык чоң-чоң долбоорлор менен бааланат", – деди экономист.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2023-жылдын май айына карата 5 млрд 667 млн долларды түздү. 2020-жылдын октябрь айында 4 млрр 843 млн доллар болчу.
Тышкы саясат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Үч жыл ичинде Кыргызстан тышкы саясаты оңой болгон жок. Орусиянын Украинага басып кириши дүйнөлүк тартипти өзгөртүп, глобалдык тирешти ого бетер курчутуп жиберди.
Орусия эл аралык масштабдуу санкцияларга кабылып, Борбордук Азия үчүн геосаясий оюндар кызып турган чак. Кыргызстан Орусиянын Украинага жүргүзгөн агрессиясын ачык колдоого албаса да, Москва менен саясий жана соода-экономикалык жактан өнөктөшү катары кала бермекчи. Башка чара жок. Бирок Кыргызстан мүмкүнчүлүктөрдү издеп, түрдүү багыттагы дүйнөлүк ири державалар жана уюмдар менен байланышып, кызматташтыкты улантууда.
Москванын таасирин азайтуу максатында Борбор Азия өлкөлөрүн өз тарабына тартууга аракет кылган тараптардын жолугушууларына Жапаровдун калбай катышып жатканы буга мисал.
Октябрь окуяларынан кийин келген жаңы бийликтин тышкы саясаттагы иш-аракетине эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул төмөндөгүдөй баасын берди:
"Үч жыл ичинде тышкы саясатта жетишкендиктер да болду, чечилбеген көйгөйлөр да жок эмес. Жетишкендик катары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилгендигин, Өзбекстандан экономикалык инвестициялар келип жаткандыгын айтсак болот. Кемпир-Абад маселесинде чек аранын чечилгени туура. Бирок кандай жол менен чечилди, өзүбүз төлөөчү нерсени бердик аны да айтуу керек. Экономикалык жактан да тышкы саясатта аракеттер жакшы эле. Жапаров инвестиция сала турган Араб өлкөлөрүнө, Кытайга барып жатат. Батыш мамлекеттеринде потенциал бар, бирок алар күчүн башка украин-орус согушуна жумшап жатат. Аларга тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашыруу сунуштары айтылды.
Орусияга келсек, албетте Кыргызстан үчүн күйүүчү май, азык-түлүк жагынан жардам бериши мүмкүн. Мунун баарын эске алганда тышкы саясаттагы аракеттери жакшы эле".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маяна жана кымбатчылык
Кыргызстанда 2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык тармакта эмгек акы масштабдуу көтөрүлдү. Мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият жана социалдык кызматкерлердин маянасы 50 пайыздан 100 пайызга чейин жогорулаган.
Ушул жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо айлык көлөмү 32 146 сомду түздү. Үч жыл мурун 18 940 сом болчу.
Баалар көтөрүлгөнү менен дүйнөнү каптаган кымбатчылык Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Азык-түлүк жана курулуш материалдарына болгон баа коронавирус пандемиясы учурунда эле көтөрүлгөн. Украинадагы согуштан улам баалар ого бетер асман чапчыды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Баалардын өсүшү калктын капчыгын кадимкидей бошотту. Айрым жарандар өзгөчө айлык акы менен жашагандар, тапкан кирешеси тамак-ашка араң жетип жатканын айтышууда.
Орозбек Молдалиев айрым убадалар аткарылганы менен социалдык маселелер боюнча аткарылбаган убадаларды эстеп өттү.
"Айлыктар жогорулап, пенсия көбөйүп жатат, анысы чын. Бирок баалар пенсия менен айылктан ашып жогорулап жатат, бул да чындык. Бул бийлик мигранттардын баарын алып келебиз деген, мигранттар келген жок. Жаңы жумуш орундарын түзөбүз деген, бирок жаңы жумуш орундарга чет өлкөлүктөр иштеп жатышат".
Сөз эркиндиги
Айрым активисттер "бийлик алмашкандан бери Бишкекте митингдерге ар тараптуу чектөөлөр кирди, бул жакшы эмес" деп сындап келет. Бийликке сын айткан саясатчы, активисттер камакка алынып, бийлик менен ЖМКлар соттошкон учурлар болду. Эл аралык уюмдар жана айрым эксперттер Кыргызстанда соңку жылдары авторитаризмдин белгилери күчөп, сөз эркиндиги жаатында абал кескин начарлаганын айтып келишет. Бийлик өз кезегинде буга каршы жүйөсүн айтып, демократияны, демократиялык баалуулуктарды мурдагыдан да күчтөндүрөбүз деп келет.

Сүрөттүн булагы, KLOOP.KG
Бийликтин жүйөсүндө, өлкөдө сөз эркиндигине чектөө болгон жок, демократиянын да бекем сактала турган талаптары, милдеттери бар деп келет.
Саясат таанучу Эмил Жураев эркиндиктин абалы деген маселе боюнча учкай талдоосун айтып берди.
"Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалда лидер катары чыга келгенден берки айткан чоң-чоң убадаларынын бир тобу ишке ашты. Башында алар кандай ыкмалар менен ишке ашары так айтылган эмес. Кийин анын белгилери байкала баштады. Ал – жарандык коомдун ишин чектөө, сөз эркиндигине басым, нааразылык билдирүү, чогулуу сыяктуу эркиндиктердин чектелиши болду. Мамлекеттик органдар менен мекемелердин эл алдындагы ачыктыгы азайып, бийликке сын маанайда суроо узаткандардын мүмкүнчүлүктөрү кескин кыскарды. Мамлекеттик машинанын күчтөнүүсүнүн арты менен азыркы болуп жаткан өзгөрүүлөр жасалды. Бирок ал өзгөрүүлөр суроолорду жаратып, убадалар суроолордун коштоосунда ишке ашууда", – деди Жураев.
Криминал менен күрөш
Кыргызстанда көп жылдан бери эле жогорку бийлик өкүлдөрү кылмыштуу дүйнө менен “табакташ” болуп кеткени айтылып келет. Ким бийликке келбесин криминал менен айыгышкан күрөш жүрөт деген убада бергени менен, иш жүзүндө такай эле андай эмес.
Соңку үч жылда азыркы бийликке дагы криминал тууралуу далай кептер айтылды. УКМК төрагасы Ташиев андай сындарга жооп катары кылмыштуу топторго катуу эскертүү берип, эң оор чараларга бара турганын бир нече жолу билдирген.

Сүрөттүн булагы, official
Бийлик алмашкандан кийин Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун "анабашы" делген Камчы Көлбаев кармалып, беш айдан кийин 49,6 миллион сом төлөп эркиндикке чыккан. ЖМКлар үч ай мурун киримтөбөлгө карата мурда козголгон кылмыш иштер кыскартылганын жазып чыккан.
Октябрь айынын башында Камчы Көлбаевдин жок кылынышы өлкөдөгү эң ири окуялардын бири болду.
Андан кийин кылмыш чөйрөсүнүн ондогон өкүлдөрү кармалып, көбү мындан ары мыйзамга баш ийип жашай тургандыгын айтып чыгышты.
УКМК Көлбаевге таандык делген мүлктөрдүн видеосун жарыялап, бир миллиард долларлык активдер камакка алынганын расмий кабарлады. Ошондой эле Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен кызматташып жүргөн делип бир нече ишкерлер камакка алынды. Айрым талдоочулар бул окуяларды Кыргызстандын тарыхында криминалга каршы эң чоң күрөш катары баалашууда.
































