Генри Киссинжер: Брежневден Путинге чейин

Сүрөттүн булагы, AFP
Соңку жарым кылымдан ашуун мезгилдеги дүйнөлүк зор окуяларга таасир эткен же чок ортосунда турган ишмер, дипломатияда өзгөчө орду бар Генри Киссинжер 100 жашында дүйнө салды. Ал жакында эле улам чыңалуу байкалып жаткан Америка-Кытай алакасын жакшыртуу үчүн Кытайга барган эле. Ардагер ишмердин бул аракетин абдан кызыгуу менен карагандар көп болду.
Генри Киссинжерди Талейран жана Меттерних менен бир катарга коюшат. Бирок, XIX кылымдын легендарлуу дипломаттары саясий сахнадан отуз жылдап түшпөй турса, Киссинжер болгону сегиз жылдын ичинде америка-кытай мамилелерин калыбына келтирүүнүн, Вьетнамдагы тынчтыктын жана Москва менен чыңалууну “басаңдатуунун” атасы боло алды. Бул ийгиликтердин ар бири үчүн өзүнчө тарыхта калса болот.
Киссинжер АКШнын аймагынан сыртта төрөлгөн, болбосо, анын жөндөмдүүлүгүн жана сиңирген эмгегин эске алганда, ал президенттик кызматка да ат салышышы мүмкүн эле дешет.
Дүйнөлүк түзүлүштүн болочок архитектору 1923-жылы 27-майда Бавариянын Фюрт шаарында мектеп мугалиминин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ага Хайнц деген ат коюшкан, бирок кийинчерээк ал ысымын "Генри" деп өзгөрткөн.
Жаңы мекен

Сүрөттүн булагы, AFP
Ал 15 жашка чыкканда үй-бүлөсү менен нацисттерден качып Нью-Йоркко кеткен. Жаш Киссинжер устара щеткасын чыгаруучу заводдо иштеп, Манхэттендеги мектепте окуган.
1943-жылы армияга чакырылып, немис тилин билгени үчүн 84-аткычтар дивизиясынын чалгын кызматына кошулган. 1945-1946-жылдары Германияда, Ганноверде жана Гессенде денацификацияга катышып, ССтин мурдагы мүчөлөрүн издөө менен алектенген.
Киссинжер 1950-жылы Гарвардды артыкчылык диплому менен бүтүргөн (анын “Тарыхтын мааниси” аттуу 388 беттен турган дипломдук иши университеттин төрт кылымдык тарыхындагы эң узун диссертация болгон) жана 20 жылга жакын профессор жана эксперт катары карьерасын ийгиликтүү уланткан.
1969-жылдын январында, Ричард Никсон инаугурациясынан кийин дароо атактуу аналитикке улуттук коопсуздук боюнча жардамчы кызматын сунуш кылган.
Президент Киссинжерге чексиз ишеним артып, ошону менен бирге Вашингтондун байкоочуларынын пикири боюнча, мамлекеттик катчы Уильям Рожерске адептүүлүктөн тыш тоготпогондукту көрсөткөн.
1973-жылы Киссинжер эки негизги тышкы саясат боюнча постту бир колго топтоп, Никсондон кийинки Жералд Форддун тушунда да бул өзгөчө позицияны сактап калган. Мындай АКШнын тарыхында бир гана жолу болгон.
Ал көз карашы жагынан идеологияга жана адам укуктарына салыштырмалуу азыраак көңүл буруп, классикалык Realpolitik’тин жолун жолдогон.
Глобалдык өзгөрүү
Батыш баалуулуктарын четке кагуу жагынан Советтер Союзунан алда канча алдыга кеткен маоисттик Кытай менен АКШнын ортосундагы жакындашуу 1970-жылдардын башында таптакыр мүмкүн эместей көрүнгөн. Бирок, Киссинжер геосаясий максаттар жеңип кетет деп эсептеген – жана ал жаңылган эмес.
Көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр үчүнчү өлкөлөрдүн дипломаттары жана саясатчылары, анын ичинде Румыниянын лидери Николае Чаушеску аркылуу жүргүзүлдү.
1971-жылы апрель айында Кытай биринчи жолу батыш спортчуларын – америкалык команданы стол тенниси боюнча мелдешке чакырган. Бул баары үчүн күтүүсүз окуя болгон. Ушунун арты менен “Пинг-понг дипломатиясы” деген сөз окуу китептерине кирди.
9-11-июль күндөрү Киссинжер өзү Бээжинге жашыруун иш сапары менен барган – бул учурдагы эл аралык практикада сейрек кездешүүчү көрүнүш.
Cүрөт

Сүрөттүн булагы, AFP
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кызыктуу дипломатиялык спектакль 1972-жылдын февраль айында Никсондун официалдуу визити, дипломатиялык мамилелерди орнотуу жана Вашингтондун Тайванды Кытай Эл Республикасынын курамында деп де-юре таануусу менен аяктады.
Арадан 44 жыл өтүп эки держава бири-бири үчүн негизги жана алмаштырылгыс экономикалык өнөктөштөргө айланды.
1973-жылы Генри Киссинжер 13-июнда кол коюлган Вьетнам боюнча Париж келишимин иштеп чыккандыгы үчүн Нобель Тынчтык сыйлыгын алган, анда ок атышууну токтотуу, америкалык аскерлерди чыгарып кетүү жана эркин демократиялык шайлоонун негизинде өлкөнүн эки бөлүгүн тынчтык жолу менен бириктирүү каралган. Бул оор сүйлөшүүлөр төрт жылга созулду.
Бирок, 1975-жылы апрелде Вьетнамдын түштүгүн түндүктүн куралдуу күчтөрү басып алып, коммунисттик диктатура орноп, ошону менен “тынчтык” аяктады. Сынчылар акыркы жыйынтыкты эске алганда Нобель комитети бир аз шашылып койду деп белгилешкен.
Генри Киссинжер АКШдагы акыркы расмий саясий кызматынан 1977-жылы кеткен, бирок андан кийин ал Кытайга бир нече жолу барып, расмий Вашингтондун атынан чыкпаса да ар бир жолу жогорку деңгээлде кабыл алынган.
Киссинжер ар дайым Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы мамилелер дүйнөлүк стабилдүүлүктүн жана эки өлкөнүн прогрессинин ачкычы деп эсептеген.
Бирок, бул эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер азыр эң начар абалда.
Киссинжер бул үчүн Дональд Трамп менен Жо Байдендин администрациясын бир нече жолу сынга алган. Анын айтымында, АКШ бийлигинин Бээжин менен диалог жүргүзүү аракети ар дайым Кытайды ар кандай мыйзамсыздык жана согуштук аракеттерди күчөттү деп айыптоо менен башталат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Генри Киссинжер Кытайга акыркы сапарын ушул жылдын июль айында 100 жылдык мааракесин белгилегенден эки ай өтүп жасаган.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин аны жылуу кабыл алып, Кытайдын досу деп атады.
"Чыңалууну басаңдатуунун" архитектору
Киссинжерди советтик кесиптеши Андрей Громыко "шайтан" деп атаган, бирок аны урматтап, анын сөзүнө ишенсе болорун айткан.
1972-жылы май айында "чыңалууну басаңдатуунун" эң маанилүү окуясы - Ричард Никсондун СССРге расмий сапары болгон. Бул Франклин Рузвельттин Ялта конференциясына катышуусун эсепке албаганда, Америка Кошмо Штаттарынын президентинин Орусияга тарыхтагы биринчи сапары болду.
"Никсон жана анын айымы" тууралуу Высоцкий ыр чыгарган. Жалпысынан бул визит советтик жарандардын терең эсинде калган, бирок, 1975-жылга чейинки бардык башка саммиттердегидей эле ал сапардын чыныгы уюштуруучусу жана америкалык тараптын негизги сүйлөшүүчүсү Киссинжер болгон.

Сүрөттүн булагы, GERALD R. FORD LIBRARY
Никсонду Ленинградга жана Киевге алып барышканда Киссинжер Громыко менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвада калган. Кийинчерек ал СССРге бир нече жолу келген, ал Ленинградды аябай көргүсү келип, бирок эч шарты болгон эмес. Акыры, ал бир жолу Громыкого бул шаар чындыгында эле барбы же жокпу, ишенбей калдым деп тамашалаган.
"Анда биздин революция кайдан башталды дейсиз?" – деп, советтик министр тамашаны колдоп кеткен.
— Петербургда, — деп жооп берген Киссинжер. Ал өзүнүн тарыхый эрудициясы менен сыймыктанчу, бирок ушул учурда 1917-жылы шаар Петроград деп аталып турганын унутуп калган.
Киссинжер советтик жетекчилер менен жеке мамилелерди түздү— албетте, достук мамилелер болбосо да, протоколдон тыш байланыштарды бекемдей алды.
Бир жолу каманга ийгиликтүү аңчылык кылгандан кийин (Киссинжер атпай койгон) Леонид Брежнев кызматчыларын жиберип салып, өзү арак куя баштайт да, Киссинжерге "бош отурбоону" буйрук кылып, колбасаны кесип турууну, ошондо ал даамдуу болоорун айтат.
Генри Киссинжер Орусияга болгон кызыгуусун түбөлүккө сактап калган.
Ал Владимир Путин менен бир нече жолу жолуккан. Акыркы ирет Москвага 2016-жылдын 3-февралында барган. Эл алдында сүйлөгөн сөзүндө дүйнөлүк саясаттын ардагери Орусиянын Крымды аннексиялап алганын сындап, бирок Украинаны НАТОго кабыл алууга шашылбоого чакырган.
Киссинжердин көптөгөн наамдары менен сыйлыктарынын арасында Орусия илимдер академиясынын академиги даражасы жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ардактуу доктору наамы да бар. (DO).
































