“Тайванга кол салуу камылгасы”. Кытай аскердик машыгуусун аяктады

аскердик машыгуулар

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдын аскердик машыгуулары төрт күнгө созулду, анда Тайванга жакын жерге ракеталык сокку жасалды
Published

The Guardian басылмасы  кытайлык медиаларга таянып Кытайдын Элдик боштондук армиясы Тайвань аралынын айланасында аскердик машыгууларды жыйынтыктаганын билдирди.

Бир күн мурда Тайвандын бийлиги Пекин Тайван кысыгындагы көрсөткүчтүү  аскердик машыгуулары менен “аралга кол салууну репетициялап жатат” деп айыптады. АКШ Пекинди “чагымчыл жана акылга салбаган аракеттери үчүн” айыптап, Тайванды колдоду. Аймактагы чыңалуу АКШ Конгрессинин спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган сапарынан кийин башталган.

Андан соң кытайлык маалымат каражаттары бийликтин булагына таянып, өлкөнүн армиясы Тайвань менен материктин ортосундагы расмий эмес деңиз чек арасы делген сызыкта аскердик машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрө турганын кабарлашты. Расмий түрдө бул сызыктын макамы эч жерде бекитилген эмес, Пекин бул сызык аны эч нерсеге милдеттендирбейт деп эсептейт.

Мындан сырткары, Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Кытайдын мамлекеттик телеканалы медиан сызыгын өткөн кылымда АКШ аскерлеринин согуштук муктаждыктарын эске алуу менен ойлоп табылган “элестүү сызык” деп атады.

Кытайдын аскердик машыгуулары төрт күнгө созулду. Жекшемби күнү эртең менен тайван бийлиги Тайван кысыгындагы медиан сызыгын кайтарууга учактарын жана кемелерин жөнөтүү менен жооп берүүнү чечти.

Кытай Тайванды өз аймагынан бөлүнүп калган аймак деп эсептейт, ал эми америкалык жогорку расмийлердин сапарларын аралдагы эгемендүүлүктү колдоонун көрүнүшү деп санайт.

Вашингтон Тайвань менен расмий дипломатиялык мамилеси жок, бирок америкалык мыйзамдарда аралга коргонуу каражаттарын берүүнү талап кылат.

Америкалык президент Жо Байдендин администрациясы Пелосинин Тайванга сапарын расмий колдобойт. Бирок өткөн апта Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби "Пелоси Тайванга барганга укугу бар" деп билдирди. Ак үй болсо АКШ Конгрессинин өз алдынчалыгын урматтайт.

"Аралды басып алуу симуляциясы"

Тайвандын коргоо министрлиги билдиргендей, дем алыш күндөрү Кытайдын кемелери жана учактары Тайван кысыгында маневр жасап, айрымдары медиан сызыгын кесип өтүштү.

Мекеменин маалыматына караганда, буга чейин болуп көрбөгөндөй аскердик машыгуу учурунда Кытай Тайвандын жээгине жакын аймакка ондон ашык баллистикалык ракета учурган.

Тайвандын бийлиги муну “аралды басып алуунун симуляциясы” деп атап, алар "тиешелүү реакция" кылышканын айтышты: жекшемби күнү эртең менен тайвандык учактар менен согуштук кемелер жолго чыкты.

карта
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Тайвандын премьер-министри Су Чжэньчан Кытай бийлиги аймактык стабилдүүлүктү бузуу үчүн аскердик машыгууларды текебердик менен пайдаланууда деп айыптап, аларды сабырдуулукка үндөдү.

АКШ Тайванды колдоп, Кытайдын аскердик машыгууларын сындады.

"Бул аракеттер Кытайдын статус-квону өзгөртүү аракетинин олуттуу эскалациясы болуп саналат. Алар чагымчыл, акылга сыйбаган жана сес көрсөтүү коркунучун күчөтөт. Алар ошондой эле дүйнөлүк коомчулук ишенип жаткан Тайвань кысыгындагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча биздин узак мөөнөттүү максаттарыбызга карама-каршы келет", - деди Ак үйдүн расмий өкүлү.

Кытай бийлигинин айтымында, Тайван кысыгындагы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунучту Нэнси Пелосинин сапары жаратты.

Пекин Тайванды өзүнүн аймагынын бир бөлүгү жана бир убакта Кытайдын бир бөлүгү болуп калышы керек деп эсептейт - кытай бийлиги аралды күч менен албайм деп эч качан расмий түрдө убада берген эмес. Бирок өзүнүн өкмөтү бар Тайвань Кытайдын суверендүүлүккө болгон дооматын четке кагып, аралдын келечегин анын эли гана чече аларын айтууда. Ал эч качан Кытайдын Коммунисттик партиясынын бийлиги астында жашаган эмес.

Бирок дүйнөлүк лидерлердин Тайвандын эгемендүүлүгүн колдоонун кандайдыр бир кыйытмасы Кытайдын кыжырын келтирет. Жума күнү Кытай бийлиги АКШ менен бир катар тармактарда, анын ичинде жогорку деңгээлдеги аскерий диалог жана климат жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча кызматташууну токтотуп, Нэнси Пелоси менен анын үй-бүлөсүнө санкцияларды киргизип жатышканын билдирди.

Цай Инвэнь, Нэнси Пелоси

Сүрөттүн булагы, ЦАЙ ИНВЭНДИН ТВИТТЕРИ: @IINGWEN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайвань президенти Цай Инвэнь Нэнси Пелосиге колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытайдын Пекин менен Вашингтондун ортосундагы байланыштын негизги каналдарына бөгөт коюусун “ойлобостон кылган аракеттер” деп атады.

Нэнси Пелоси соңку 25 жылда Тайванга барган эң жогорку даражалуу америкалык саясатчы. Пекиндин эскертүүлөрүнө жана президент Байдендин макул болбогонуна карабастан, ал шейшемби күнү кечинде Тайбэйге учуп келип, шаршемби күнү эртең менен жергиликтүү парламентке барды. Ал өз сөзүндө Тайвандын коомун “дүйнөдөгү эң эркин коомдордун бири” деп атап, коопсуздук жана экономикалык маселелерди талкуулоо үчүн Тайвань менен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүүгө чакырды.

Пелоси көптөн бери Кытай жетекчилигин катуу сындап келген, айрыкча адам укуктары боюнча. 1991-жылы Калифорниядан Конгресстин мүчөсү катары ал Пекинге барып, коштоочулардан качып, Тяньаньмэнь аянтына "Кытайда демократия үчүн курман болгондордун элесине" деген баннер менен чыккан. (EB)

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: