Жер титирөө: Орунтаев шаардагы кабат үйлөр сапаттуу деп мактады

Published

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаев

Сүрөттүн булагы, Official

Очогу Кытайда катталып, күчү Кыргызстан, Казакстанга чейин жеткен жер титирөө турак-жай коопсуздугу маселесин күн тартибине чыгарды. Эпицентринде күчү жети баллдан ашкан жер титирөөдөн кийин аймактарда жана борбор калаада имараттардын зыянга учурап, учурабаганы текшерилүүдө.

23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн кийин Бишкектеги кабат үйлөрдүн тургундары жапырт сыртка чыгып, алды эки-үч саат бою үйлөрүнө киришкен жок. Айрымдар өз үйлөрүнүн сапатынан шек санап, жер тамда жашаган туугандарыныкында түнөштү.

Жер титирөөдөн кийин Архитектура курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттиги элге кайрылып, жер титиреген учурда зыянга учураган имараттар болсо кабарлоону өтүнгөн.

"Жалпысынан 78 объект боюнча кайрылуу түштү. Анын ичинен 53 объектте жаракалар кеткендиги боюнча маалыматтар текшерилген. Жыйынтыгында бир дагы объекттен олуттуу коркунуч аныкталган жок. Жаракалар шыбактардан же эшик-терезени бекиткен жерлеринде пайда болгон. Мунун жарандардын коопсуздугуна эч кандай коркунучу жок",– деди Мамкурулуштун маалымат катчысы Урмат Майрамбек уулу.

Бишкектеги жаңы курулган кабат үйлөр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кабат үйлөрдүн сапаты кандай?

Кыргызстанда соңку жылдары курулуш бизнеси гүлдөп өнүгүп, шаардын туш тарабында асман тиреген имараттар пайда болду. Экономикада соңку жылдары эң чоң көрсөткүчкө жетти деген багыттын бири дагы дал ушул курулуш тармагы. Айрым имараттардын курулушу бир-эки жылда эле аяктап, пайдаланууга берилүүдө. Бирок эл арасында курулуштардын сапатына, андагы талаптардын сакталышына карата ого эле көп суроо бар.

Жарандардын кооптонуусуна жооп берүү үчүн 24-январь күнү Мамкурулуш агенттиги Бишкекте жаңы салынып жаткан эки объектке журналисттерди чакырды. Мекеменин адистери атайын жабдуунун жардамы менен бетондун бекемдигин текшерип, ошол эле жерден "талапка жооп берет" деп так кесе эле айтышты. Белгилей кетүү керек, текшерилип жаткан бул объект мамлекет тарабынан мурдагы №47 абактын ордуна салынып жаткан үйлөр эле.

 №47 абактын ордуна салынып жаткан үйлөр
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, №47 абактын ордуна салынып жаткан үйлөр

Ал эми шаардагы жайнаган имараттарда дагы ушундай жыйынтык чыгабы, көпчүлүктү түйшөлткөн негизги маселе ушул.

Деген менен Мамкурулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев агенттик тарабынан экспертизадан өткөн объектилердин бардыгы 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере аларын ынандырды:

"Тастыктоодон өтүп, биздин реестрде турган көп кабаттуу үйлөрдүн бардыгы 8-9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алат, мыйзамсыз курулган объекттер боюнча жооп бере албайбыз. Алардын тиешелүү документтери жок, эч кандай сыноолордон өткөрүлгөн эмес".

Орунтаевдин айтымында, Бишкекте кыркка жакын, Ош шаарында отуздай мыйзамсыз курулган объект бар. Аларда тиешелүү документ болбогону үчүн биринде дагы текшерүү жүргүзүлгөн эмес.

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Былтыркы текшерүүнүн жыйынтыгы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Былтыры Түркия менен Сириядагы 60 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган зилзаладан кийин Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын көзөмөлдөө маселеси байма-бай айтылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр февралда парламент депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып курулуштардын сапаты катуу текшерилип, күмөндүүлөрү бузулат деп так кесе айткан:

"Баарын текшерип чыгабыз. Эгер кайсы бир жерди бекемдөө керек болсо, 10-15 жыл мурда курган болсо да, куруучуларды таап чыгып, бекемдеттиребиз. Жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн баарын катуу көзөмөлгө алабыз. Элдин коопсуздугуна коркунуч жараткан үйлөрдүн баарын бузабыз. Эч нерсесине карабайбыз".

Май айында өлкө боюнча көп кабаттуу имараттардын жер титирөөгө туруштук бере аларын текшерүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анын курамына депутаттар дагы кирген.

Анын жыйынтыгы чыгып, Кыргызстанда курулуп жаткан үйлөр бардык талаптарга жооп берет деген чечим чыккан. Бир дагы күмөндүү имарат аныкталган эмес.

"Текшерүүлөр аяктап, жыйынтыгында бизде курулуп жаткан имараттар сейсмологиялык талаптарга жооп берет деген чечимге келишкен. Буга комиссияга мүчө болгон адамдардын баары кол коюп беришкен", – деди Мамкурулуштун жетекчиси Орунтаев.

Курулуштун сапаты - башкы маселе

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Курулуштун сапаты - башкы маселе

Башкы сейсмологдун айтканы башка...

Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун жетекчиси Канат Абдрахматов былтыр айрым имараттар 8-9 баллдык жер титирөөлөргө туруштук бере албайт деген. Ал быйыл деле ошол пикирин кайталады:

"Жаңы курулуп жаткан үйлөр 9 баллга туруштук бере алат деп айта албайбыз. Анткени фирмалар ар кандай болгон үчүн алардын куруу ыкмалары да ар башка. Сейсмология институту имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшергенге укугу жок. Бул илимий мекеме. Текшерүү жүргүзүү үчүн былтыр атайын комиссия түзүлгөн. Тилекке каршы комиссияга өзүм да мүчө болгонума карабай алар кандай иштеп жатканын билбейм, акыркы жолу качан чогулганын да унутуп калдым".

Советтик куруучулардын сыны

Бишкекте соңку жылдары курулуш бизнеси дүркүрөп өнүктү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкекте соңку жылдары курулуш бизнеси дүркүрөп өнүктү

Кыргызстанда жаңы салынып жаткан үйлөрдүн сапатына байланыштуу талаш-тартыштар көп айтылат. Айрыкча советтик куруучулар азыр сапаттык талаптар аткарылбай калды деп кабатырланып, миңдеген адамдын коопсуздугу тобокелде деп эскертип келишет.

Алардын бири Мамлекеттик архитектура тармагын көп жыл жетектеген Ишенбай Кадырбеков. Ал эгемендик алгандан бери курулуш тармагы көзөмөлдөн чыгып, ар ким каалагандай турак-жай курууга өткөнүн айтат.

"Советтер союзу учурунда Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишине өзгөчө ыкма менен тогуз кабаттуу үй курулган. Биз атайын жабдыктардын жардамы менен жерди сегиз баллга чейин титиретип, имараттын туруктуулугун текшергенбиз. Бул сыноонун жыйынтыгына карап Асанбай кичи районуна үйлөр курулган. Дагы бир мисал, Жаш Гвардия бульварына курулуп жаткан тогуз кабаттуу үйдүн курулушу бешинчи кабатка жеткенде тиешелүү талаптар сакталбаганы үчүн экинчи кабатка чейин кайра бузулуп, арматуралар текшерилген. Бул деген ал убакта курулуш тармагына көзөмөл катуу болгонунун далили”, – деди СССРдин эмгек сиңирген архитектору.

Кадырбеков эң ириде долбоор дыкат текшерүүдөн өтүшү керектигин, ал эми имарат курулуп жатканда тыкыр көзөмөл болуп турбаса, сапаттык талаптар сакталбай каларын кайталады. Ал азыр бардык курулуштарга каралчу бирдиктүү талап, сапаттык стандарт жоголуп, тез салуу, тез сатуу деген кызыкчылык биринчи орунга чыкканын айтат.

Ошол эле маалда айрым куруучулар азыркы курулуш материалдары жана техникалык жабдуулар аркылуу тез жана сапаттуу имараттарды курууга болоорун айтып, сапатына кабатыр болуштун кереги жок деп жубатууда.

Алардын жүйөөсү боюнча, мурда эң бекем деп көпүрө сыяктуу өзгөчө маанидеги курулуштарга гана куюлган бетон азыр турак-жайлар үчүн пайдаланып жатат, сапат үчүн иштеп жаткандар четтен чыгат. Экинчи жагынан технологиялык жетишкендиктер менен салмагы жеңил материалдар да курулуштун негизги тутумуна жеңилдик берип, имараттарды узак пайдаланууга шарт түзөт деп жатышат.

Сапатынан сырткары шаарга жарашыгы, айдарым желди тоспойбу, бийик үйлөрдүн ортосундагы аралык сакталып жатабы, жашыл тилкеге, балдардын оюн аянтына орун калдыбы же куркулдайдын уясындай эле курулуп жатабы деген суроо өзүнчө бир баш ооруу.