“Күлүн асманга сапырып жиберебиз”: оппозициянын сыны, бийликтин эскертүүсү
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстандын күч органдарынын жетекчилери өлкөдө элдик толкундоолорго негиз жок экенин айтып, кезектеги революцияга жол берилбешин эскертип жатышат.
ИИМ министри Улан Ниязбеков менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин мындай кош билдирүүлөрү өлкөдө Бириккен оппозициялык кыймыл кезектеги жыйынга чогулуп, өкмөттүн отставкасын талап кылган маалга туш келди.

Сүрөттүн булагы, Official
Бириккен оппозициялык кыймылдын өкүлү Перизат Суранова Би-Би-Сиге кыймылдын соңку резолюциясы тууралуу буларды айтып берди.
“Таласта болуп эл менен жолугуп, резолюция кабыл алдык. Анда өлкөдө жакырчылык күчөп, жумушсуздук өсүп, чек ара, соода-сатык маселелери чечилбей, тышкы жана ички карыз өсүп жатканы айтылат”.
Оппозиция өкмөттүн Кумтөрдү башкарууга алганы менен иштете албай жатат деп сындап, бийликтин Жетим-Тоо темир кени боюнча ниетин чоң көйгөй катары сыпаттап жатат.
Ошондой эле оппозициялык күчтөр Жогорку Кеңешке жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Алар соңку парламенттик шайлоо таза өткөн жок деп эсептейт. Резолюция кабыл алдык деген оппозициялык саясатчылар муну менен эле чектелбей өкмөт (министрлер кабинети) экономикалык көйгөйлөрдү чече албайт жатат деп отставка тууралуу кепти да козгоду.

Сүрөттүн булагы, Social media
Бириккен оппозициялык кыймылдын жыйынын улай эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Саясат” басылмасына маек куруп, оппозициянын дооматтарына жооп бергендей болду.
Ташиев өткөн шайлоолор “таза өткөнүн” жана “коррупционерлерден өндүрүлгөн акчанын эсебинен пенсия, жөлөкпулдар жана эмгек акылары көтөрүлүп жатканын” белгиледи.
“Анан эмнеге революция болушу керек? Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коёюн: кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз”, - деди ал.
УКМК башчысынын интервьюда оппозицияга карата айтканы коомдук сайттарда азил-чыны аралаш талкууларга жем таштады.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Министрлер кабинетинин кээ бир мүчөлөрү, өздөрү айтмакчы “хайп” сөздөргө жакыныраак келишет. Коомдо нааразылык болуп, анын тегерегинде мобилизация болуп калса, так ушул сыяктуу сөздөр ага тескерисинче дем берип калышы мүмкүн. Бийликтин ого бетер чыңалууну күчөткөн ушундай сөздөрдү айтууга жулунганы жана шашылганы мени таң калдырат. Эгерде бийлик башчылары үлгү болгондун ордуна, тоскоол болгон ролду жыйыштырбаса анда Кыргызстанда тил жана риторика менен ынтымактуу, бири-бирине сабырдуу, ар кандай пикирлерди уга билген, көз караштардын көптүгүн баалай билген коомдун түзүлүшү кыйын".- дейт саясат талдоочу Эмил Жороев.
Дүйшөмбүдө ИИМ министри Улан Ниязбеков жарым жылдык ишмердигинин жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын куруп, күч менен бийлик алмашууга мындан ары Кыргызстанда жол берилбешин айткан.

Сүрөттүн булагы, Official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эки тараптын мындай кайчы билдирүүлөрү суроо жаратып жатат дегендер да бар.
“Революцияга жол бербейбиз, ага себеп жок деп жатканы коомдогу активдүү жарандар үчүн эмнени негизинде айтылып жатканы түшүнүксүз болуп жатат. Анткени аларда так маалымат болсо, ачыктап айтышса коомго да түшүнүктүү болот эле. Ал эми оппозициялык өкүлдөрдүн чогулуп, бийликке сын айтканын бийликти басып алууну каалап жатат дегенин иликтениши керек, канчалык негиз бар мындай айыптоолорго?”,- дейт жарандык активист Атай Бейшенбек уулу.
Июлда Кыргызстандын Министрлер кабинети жыл башынан бери Кыргызстанда ИДП дээрлик 6% өскөнүн белгилеп жатат.
Өкмөт башкы Акылбек Жапаров жакынкы эки-үч жылда ИДПнын көлөмүн 1 триллионго сомго жеткирүүнү убадалоодо. Ал пандемия маалында өлкө экономикасы 8.3% чейин төмөндөп, бирок быйыл жыл башынан бери кайра 5,3% өскөнүн айтып жатат.
Соңку кезде өкмөттүн, казинолорго уруксат берүү саясаты, ишкерлерге көзөмөл- кассалык аппарат киргизүү демилгеси жана Жетим-Тоо темир кенин иштетүү аракети коомдогу айрым жарандардын нааразылыгына кабылып жатканы байкалат.
































