Ким Чен Ындын “жашыруун” кызы жайнап чыга келди. Эң жабык өлкөдө мураскер даярдыгы башталдыбы?

Аскердик парадда бул кичинекей кыз күтүүсүз пайда болду

Сүрөттүн булагы, KCNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аскердик парадда бул кичинекей кыз күтүүсүз пайда болду
Published

Түндүк Кореянын армиясынын түзүлгөнүнө 75 жыл толду. Буга карата Пхеньянда ири аскердик парад өттү. Ким Ир Сен борбордук аянтына айбаты күчтүү делген баллистикалык ракеталардын ири колоннасы алып келинди. Лидер Ким Чен Ын курал-жарагы менен “мактанып” эле тим болбой, өзүнүн кичинекей кызын да дүйнө коомчулугуна көрсөттү. Адатта бул үй-бүлө мындай маалыматтарды абдан купуя сактап, ал тургай жашырат жана элге жарыялаган күндө да башка эле ат менен чыгарат деп айтылып келет. Эң эле жашыруун бүлөдө эмне болуп жатат?

Парад учурунда Түндүк Кореянын лидери трибунадан орун алган учурда капсынан анын жанында жарашыктуу кара кийимчен кыз пайда болду. Маалыматтарга караганда, бул мамлекет башчынын ортончу кызы Ким Жу Э болушу мүкүн. Анын жашы онго чамалап калганы айтылат.

Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) лидери эл алдына кызы менен биринчи жолу чыгып жаткан жок. Акыркы үч айда маанилүү иш-чараларда беш жолу атасын коштоп жүргөнү интернетке тараган.

Бул кыска убакыттын ичинде кыздын образы баштагыга салыштырмалуу кескин өзгөрдү. Бул көрүнүш Түндүк Кореянын кийинки лидерлигине тестиер кыз азыртан даярдалып жаткандай сезилет дешет.

Кимдин кызынын образы бул жолкусунда кенедей кыздай эле көрсөтүлгөн дешет

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кимдин кызынын образы бул жолкусунда кенедей кыздай эле көрсөтүлгөн дешет

Ким биринчи жолу өткөн жылдын ноябрында континенттер аралык баллистикалык ракетасын учуруу иш-чарасына кызы менен бирге катышкан.

Ошондо да “бул кыз бир күнү дүйнөдөгү эң жабык өлкөнүн лидери болуп калсачы?” деген божомолдор башталган.

Бирок ал учурда мындай божомолдорго ынандырууга аргументтер аз эле.

Ак түстөгү күрмө, кызыл бут кийим кийип, чачын артка байлаган бул кыз абдан жаш көрүнөт. Колунан жетелеп бараткан Ким Чен Ын жөн гана өзүн үлгүлүү ата катары көрсөтүп, ошол эле учурда анын үй-бүлөсү куралы менен бирге эч жакка кетпей турганын бүткүл дүйнөгө ачык айткысы келгендир.

Бирок барган сайын жаш Ким Чжу Э ишенимдүү көрүнүүдө.

Ким Чжу Энин соңку сүрөтүндө аны олуттуу көрсөтүп, маанилүү иш чараларда чагылдырууда

Сүрөттүн булагы, KCNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чжу Энин соңку сүрөтүндө аны олуттуу көрсөтүп, маанилүү иш чараларда чагылдырууда

Параддын алдында ал атасы менен армиянын кол башчылыгынын урматына уюштурулган сый тамакка катышты. Бул жолу кыз расмий кара костюм жана ак көйнөк кийип, чачын тыкан тараган.

Түндүк Кореянын саясатына көз салган байкоочулар үчүн бул сүрөттөр күчтүү таасир калтырды. Ар бир сүрөттө ал ата-энесинин ортосунда, артында жогорку даражалуу аскер кызматкерлери турат.

Дагы бир кызыктуу жагдай – кызга мүнөздөмө берүүдө расмий булактар колдонгон сөздөр.

Адегенде ноябрда мамлекеттик маалымат каражаттары аны Ким Чен Ындын “сүйүктүү кызы” катары көрсөтүшкөн. Өткөн аптада ал "сыйлуу" кыз наамын алды, бул эң ардактуу эпитеттердин бири.

Маселен, Ким Чен Ын өзү лидер болуп бекитилгенден кийин гана “урматтуу жолдош” аталган.

“Ыйык үй-бүлө”

Бул сүрөттөр талкууну күчөттү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөттөр талкууну күчөттү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Түндүк Корея 1948-жылы негизделгенден бери өлкөнү Ким династиясы башкарып келет. Мамлекеттик пропагандага ылайык, бул үй-бүлө ыйык деп эсептелет жана КЭДРди алар гана башкара алат.

Ким Чен Ын өзүнөн кийин бийлик анын үй-бүлөсүнүн төртүнчү муунуна өтүшүнө ынанары талашсыз.

Ким Чжу Э чындап эле мураскор болууга даярдалып жатса да, эмне үчүн дүйнөгө мынчалык эрте таңуулап жатат? Ким Чен Ын өзү болгону 39 жашта, кызы али жаш.

Ким Чен Ындын атасы Ким Чен Ир сегиз жашында аны мураскер деп жарыялаганы айтылып келет. Ал дагы жабык эшик артында кабыл алынган.

Эл алдында КЭДРдин азыркы лидеринин талапкерлиги атасы каза болгондон кийин гана жарыяланган. Натыйжада, Ким Чен Ындын бийлигинин алгачкы жылдары ага каршы чыккандарга карата катаал репрессиялар менен коштолгон. Анткени тактысын бекемдөө керек болгон.

Ошондуктан Ким Че Ын кызын эл алдына жана дүйнө коочулугуна тааныштыруу менен, убагы келгенде анын башкаруусунун алгачкы мөөнөтүн жеңилдетүүнү көздөп жаткандыр.

Балким, Түндүк Кореянын учурдагы лидеринин ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар жана анын өмүрү биз ойлогондон да кыскараак болушу мүмкүн.

Деген менен бул божомолдордун бирин да тастыктоо мүмкүн эмес.

Ким Чен Ын, кызы жана куралы...

Сүрөттүн булагы, KOREAN CENTRAL NEWS AGENCY/KOREA NEWS SERVICE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ким Чен Ын, кызы жана куралы...

Дагы бир версия: Ким Чен Ын Түндүк Кореянын терең патриархалдык коомуна бийликти аял да башкарат деген ойго көнүүгө азырткан коомду даярдап жатат. Ошол эле учурда өкмөттөгү бир нече жогорку кызматтарды дагы эле аялдар ээлеп турушат, алардын бири эжеси Ким Йо Чжон (КЭДРдин Эмгек партиясынын пропаганда жана үгүт бөлүмүнүн орун басары).

Бирок Түндүк Кореяда болуп жаткан окуяларды жазган америкалык NK News сайтынын талдоочусу Джеймс Фретвелл мураскердин жынысы бул өлкөдө көйгөй болбошу керек деп эсептейт.

"Түндүк Кореянын коомунда чынында эркектер үстөмдүк кылганы менен, Ким династиясы биринчи орунда турат. Бул үй-бүлөнүн мүчөсү болунун өзү эле өлкө лидерлигине татыктуу талапкер болууга жол ачат. Бийлик башына бул үй-бүлөгө тиешеси жок башка адамдын келиши таң калыштуу болмок”,- деди ал Би-Би-Сиге.

Бирок аскерлердин жана элитанын алдында өзүн лидер катары көрсөтүү үчүн аял көп күч жумшоого туура келет. (SA)