Ата-энемди же баламды куткарышым керек болду... Мароккордогу кыйроо

Тайеб айт Игенбаз уулу Адам менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тайеб айт Игенбаз уулу Адам менен
Published

Тайеб айт Игенбазга абдан оор тандоо жасоого туура келди, ал урандылардын астынан же ата-энесин же уулун куткарып калышы керек болчу.

Тайеб Атлас тоолорундагы чакан айылда эчки кайтарат. Ал жасаган тандоо ага тынчтык бербей жатканын айтат.

Жума күнү кечинде зилзала болгон учурда ал үйүндө жубайы, эки баласы жана ата-энеси менен болгон. Бул Мароккодогу акыркы алтымыш жыл ичиндеги эң катуу жер титирөө болуп калды.

Ал мени өз үйүнүн урандыларына алып баратат.

Имараттын дубалдары жарым-жартылай сакталып калган. Ал урандыларды көрсөтүп: "Алар бул жерде отурушкан" дейт.

“Баары көз ачып жумганча болуп кетти. Жер титирөө башталганда эшикке карай чуркап жөнөдүк. Атам уктап жаткан, апама биз менен жүр деп кыйкырдым, бирок ал атамды күтүп кала берди”, - деп эскерет Тайеб.

Ал алдында аялы менен кызы чыгып баратканын гана көргөн.

Кыйраган үйүнө кайрылып, Тайеб уулу да, ата-энеси да урандылардын астында калганын түшүнгөн. Ал урандылардын астында араң кыймылдап жаткан уулу Адамдын колун көргөн.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Тайеб убактысы аз экенин билип, уулун тезирек алып чыгуу үчүн ага чуркап жетип, дубалдын урандылардын тытмалай баштаган.

Бирок чоң таш плитанын астында калган ата-энесин чыгара баштаганда, кеч болуп калганын түшүнгөн.

Ал көзүнө жаш алып: “Мага ата-энем менен уулумдун ортосунда тандоого туура келди. Мен аларга жардам бере алган жокмун, анткени дубал алардын денелеринин жарымын басып калган экен. Кайгыга чөгүп турам. Алар менин көз алдымда жан беришти”.

Тайеб ачык түстөгү жынсы шымындагы тактарды көрсөтүп, бул анын ата-энесинин каны экенин айтат.

Анын бардык кийимдери ураган үйдө калып, ал тургай алмаштырып кийүүгө да эч бир нерсеси калган эмес.

Азыр анын үй-бүлөсү мурунку үйүнөн алыс эмес жерде убактылуу чатырларда, туугандарыныкында жашап жатат. Тайеб акчасынын баары үйдө калганын, эчкилеринин көбү да жер титирөөдө өлгөнүн айтат.

“Мен жаңы төрөлгөндөй болдум, - дейт ал, - ата-энем, үйүм, тамак-ашым, кийим-кечем жок болду. Азыр 50 жаштамын, бирок эми баарын кайра башташым керек болот."

Ал жашоосун кантип улантарып азырынча билбей турат, бирок атасы менен апасынын айткан насааттарын унутпайт: “Алар дайыма: сабырдуу бол, талыкпай эмгектен жана эч качан артка кайтпа деп айтышчу”

Биз сүйлөшүп жатканыбызда артына Роналдунун аты жазылган Ювентус футболкасын кийип, уулу Адам чуркап келип, атасын кучактап алды.

“Атам мени өлүмдөн сактап калды” дейт ал жылмайып карап.

Тайебтин үйү турган жерден бир нече чакырым алыстыкта, Амизмиз шаарына кеткен жолдо дагы бир ата менен уулду жолуктурдук. Экөө кучакташып турушкан.

Абдулмажид Айт Жафер жер титирөө болгондо аялы жана үч баласы менен үйдө олтурганын жана "пол түшүп калганын" айтты.

Анын уулу, 12 жаштагы Мохамед сыртка чыгууга үлгүргөн, бирок башка үй-бүлө мүчөлөрү ошол жерде калган.

Абдулмажиддин айтымында, анын буттары урандылардын астында калып, аны кошунасы алып чыккан. Анан эки саат бою аялын жана бир кызын сактап калууга аракет кылган. Бирок аларды урандылардын арасынан акыры алып чыкканда экөө тең каза болуп калган.

Эртеси үйдүн урандыларынан экинчи кызынын сөөгүн алып чыгышкан.

Азыр 47 жаштагы Абдулмажид мурунку үйүнүн тушунда брезенттин астында түнөп жатат.

Абдулмажиддин үйүнүн урандылары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абдулмажиддин үйүнүн урандылары

Мурда ашкана болгон жер: муздаткыч, жер титирөө болгонго чейин жуулган кийимдер илинип турат.

Абдулмажид калган мүлкүн жана мурунку жашоосунун элесин коргойм деп кете албай турганын айтат.

“Бул менин муздаткычым, менин ашканам. Биз баарыбыз анда жашаганбыз. Азыр болсо аны тиктеп отуруудан башка арга жок”, — дейт ал.

Абдулмажиддин айтымында, ошол каргашалуу күнгө чейин “жер титирөө эмне экенин билген эмес”. "Азыр деле ишене албай турам" деп кошумчалайт ал.

Биз сүйлөшүп турган кезде жаныбызга унаалар токтоп, адамдар терезеден башын чыгарып көңүл айтып жатышты. Өтүп бараткандар кайгыга баткан ата менен уулду кучактап коюга токтоп жатышты.

“Үй-бүлөмдө беш адам бар болчу. Азыр экөөбүз эле калдык, - дейт ал капаланып. — "Азыр мен бир гана уулум жөнүндө ойлонуп жатам." (DO)